ОРУСИЯДА ТАКСОПАРК АЧКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗ 33 жаштагы Тандагүл Мурзабаеванын Орусияга барганына он жылдан ашты. Алгач пол жууп, кийин сулуулук салонунда иштеген мигрант кыз 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда Москвада таксопарк ачкан. Бирок мындай ийгиликтүү ишкерликке чейинки жол оңой болгон эмес. Мигрант кыз жеке ишкерликти кантип ачканы тууралуу айтып берди. Материалды “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады “Азаттык” радиосунун “Мигрант Медиа” долбоору четте жүргөн кыз-келиндер үчүн эки айлык жарыялайт. Кандай ийгиликке жеттиңиз же эмне көйгөйүңүз болсо +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
Москва: Мигранттар ачкан «Манас» кинотеатры Москвадагы «Манас» кинотеатрын Орусиядагы кыргыз ишкерлери ачкан. Негиздөөчүлөр беш жыл аралыгында эки жолу банкрот болгон. Биринчи жолу ижара чыры, келген көрүүчүнүн аздыгынан жабылган. Пандемияда экинчи жолу жабылган. Учурда кинотеатрда кыргыз кинолору күнүгө алты сеанс менен көрсөтүлөт. Видеону «Азаттыктын» «Мигрант Медиа» долбоору даярдады