🟢 Доо арыз - бул өзүнүн бузулган укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коргоо максатында физикалык же юридикалык жактын сотко кайрылуусу.
🔴 Доо арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш 👇;
📌 Арыз берилүүчү соттун аталышы;
📌 Доогердин аты, дареги, байланыш каражаты;
📌 Жоопкердин аты, дареги, байланыш каражаты (белгилүү болсо);
📌 Доогердин талабы;
📌 Доогердин талабын негиздөөчү далилдер;
📌 Доо бааланууга тийиш болсо анда баасы;
📌 Доо арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги;
📌 Доо арыз берүүчүнүн колу, аты, берилген күнү.
🟢 Доо арыз менен сотко кайрылууда доонун баасына жараша өкмөт белгилеген өлчөмдө мамлекеттик алым төлөнөт. Мамлекеттик алымды доо арыз берген тарап төлөйт, бирок иштин жыйынтыгы менен мамлекеттик алымды жана өкүлгө, адвокатга төлөнгөн суммаларды жана башка чыгымдарды жоопкерден өндүрүп алууга болот.
#адвокат #юрист #адвокатура #адвокатош #юридикалыккеңеш #юристош #юридикалыкжардам #ош #жалалабад #баткен #карасуу #араван #ноокат #кызылкия #кадамжай #узген #алай #каракулжа #сузак #сот #мыйзам #адилет #укук #биз #бизюридикалыккомпаниясы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев