Предыдущая публикация
Өздүк майрам, куттуу болсун абышкам,
Бакыт, байлык молчулукта жүрө кой.
Баарын берсин, баарын берсин Теңирим,
Бак таалайлуу, асыл өмүр сүрө кой.
Жан шеригим, жарык болсун маанайың,
Жайнап турсун, жашоодогу таалайың.
Жакшы күндөр, жарык күндөр көп болсун,
Жаратканым жалгап турсун, ар дайым.
Узун өмүр, ден соолукта журо кой,
Ууздай таза, пейили кенен берээним.
Ушул өмүр, ушул дүйнө биз үчүн,
Узак берсин, узак берсин берээрин.
Кыздан кымбат, уулдан урмат көрөлү,
Кымбат жалган, жашообузду бир сүрүп.
Кырчын өмүр, көз ирмемдей тез экен,
Кунум айлуу, түнүм асыл жөлөгүм.
Өздүк майрам, куттуу болсун абышкам.
Гульмира Конушбаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2