Дасторконуң жайнатып,
Жаратканга жалынтып,
Койгонуна миң шүгүр,
Орозону карматып.
Суунун даамын билгизип,
Күнөөсү жок жүргүзүп.
Садака кылсак бирөөгө,
Сообун койгон тийгизип.
Бир ай бою орозо,
Бийлигин келет жүргүзүп.
Пенделердин ыйманын,
Берет экен тиргизип.
Бир күн кечке ач коюп,
Напсибизди тыйгызып.
Дин жолуна түшүрүп,
Намазыңды тургузуп.
Кабыл кыл кудай дубам деп,
Алаканды сунгузуп.
Бир кудайдын барлыгын,
Бүт ааламга билгизип.
Жан дүйнөгө ыйманды,
Дагы терең киргизип.
Ыйык айым орозо ай
Бергениңе шүгүр деп,
Билип- билбей кетирген,
Күнөөлөрүм күбүл деп.
Жакын кылып кудайды,
Жүрөктөрдү сүйгүзүп.
Ашык сөздү айттырбай,
Айыпсыз кылсын тилиңди.
Арамдарга жолотпой,
Аруулантып дүйнөңдү,
Кудай сүйгөн адам деп,
Агартып берсин дилиңди.
Арттырып берсин орозо,
Жаратканга сүйүүңдү.
Агып турган береке,
Куттуу кылсын үйүңдү.
Акылдуу өссүн уул- кызың,
Ата- энеге күйүүмдүү.
Коштоп жүрсүн ийгилик,
Ар бир өткөн күнүңдү.
Эки кылып эселеп,
Көбөйтүп берсин бириңди.
Этек ,жеңин узартып,
Суналтып берсин кийимди.
Нарк-насилди үйрөтүп,
Бере кетсин билимди.
Бүт мусулман калкына,
Жайылта берсин жалпыга,
Ислам деген динимди.
Кабыл болсун орозоң
Колдоп жүрсүн ар дайым,
Кудайым ар бириңди.
Автор : Туганбаева Света
,,Поэзия Ордосу" көркөм- адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
Түп району
06.04.23.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15
Төрт сабым өзүң үчүн ана дайын.
Кабыл болсун кармаган орозоңуз,
Кудайым берсин баарын сага дайым
Бирдик деле салайын, кантип эми
Жарамазан айтканыңды баалабайын.
Кудай үчүн көтөрүлүп билектериң
Кабыл болсун сураган тилектериң.
Таңда өзүмө келе албай уйкусурап
Мына эми ойлорумду иреттедим.
Омийин аткарылсын айткандарың
Бүт сөзүңө кошулгум келет менин