Кошунамын 42деги баласы каза болуп, энеси ботодой боздоп ыйлаганын көрүп, сай сөөгүм сыздайт. Кечинде жаңылыктарды калтырбай угам. Канча жыл мурун ушул айылга ала качып келип, келин болуп калгам. Анда мен Нарын шаарында медучилишада акыркы жылы окуп жүргөм. Кайненем окууңду таштаба деп, мени окуткан. Окууну бүтүп ошол эле айылда иштеп калдым. Кайненем балдарымды карашып, үч балалуу болгуча үзгүлтүксүз иштедим. Ошол жылы кайненем ооруп калып каза болду, аябай оор жоготууга кабылдык. Жумушту, үйдү чогуу алып кете албай калдым, иштебей үйдө отуруп калдым. Андан кийин удаа дагы төрт уулду болдум. Кыз төрөп алайын десем эле, эркек бала төрөлө берди. Ошентип жети эркек балалуу болдум. Апам да мени аяп, бир кыз болсо болбойт беле дейт. Баары эле укса мени айай беришет, ууй жети эркек деп. Бирок эркек балдарды тарбиялаш оңой экен солдаттардай, айтканыңды айткандай кылышат. Улуусу кичүүлөргө көз болуп тарбиялап турат. Жолдошум совхоздо машина айдап иштейт, апаңарды карагыла, жардам бергиле десе баары көзүмдү карашат. Баары удаа болгонго, улуусу кичүүлөргө жумуш бөлүп берет. Бир балам мал тейлейт, бирөө үй жыйнайт, бирөө нан жаап тамак кылат, бирөө идиш жууйт, бирөө суу ташыйт, бирөө кар күрөйт. Азыр жакшы эле иштен колум бошоп калдым. Баары бир көзөмөлдөп койбосом болбойт, жумуштан эрте келип кир жууп баштадым. Айтып кеткендей суу ташып, казанга от жагып суу ысытып койушуптур. Мен жууп үчүнчү балам чайкамай болду. Жуулган кирлерди чайкалып жаткан тазике ыргытып жаткам, карасам өзүмдүн эмчек тарткычым экен, эмне кылсам деп туруп ыргытып койдум. Балам чайкап көтөрүп кетти жайганы. Бир убакта апа карасаңыз, мен танкисмин дейт. Карасам менин эмчек тарткычымды башына кийип эки жагын эки кулагына келтирип алган. Күлкүчү жаным бир күлүп жатып калдым. Оой ошондогу күндөрүм ай, эч нерсеге алмаштыргыс эң бактылуу күндөр тура. Жети баланы төрөсөң да, жетөөнүн кыялын кошо төрөбөйт экенсиң да. Биринчи балам өзү эле аз сүйлөгөн, таза болчу, тиш доктур болду. Экинчиси электрик айылда. Үчүнчү балам Сургутта иштегени көп болду, бешинчи балам жанында. Төртүнчү балам бизнесмен эң эле шайыр шайдоот, баарыбыз чогулганда тамада болуп берет. Алтынчы балам мугалим. Жетинчиси эң кичүү көкүрөк күчүгүм студент. Жети балам, ЖЕТИГЕН ЖЫЛДЫЗЫМ деп койом. Үчүнчү балам сегизинчи класста бир кызды жакшы көрүп калыптыр, ошого белек алып берем деп акча сурады. Ал кезде 3,50тыйын жакшы эле акча болчу, жок-десем, эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Кире бериште турган чаканы, суу-пуусу менен тепкенби же чапканбы жер жайнап эле калды. Аны улуу агасы чакырып сүйлөштү окшойт, келип кечирим сурап кетти, атасы бизге көрсөтпөй 4сом бериптир. Улуусунукун кичүүсү кийип эле чоңойушту. Кызым жок деп кудайга үнүм жетсе керек, неберелерим жалаң кыздар төрөлүп жатат. Туулган күнүбүз өзүнчө эле той болуп кетет, неберелерим плакатка куттуктоо жазып, шар байлап укмуш кылып өткөрүп беришет. Азыр демим кысталып араң жатып башыман өткөн ушул күндөрүмдү чуурутуп өткөрдүм. Жакшы эле балее баскан оорудан сактансак деле, чалгы менен шилтегендей шилтеп келаткандай. Балдарым айланчыкташат. Бүгүн он биринчи күн, эч оңоло албай калдым окшойм деп ойума ар нерсе келе баштадым. Минткиле тигинткиле деп айта берейин десем балдарым аныста эле үрөйлөрү учуп турушат. Врачым келип бүгүн жакшы буйурса жакшы болуп кетесиз деди. Кайдан болбой калдым окшойм деп өзүмдү өзүм жей баштадым. Кечинде асма укол куйганы бир кыз кирген, бешинчи баламын классташы экен, мени дароо тааныптыр.Мен тааныган жокмун костюмунан, аркы беркини сурап баламды сурады. Үйлөнбөй жүрөт үйлөнбөй калат окшойт деп үшкүрсөм. Сиз жакшы болуп кетиңиз, мен өзүм эле барып тийип алам — деп палатадагыларды күлдүрүп кетти. Азыр эле өлүмдү эстеп көзүмө жаш тегеренип жаткан жаным чын эле, ушу Айзатты алып берип койсомбу деп ойго кеттим. Аябай тердеп кыйналып жатып тан атканда уктап кетиптирмин, ондо ойгондум. Кадимкидей сергип калыптырмын, мурдум да хлордун жытын сезип жатат. Адам өзүн жаман ойго алдырбай, жакшыдан үмүтүн үзбөсө эле бул оорудан чыгып кетчудөйбүз. Кудайга миң мерттебе шүгүр кылам, ак халатчандарга таазим кылам. Күнү түнү жаны тынбай иштегени бир, экинчиден алар да биз сыяктуу адамдар, өлгөндөрдү көрүп ички дүйнөсүнө бүлүк түшүп, нерв жабыркайт. Ошону билгизбей иштеп жүргөн медиктерибизге ишине ийгилик, өзүлөрүнө чын ден-соолук. «Жаш кезде көрсөң меенетти, карганда көргүн дөөлөттү» деген ушу окшойт деп доктурдан аман эсен чыгып кеттим. Жети балам, жетиген жылдызымдын күнүн көрөрүм бар экен деп, кудайга миң мертебе шүгүр кылдым. Ооруба элим ооруба!
Румо
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев