Эми сиз РФда туруп КРдагы маселенизди БИЗ аркылуу чечсениз болот. "Кантип?"- дейсизби
БИЗ юридикалык компаниясы сиздерге төмөнкү кызматтарды сунуштайт
Үй бүлөлүк иштер (никени ажыратуу, алимент өндүрүү, мүлк бөлүштүрүү, ата-энелик укуктан ажыратуу, балдардын жашаган жерин аныктоо);
Жер талаштар;
Турак-жай маселеси;
Мурастык талаштар;
Карыз өндүрүү;
Кредиттик маселелер;
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме уюмдарда өкүлчүлүк кылуу;
КРдан документтерди алдыруу;
КРдан алынуучу турак жай, квартира, жер алууда документтерге укуктук баа берүү жана тандоого көмөктөшүү;
КРдагы маселелер боюнча юридикалык кеңештер жана башка масе
Жашы жетелек балдар 14 жаштан эмгек келишимин түзүп иштөөгө укуктуу. Бирок, ата-энесинин же асырап алуучуларыныр жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана.
Эмгек келишими түзүлүп жатканда жашы жетелектер менен биргеликте макулдук берген ата-энеси же асырап алуучусу кол койот.
Жашы жетелектердин ар күндүк иш узактыгы 14-16 жашка чейинкилер 5 сааттан, ал эми 16-18 жашка чейинкилер 7 сааттан ашпоосу зарыл.
Ал эми окуусу менен ишти айкалыштырып иштегендердин иш убактысы 14-16 жашка чейинкилер 2,5 сааттан, 16-18 жашка чейинкилер 3,5 сааттан ашпоосу зарыл.
Эмгектик талаш тартыштар пайда болгондо 14-16 жашка чейинки жашы жетелектердин ата-энелеринин бирисинин катышуусу мен
Жарандык абалдын актыларын каттоодо эки өзгөчө каттоо бар, биринчиси туулгандыгын каттоо экинчиси өлгөндүгүн каттоо.
Туулгандыгын каттоо үчүн негиз болуп төрөлгөнүн аныктаган төрөткананын маалымкаты (справка) саналат.
Баланын туулгандыгын каттоо үчүн арызды бала төрөлгөндөн кийин 1 айдын ичинде берүү зарыл. Ал эми бул мөөнөт өтүп кете турган болсо анда 1000 сом айып пул салууга алып келет.
Баланын төрөлгөнүн ырастоочу төрөтканадан маалымкат жок болсо анда соттун баланын төрөлгөн фактысын аныктоо жөнүндө чечимдин негизинде туулгандыгы катталат.
Баланын төрөтканада төрөлгөнүн ырастоочу маалымкаттын жоктугу жана соттун чечиминин жоктугу баланын туулгандыгын каттоодон баш тарту
Доо арыз - бул өзүнүн бузулган укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коргоо максатында физикалык же юридикалык жактын сотко кайрылуусу.
Доо арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш ;
Арыз берилүүчү соттун аталышы;
Доогердин аты, дареги, байланыш каражаты;
Жоопкердин аты, дареги, байланыш каражаты (белгилүү болсо);
Доогердин талабы;
Доогердин талабын негиздөөчү далилдер;
Доо бааланууга тийиш болсо анда баасы;
Доо арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги;
Доо арыз берүүчүнүн колу, аты, берилген күнү.
Доо арыз менен сотко кайрылууда доонун баасына жараша өкмөт белгилеген өлчөмдө мамлекеттик алым төлөнөт. Мамлекеттик алы
Арыз - бул физикалык жактардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик же мамлекеттик эмес мекеме жана уюмдарга жазуу түрүндө кайрылуусу.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
Мекеме уюмдун аталышы;
Арыз менен кайрылып жаткан физикалык жактын аты жөнү, дареги, байланыш каражаттары (тел.номери, эл.почтасы, Ватсап);
Мазмуну, маңызы;
Сураныч талабы;
Арыз ээсинин колу, фамилия аты жана жазылган же берилген күнү.
Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдын 8-беренесинин талабына ылайык арыздар берилген учурда 1 суткадан кеч эмес мөөнөттүн ичинде катталууга, 14 жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш. Кароонун мөөнөтүн узартуу 30 күндө
БИЗ юридикалык компаниясы үй-бүлөлүк маселелер боюнча төмөнкүдөй юридикалык кызмат көрсөтөт
Нике күбөлүктү кыркуу(бузуу);
Алимент өндүрүү, азайтуу жана көбөйтүү;
Мүлк бөлүштүрүү;
Балдардын жашай турган жерин аныктоо;
Ата-энелик укуктан ажыратуу жана калыбына келтирүү.
БИЗ юридикалык компаниясы сиздерге сапаттуу юридикалык кызмат көрсөтүүгө ар дайым даяр.
Биздин дарек: Ош шаары Ленин көчөсү 339
Тел. 0773 360000 (Ватсап)
#адвокат#адвокатош#адвокатура#юрист#юристош#ош#жалалабад#баткен#карасуу#араван#ноокат#кызылкия#кадамжай#узген#сузак#сот#укук#мыйзам