«Аял жакшы – эр жакшы» дейт кыргызда, улуу сөз. «Эрди эр кылган да, жер кылган да аял» – деп айтылат. Мааниси мындай терең макал башка элде айтылбаса керек. Айтылса да мындай күчтүү, салмактуу чыкпаса керек.
* * *
Аял эч качан өзү бактылуу болбойт. Анын бактысы ак никелүү болуп күйөөгө чыгуу, бала төрөп чоңойтуу. Бийликтен, байлыктан бактылуу болом деген аял катуу адашат.
* * *
«Аялдын пири анын никелеп алган күйөөсү»,- дешет. Эгер аял өз өмүрлүк жолдошун пирдей тутуп кадырлабаса, анда андай үй-бүлө бактысыз үй бүлө.
* * *
«Аял үйдүн куту» деген макалдын да мааниси терең. Үйдү үйдөй таза кармаган, бары-жогун билдирбей жаркыратып туткан аялзат. Аял сарамжалдуулугу, ийкемдүүлүгү, пейили менен үйгө кут орнотуп турат.
* * *
Үйүндө жакшы тарбия алып, ак-караны ажыратып, ыймандуу, маданияттуу болуп өскөн кыз кийин турмушка чыкканда кыйналбайт, анткени ал адамды кантип сыйлап урматтоону, улуу кичүүгө кантип мамиле жасоону, күйөөсүнө, кайын журтуна кантип жагууну биринчи кезекте өздөштүрүп алат.
* * *
Аялды кадырлап, баркына жеткен өлкөнүн келечеги бар. Кайсыл өлкө аялдарга жеңилдик берип, камкордукка алса ошол өлкөнүн эртеңки күнү жарык. Аялзаты эркектер жасаган ишти жасап, үй-бүлө багабыз деп базарга, көчөгө чыгып кеткен болсо, ошол өлкөнүн балдары тарбиясыз калат. Эне мээримине канбаган баладан айкөлдүктү, боорукерликти, кечиримд үүлүктү күтпөө керек.
* * *
Аялдын көңүлүн көтөрүп жер каратпай, кордобой алаканга салган элдин тукуму өсөт. Анткени андай мамилеге туш болгон аялдар балдарына эркин ой жүгүртүүнү, эл-жерди сүйө билүүнү үйрөтөт.
Эстүү, эр көкүрөк, зээндүү болууга тарбиялайт.
* * *
Кайсыл бир элдин маданияты, рухий дүйнөсү, ыйман-ызаты аялзат аркылуу экинчи бир элден айырмаланып турат. Ошондой эле кайсыл эл кандай жашап жаткандыгын, кандай дөөлөттөрдү айрыкча баалап, кандай жамандыктарды башынан өткөргөндүгүн билсе болот.
* * *
«Аялдын жакшысы эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген кеп бар. Ыймандуу, сабырдуу, кайрымдуу болуп туруп эрден чыгып кеткен аялдар сейрек жолугат. Аялдардын көпчүлүгү чыдамсыздыктан, тилинин азабынан, тарбиясыздыктан, түшүнбөстүктөн, өзүмдүн айтканым туура дегендиктен ажырашып кетет. Андайлар өзүн да, өзгөнү да бактылуу кыла албайт.
* * *
Көңүлүн коюп жакшы ниет менен тамак жасаган аялдын тамагы таттуу, берекелүү, аш болумдуу келет. Ою, көңүлү башка жакта жүргөн аялдын тамагы дайым супсак, кунарсыз.
* * *
Жерге жарык киргенде, күн менен бирге туруп, эшик-короосуна суу сээп таза шыпырган аялдын үйүнө береке айттырбай өзү басып кирип келет. Андай аялдын үйүнөн жин-шайтандар качып, үйү периштелер сайрап турган гүлбакчага айланат. Ошон үчүн кыргызда: «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал», деген үлгү сөз пайда болгон. Эгер аял үйүн зикир менен шыпырган болсо ыйык Каабаны шыпыргандыктын сообун алат экен.
* * *
Эшигине гүл өстүрүп, аны тынымсыз карап турган аялдын көңүлү да ошол гүл сыяктуу. Гүл өскөн жерге бейиштеги үрлөр тез-тез келип, Жараткандын назары түшүп турат. Гүлдөр бейиштин элесин берет. Гүл өстүргөн аял пейилдин гүлүн өстүргөн аялга тете.
* * *
Кыянат сөздөн, ушак-айымдан оолак болгон аялга эч кандай кесепет жолукпайт. Эл арасында, тууган- уруктардын арасында кадыр-баркы өсөт. Ар кандай оорулардан сак жүрөт. Жан дүйнөсү жабыр тартпайт, булганбайт.......🌸
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев