Сиз издеген маалыматтар “Супер-Инфодо”! Жаңылыктарга бай гезиттин жаңы – №1118 саны 10-май күнү таң эрте сатыкта болот. 🌹🌹🌹
#ГезиттиЫсыгындаОкуңуз
#ЖаңыСанда
✅Гүланда: “Кайгырсам да, сүйүнсөм да сыртымдан билдирбейм”
✅Алтынай Жайнакова, ырчы: “Балам бар, бул чындыкты 11 жыл жашырып жүрдүм”
✅“Ошол окуяда апам менен абдан сыймыктандым...” Ырчы Алтынай Нарбаеванын уулунан маек
✅Чемпиондор лигасы: Финалда “Реал” “аарыларга” туруштук береби?
✅Полип же мурундагы эт эмнеге өсүп кетет?
✅Ашканада жазгы даамдар
✅Өлкөдө 459 гана илбирс калды…
🥰Ушул жана башка кызыктардын баарын гезиттин жаңы санынан табасыз!🌹
#СуперИнфонунЖаңыСанында
#Гүланда
#АлтынайЖайнакова
#АлтынайНарбаева
#Аңгеме
Эшик таң атпай тарсылдап калды. Асел эшикти ачып, айылда ичкилик менен аты чыккан Такиш байкени көрүп жаман көзү менен карай берди.
– Ким керек сага?
  • Класс
Байкасак, Кыргыздын белгилүү бир топ куудулу ушул айылдан чыгыптыр. Куудул гана эмес, ырчылар да көп чыгат. Өнөрлүүсү көп Токтогулдун Толук айылы эмнеси менен өзгөчө? Айылдын жөнөкөй тургуну деле куюлуштуруп, макалдатып сүйлөй турганына күбө болдук.
“Сирень гүлү”, “Нике кайып” деген ырлары менен белгилүү “Кеңеш” тобу акыркы учурларда чыгармачылыкта мурункудай активдүү эмес. Ага аял-күйөөдөн турган дуэттин дин жолуна түшкөнү себеп экен. Мүзүр мырза “жок болуп кеттиңер деп бизди урушкандар, сөккөндөр бар, ошолор үчүн эле чыгармачылыкта кармалып жүрөбүз” дейт.
Акыркы убактарда адамдын коомго жат жүрүм-турумун психологияга, ата-энесине байланыштырып, “бала кезден калган травма” деп бүтүм чыгаргандар көп. Бала кезден калган жаракат деген эмне? Анын адамдын жашоосунда кандай таасирлери болот? Аны кантип жок кылууга болот? Ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.
ТВдагы ток-шоу, саясий же маданий түз эфирлер, атайын программалар, айтор, баары телережиссёрдун зор эмгеги аркылуу көрүүчүгө жетет. Дээрлик 30 жылдан бери УТРКда телережиссёрлук кесипти аркалап келе жаткан Асыл Акматова кесиби тууралуу кызыктуу маек куруп берди. “Телевидение десе эле көпчүлүк эфирге чыккан адамдарды элестетет, кадр артында жүздөгөн адамдар иштешет, алардын бири биз – телережиссёрлор”,- дейт каарманым.
“Жүрү, ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа...”- деген ыр саптарын укканда көз алдыңызга сүйүшкөн жаштар тартылат болуш керек, окурман. Бирок автордун жана обончунун айтымында, ыр махабаттан улам эмес, мекендин сулуулугуна суктануудан улам жаралган. 90-жылдардын хити болгон, азыркыга чейин ырдалып келе жаткан “Өрүкзарга кетели” ырынын тарыхына кайрылсак.
Бул жигит бий үчүн жаралгандай... Анын хореографиясы интернет желесинде вирустай тарап, дүйнөлүк атактуулардан баштап кайталап бийлеп келишет. Сөз бийчи эле эмес, ырчы, автор, актёр Тэмин жөнүндө. Эгер “корей толкунунда” болсоңуз, каарманыбызды сөзсүз тааныйсыз. Тааныбасаңыз, ушул макаладан кийин анын талантына баа берсеңиз болот.
Показать ещё