Күйүткө элди батырдың аттиң !
Капилет алдың билдирбей жанын
Кайталангыс, акындын аттиң !
Булбулдун тилин катырдың аттиң !
Буулуккан муңга батырдың аттиң !
Билдирбей алдың капилет жанын,
Бир жаралган акындын аттиң !
Комуздун чыкпай дабышы аттиң !
Көөдөндүн сокпой кагышы аттиң !
Кырчындай кезде калкынан бөлүп,
Кайгыга салган Жаз ушу аттиң !
Төрөлбөй канча ыр калды аттиң !
Төгүлбөй ичте сыр калды аттиң !
Таберик белең Кыргызга бүткөн,
Төбөлгө айтчуу сын калды аттиң !
Төкмөлөр төрү бош калды аттиң !
Төгүлүп көз жаш дос калды аттиң !
Төрөлгөн белең аз жашаш үчүн ?
Тумардай жанган кез калды аттиң !
Ажалга тике каратты аттиң!
Армандын күүсүн жаратты аттиң !
Аз жашап кетти оо дүйнө шашып
Ааламдан өчпөс санааты аттиң !
Шаку. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5