“Күйөөлөрдүн” баасы жайгашкан кабатына жараша көтөрүлө берет. Мисалга алсак, 1-кабаттагы “күйөөлөр” 2-кабаттагыдан арзаныраак болушат.
Күйөө сатып алуудагы эрежелер:
Бир кирген кабатка кайра кайтып барууга болбойт;
Күйөөнү тандагандан кийин, аны кайтарып берүүгө болбойт;
Бул дүкөнгө жашоодо бир гана жолу киргенге болот.
Бир жолу татынакай айым аталган дүкөнгө “күйөө” сатып алуу үчүн барат.
1-кабатта, “Бул жерде көп акча тапкан “күйөөлөр” сатылат” деген жазууну көрөт.
Аял, “жакшы экен” – деп 2-кабатка бет алат.
2-кабатта, “Бул жерде көп акча тапкандар жана жаш балага жакын “күйөөлөр”” дегенди окуп, ого бетер кубанат.
3-кабатка чыкса, “Бул жерде көп акча тапкандар, жаш балага жакын жана үй иштерине жардам берген “күйөөлөр”” деген жазуу болот. “Өйдө көтөрүлгөн сайын идеалдуулары чыга берет турбайбы” деген аял, 4-кабатка чыгат.
Ал жакта, “Бул жерде көп акча тапкандар, жаш балага жакын, үй иштерине жардам берген жана романтик “күйөөлөр” сатылат” деп турган болот. Мындан да жакшысын самаган аял 5-кабатка чыкса, “кечиресиз, бул кабатта эч ким, эч нерсе сатылбайт! Бул жер – аялдардын каалоосунун күчтүүлүгү жана алар эркектерден көп нерсе талап кылгандыгын далилдөөчү кабат!” деген жазууну окуйт. Бул менен эмне демекчибиз, бойдок кыздар, “мындан да жакшысы чыгып калаар” деп, жигиттен жигит тандабагыла! Ар бириңиздерге бакыт каалайбыз!
Read more at http://asianews.kg/zhanylyktar/nyu-yorkto-kuyoo-satyla-turgan-dukon-achyldy#EpRAP8Scpuh5Pt8b.99
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев