17-январдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт
Узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин 17-18-19-январь аралыгында аба ырайы кескин өзгөрөт. 17-18-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-январда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 18-19-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. 17-18-январда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. 18-19-январда абанын температурасы төмөндөйт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев