Жазгы гүлүм
.
Жаз келип чабалекей учкан кезде,
Жер бети көк чөпкө толгон кезде.
Сага деп үзүп келгем сирень гүлдү.
Сен аны ала албадың ошол күнү.
.
Салкын жел сылап турган жүзүңдү,
Саамай чачың улам жабып көзүңдү.
Көргүм келген кара мончок көзүңдү,
Көргөндө мен көрчү элем өзүмдү.
.
Өрүк гүлү ачылган кез жаңыдан,
Өрүп чачыңды жүрчү элең ошондо.
Өпкүм келчү оймоктой бир оозуңду,
Өбө албадым тилекке каршы өзүңдү.
.
Автор: URMAT KS Кудаш уулу
26.03.2024
Сен менин бүтпөгөн жомогум, Окуйм да оргуштап, толомун. Бир күнү сүйүүнун байкушу, Бир күнү ханыша боломун. Сен менин асылым, ардагым, Сезимдин көрсөткөн ар жагын... Өзөгүм өзүңдөн бүткөнсүп, Өзгөчө байланып калганым.
Комментарии 17
Окуйм да оргуштап, толомун.
Бир күнү сүйүүнун байкушу,
Бир күнү ханыша боломун.
Сен менин асылым, ардагым,
Сезимдин көрсөткөн ар жагын...
Өзөгүм өзүңдөн бүткөнсүп,
Өзгөчө байланып калганым.