Баласы үйлөнөр алдында, апасы жанына уулун чакырып,
- Балам , өмүрлүк жар алып ,бир бүтүн болгону турасың. Сенден бир гана нерсени сурайм. Жубайың биздин үйдүн босогосун аттаган күндөн тарта эртең менен колума суу куюп, жүз аарчы сунуп турасың. Болгон тилегим ушул. Каалагандай жашай бер.. Бирок бул сөзүмдү жубайыңа эч айтпа дейт.
Бала апасынын сөзүн угуп, айтканын аткарат. Келиндин келгенине бир ай болот . Күйөөсү эртең менен дайыма апасынын колуна суу куюп , чайын ичип, жумушуна кете берет. Келин ичинен "Күйөөм апасын урматтайт тура. Мен да урмат кылышым керек экен"- деп таң эрте туруп, кайненесинин колуна суу куюп бере баштаптыр. Күйөөсү көрүп, "Апама мен эле суу куюшум керек"- деп кумганды алганда, "Уулум ушул күндөн тарта колума суу куйбайсың. Бүгүн мен колума суу куюп, ысык чай бере турган келиндүү болдум "-деген экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1