1. Садага - бейиштин эшиктеринин бир эшиги.
2. Садага - салих амалдардын абзели, эң жакшы садага бул кедейди тамактандыруу.
3. Садага - ээсин Кыямат күнү көлөкөлөйт жана тозок отунан сактайт.
4. Садага - Алланын ачуусун жана кабыр азабын өчүрөт.
5. Садага - бул тазалануу, напсини тарбиялоо, жакшылыкты көбөйтүү.
6. Садага - ээсин кубантууга себепкер жана Кыямат күнү жүзүн нурдуу кылат.
7. Садага - эң коркунучтуу Күндүн тынчтыгы.
8. Садага - күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себепкер, жамандыктарды тосуучу.
9. Садага - ээсине убадаланган эң чоң ажыр-сооп бар.
10. Садага - маркумга берилүүчү эң жакшы белек жана ал үчүн өтө пайдалуу.
11. Садага - ажалдын аягындагы кубаныч жана периштелер ага дуба кылууга себепкер.
12. Садага берүүчү - адамдардын эң жакшысы, садаганын сообу ага себепкерлердин баарына тең барабар.
13. Садага - такыбаа адамдардын сыпаты.
14. Садага - марттыкка, берешендикке баштоочу о.э. айкөлдүктүн, кеңпейилдиктин белгиси.
15. Садага - дубанын кабыл болуусуна себепкер жана кайгы-капаны жоёт.
16. Садага - балээден тосот о.э. жетимиш жамандыктын эшигин жабат.
17. Садага - өмүрдү узартууга байлыкты көбөйтүүгө жардам берет.
18. Садага - бул дарылануу, дары, шыпаа.
19. Садага - адамга болсун, айбанга болсун, кушка болсун сообу жетүүсү шексиз.
20. Садага - күйүттөн, чөгүүдөн, уурулуктан, жаман абалда өлүүдөн тосот.
21. Садага - Алланын кулдарынын ортосундагы махабатка себепкер.
*Umma.kgz*
❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️
☪️ *ИСЛАМ НУРУ* *ДААВАТ* ☪️
*_Группага катталуу үчүн_*⬇
*What's app*⤵️
🚹 *Мырзалар үчүн*
+996755-86-68-96.
🚺 *Айымдар үчүн*
+996755-86-68-96.
*Инстаграмм* ⤵️ https://www.instagram.com/islamnuru_daavat/ . *facebook* ⤵️ https://www.facebook.com/profile.php?id=1000234165 *Телеграмм* ⤵️ https://t.me/islamnurdaavat .
☝🏻 *ЭСКЕРТҮҮ*❗❗❗
*Макаланы башка группага жүктөгүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз*🌷🍃🌷
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев