Предыдущая публикация
Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып,
Баратам Түркстанга сапар тартып.
Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум,
Кайрылып келгичекти өңдөн азып.
Бакыттын бир учугун үзбөй улап,
Ураган максаттарды бирден курап.
Дубана болуп жерди кезсем дагы,
Кудайдан адилеттик турам сурап.
Түркстан калаасына баратамын,
Түркүн ой, санааларды таратамын.
Кайрылып калкыма мен баргычакты,
Уулумдан санаам тынбай, азаптамын.
Зыярат кылып элдин эсенине,
Кайтамын эки күндө мекениме.
Көп аман, көп ичинде уулум аман,
Азаттык нуру тийсин чекесине.
Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып,
Баратам Түркстанга сапар тартып.
Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум,
Кайрылып келгичекти өңдөн азып.
Кундузбү Маматова
Куку
3-5-май. 2024-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2