Анын эң биринчи себеби – электрондук маалыматтардын пайда болушу. Мисалы, студенттер, окуучулар сабакта берилген тапшырманы компьютерге көчүрүп коёт да, ошого ишенип жүрө берет. Ошондой эле эсеп чыгарууда да мээни иштетүүнүн кажети жок. Себеби телефондогу калькулятор бат эле эсептеп берет. Азыркы компьютер, телефондор адамдын мээси сыяктуу кабылданып калды
Эс-тутумду начарлаткан критерийлер:
• Уйку нормасынын бузулушу. Ашыкча да, аз да уктабаңыз. Эң аз 6, эң көп 8 сааттык уйку жетиштүү.
• Туура эмес тамактануу. Көрүнгөн нерсени жей бербеңиз. Көбүнчө жашылча жемиштерди жегенге аракет кылыңыз. Таза витаминдерди жениз.
• Спирт ичимдиктери, тамеки ж.б. Эске тутууну начарлатуучу эң негизги критерий, жадакалса, өлүмгө чейин алып барат.
• Көрүү жана угуу органдарын туура эмес колдонуу. Кандай гана сайт, китеп, телевизор, кино, радио, музыка болбосун, пайдалуусун жана маанилүүсүн тандаңыз.
• Стресс, депрессия. Депрессияга кабылбоого, кабылсаңыз да батыраак арылууга аракет жасаңыз. Жүрөккө, ой-жүгүртүүгө, психологияга өтө зыян келерин унутпаңыз.
• Монотондуулук (окшош күндөр, күндө бир эле нерсени жасоо). Күндөрүңүздү ар түрдүү өткөрүңүз. Бир күндү бирге иштегендер менен, бир күндү досторуңуз менен, дагы бир күндү тууган-туушкандар менен өткөрүңүз. Оң колуңуз менен жазып жүрсөңүз, сол колуңуз менен жазып машыгыңыз. Бул мээге көнүгүү болот.
Эс-тутумду кантип жакшыртуу керек?
Эс-тутумду жакшыртууда төмөнкүлөр пайдалуу:
• Көңүл буруу. Ар бир кылган ишке маани берүү. Убагында жасоо, бир ишти бүтүрбөй, экинчисине өтпөө. Мээни ар кандай көйгөйлөр менен толтурбоо керек.
• Түшүнүү. Алып жаткан маалыматты ой-жүгүртүү менен эстеп калуу. Мисалы, бир окуучу мектепте мугалими математикадан иштеген мисалды көңүл коюп, түшүнүп алса, үйгө келгенде да өз алдынча мисалдарды иштей алат.
• Бөлүшүү. Окуган китепти анализдеп, ал эмне болгон чыгарма, эмнеге жазылды, эмнени айткысы келди, эмне үчүн бул теманы козгоду деп, кызыгуу менен окугандан кийин башкаларга сунуштаса жана сунуштап жатканда китеп тууралуу ой бөлүшсө, эс-тутумга өтө пайдалуу.
• Ыр жаттоо. Же кандайдыр бир нерсе жаттоо мээни тазалап, иштешин күчөтөт.
• Кайталоо. Окуганыңызды же жаттаган нерсеңизди үн чыгарып кайталап туруңуз.
• Бардык сезүү органдарын колдонуу. Мурун, кол, көз, кулак, тилди туура пайдаланыңыз.
• Эмоциянын күчүн колдонуу. Ыйлагыңыз келип турса, айланаңыздагыларга карабай ыйлап алыңыз. Ал эми күлкүңүз келген учурда да каалагандай күлө билиңиз. Ичиңизге көп сыр катпай, бир сырдаш (жансыз болсо да) таап алып айтып туруңуз. Жеңилдеп, бошоп каласыз. Мээңиз да тазаланат.
• Байкагычтыкты арттыруу. Канчалык көп адам менен таанышпаңыз, атын эстеп калганга аракет жасап, керек болсо атынын маанисин сурап, кызыктуу элестер менен байланыштырып эстеп калыңыз.
• Спорт менен алектенүү. Күнүгө көнүгүү жасап, же болбосо спорттун бир түрү менен алектениңиз.
• Жаңы нерселерди үйрөнүү. Башка тилдерди үйрөнүү
• Көп китеп окуу. Китептин баарын эле окуй бербеңиз. Анткени баарын окуганга адамдын өмүрү жетпейт. Ошондуктан бул жашоодо сизге эң зарыл жана пайдалуу болгондорун тандаңыз. Кошумча маалымат алуу үчүн же заказ кылсаңыз 0702734158 ушул номерге жазыңыз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев