Бул “түрктөрдүн ойношу” “сойку” деп угузада, угузбай дагы айтышат. Кыргыз эл душманымын. Мен деле кымыз жыттанган кыргыздын жигиттине турмушка чыгууну кыялданам, азыркы көпчүлүк кыргыз эркектери кымыз эмес, арак сасыйт, өз бактысы үчүн күрөшө албаган, альфонстор, былжырбайлар. Алгачкы сүйүүмдү Нарындык жигитке арнадым. Биздин үй бүлөө болуп, жашап, кетишибизге менин Оштук экеним апасына жакпада. Жигиттер жетим көпөлөктөй, болуп айланамда айланып жүрүшөт. Географиялык өзгөчөлүктү эске алып, өзүбүз жактык жигиттерди тандадым. Бирөөсү үй-бүлөөлүү болуп мени алдаса, экинчиси боюмда бар убагында таштап кетти. Үчүнчүсү мага очойто кредит алдырып, качса, төртүнчүсү жөнү жок жерден эле, былчыйта ура берет эле. Бешинчиси менен молдого нике кыйдырып, жашап жатканда, заводтогу станокко үч манжамды кестирип алдым. Ошо барабар, наркы мага эр болгон кыргыздын баатыры талакда бербей, жоголуп кетти. Көңүлүм көк таштай калды, ушу кыргыздын балдарынан. Токмогун жедим, кредитин төлөдүм, боюмдан алдырдым, токол болдум, мынтип эми, инвалид болгон чакта, таштап качып кетти, талак бербей. УЛАНДЫ: http://fatiha.press/%d0%bc%d0%be%d1%81%d0%ba%d0%b2%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%b3%d1%8b-%d0%b3%d0%b0%d1%80%d0%b5%d0%bc%d0%b4%d0%b5%d0%bd-%d1%81%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bc-%d0%bc%d0%b8%d0%b3%d1%80%d0%b0%d1%86%d0%b8%d1%8f%d0%b4/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев