Предыдущая публикация
Эргүү келип, токтой албай толгонгом,
Эмне деген сөз берметин колдонгом.
Кайдан гана жолукканбыз? Кай күнү?
Кайран сага, ыр саптарым кор болгон...
Муң жутканмын... Ызгаарыңа тумчуккам.
Жылуу сезим үмүт кылам бул кыштан.
Ээсин таппай ак барактын ичинде,
Жетим ырлар жетимсирейт туш-туштан.
Муздак бойдон мамилебиз, ортобуз.
Экөөбүз тең эки башка жолдобуз.
Сезимдерди жылуу кармап турчу эле,
Узап кеткен ал эки миң он тогуз...
Арген БОЛУШОВ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 25
Мундуу саптар коштоптурго ?
Ийгилиик
Акындыктын сапарын улап журуп,акыры бышыпсын. Акындык жол улуу жол,таштап койбо. Бар бол!