Пейилден кеттик, улуубу , кичүү сыйлабай,
Пендесин анан коебу Теңир кыйнабай?
Көөдөнү бошоп, жүрөгү тоңбу мээримсиз,
30 жыл жашап, Карабы? Акпы?- ылгабай.
Эгемен алып, түндүктөн чыгып желегиң,
Эл үчүн берген Жараткан өзү белегин.
Жабыркап турат азыркы күндө өлкөбүз,
Мекенди ойлоп, элиңе тийгиз керегиң.
Көбөйдү бүгүн, эл бузар, сүткор наадандар,
Көкөйдү кескен, тетири баскан кадамдар.
Кудайга тообо, кылганды кээ бир унутуп,
Кылыгың түшкүр, кыялы жорук жамандар !
Дүрбөтүп элди, бөлүүгө шашканы да бар,
Дүрбүнү салып, чегинен ашканы да бар.
Дүнүйөң түшкүр, пендеге шунча кас беле
Дүнүйө мүлкүн бекитип катканы да бар .
Алыстан туруп , аңдыган иттер көбөйгөн,
Алакүшш десе митингке карап жөнөгөн.
Ала-Тооң менен жериңди басса башкалар,
Алардан издеп, таппайсың башың жөлөгөн.
Туулуп эле, көрбөдүм бала басканын,
Бешикте жатып, белестен бийик ашканын.
Москва дагы курулган эмес бир күндө,
Батышты угуп, чыгарба Өлкө таскагын.
Бөлүнүп неге майдаланып баратабыз,
Башкалар бизге, көз салуусун жаратабыз
Ырылдап күндө, жолбун иттей көчөдөгү,
Болбогон кептин, өзүбүз баарын тарабыз .
Кыргызстан деген, өлкөнүн аты өчпөсүн,
Кырылып бөөдө энелер көз- жаш төкпөсүн.
Өнүккүң келсе өзүңдөн башта өзгөрүп,
Кылымдар бою, Кыргызстаным көктөсүн.
Шаку. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4