Апама кат Саламатсызбы Апа! Бул катты азыр жазганымдын себеби,-билем сиз баары бир окубайсыз. Качандыр бир күнү окуйсуз бирок азыр эмес. Сиз окуган кезде мен бул күндөрдү унутуп бактылуу болсом керек... Сиз азыр сырттагы Октябрьдын суугу менен, үйдөгү түгөнбөгөн тиричилик менен алышып интернетке киргени убактыңыз болбойт. Аны билем. Үй иштеринен сырткары менин балдарым. Алардын да түйшүгү өзүнчө оор. Менин колумдан эмне келмек? Жашоо бизди ушул жолго түртүп жатат. Канчалаган апалар, энелер сиз сыяктуу небере карап, түн ортосунда оор денесин араң көтөрүп, алыстагы апасына куса болуп ыйлаган неберелерин белине көтөрүп ары бери басып, кирпик какпай таң атырып жүргөндүр. Биз адамдар алсыз
Показать ещё