Бишкекте “Ы” тамгасын чагылдырган арт-объект пайда болду
Ал "Ынтымак" паркында жайгашып, эстеликке, кыргыз, ыйык, бакыт деген сыяктуу "ы" тамгасы катышкан сөздөр чегерилген. Эстеликте QR-код дагы бар. Ал аркылуу Кыргызстан тууралуу маалымат алса болот.
Мындай арт-объект тургузуу идеясы “Российская газета" басылмасына таандык. Анын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков эстелик Кыргызстан тууралуу көп адам билсин деген максатта жасалганын белгилеген. Идеяны мэрия колдогон.
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар арасындагы курама командасы CAFAнын Борбор Азиялык турниринде коло медаль утту
18 жашка чейинки кыздар арасындагы беттеш Душанбе шаарында өткөн.
Биздин спортчулар Түркмөнстандын (3:1) жана Тажикстандын (3:0) командаларын жеңип, өзбекстандык футболчуларга (1:6) жеңилип, Иран менен тең (1:1) чыккан.
Турнирдин жыйынтыгы:
1️⃣Иран (10 упай)
2️⃣Өзбекстан (9 упай)
3️⃣Кыргызстан (7 упай)
4️⃣Тажикстан (3 упай)
5️⃣Түркмөнстан (0 упай)
Ысык-Көлдүн жээгине 100 метр аралыкта жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп жатат
Кечээ Мамкурулуштун директору Бостери менен Тамчы айылдарындагы пансионаттардын мыйзамсыз деген курулмаларынын ээлери менен жолуккан. Нурдан Орунтаев ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүндөн тарта Бишкек шаарындагы №216 каттамдын маршруткалары автобуска алмашат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Буга чейин жүргүнчүлөрдү бустар ташып келген.
“Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт. Акыркы аялдамалар Ак-Өргөө конушунда жана Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт”, — деп билдиришти мэриядан.
Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот.
Автобустардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылганы айтылды.
Бишкекте Ардак кароол менен Кыргызстандын туусу августтун аягына чейин алынды
27-апрелде “Ала-Тоо” аянтында оңдоо иштери башталган. Мэрия аянттын айланасындагы скверлер, сейилдеген жайлар убактылуу жабыларын айткан.
Муниципалитет Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесине арнап бийиктиги 100 метр болгон (азыр 45 метр) туу орноторун пландап жатат.
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, куттуктоонун текстин жарыялады.
Анда өлкө башчы борбор калаанын аймагында байыркы Жүл (Джуль) шаары жайгашканын айтып, бул жерде белгилүү окуялар байма-бай болуп келгенине токтолгон.
"Биздин замандын V-VI кылымдарына таандык Жүл шаарынын калдыктарына археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү иштери быйыл да улантылууга тийиш", — деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле учурда Бишкекте Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашыгы жашап, административдик-аймактык реформанын натыйжасында калаанын аянты ке
00:21
Бул аптада кыргызстандыктар 2 күн гана иштешет. Май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 6-майга чейин эс алуу күндөрү болот. Мындан тышкары, 9-май дагы дем алыш күн.
Бирок эс алган күндөрдүн ордун төмөнкүдөй толтурабыз:
▪️2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күн деп эсептелет
▪️3-майдын ордуна 11-май (ишемби) иш күн болмокчу
Эгер сиз алты күндүк график менен иштесеңиз, анда 1-майда, 6-майда жана 9-майда эле эс аласыз.
Пульмонолог Бермет Естебесова аллергиялык ринит көп убакытка созулса бронхиалдык астма илдетине алып келерин эскертти. Ошондуктан мурундун агышы эки аптадан өтүп кетсе аллергологго кайрылып, тест тапшыруу керек. Адистин айтымында, аллергиялык ринит – сырткы таасирлерге организмдин реакциясы. Ага ар кандай чөптөр, алардын жыты, теректен учкан пырлар, жаныбарлардын жүнү, тиричиликке колдонулган химиялык заттар кошулган каражаттар жана башкалар кирет. Естебесова аллергия иммунитет алсызданганда пайда болорун кошумчалаган.
Мен мисал боло алам, ракты жеңсе болот. Биринчи стадиядан деле "кетип" калса болот, төртүнчү стадиядан да айыкса болот. Мисалы, дарыгериң сабаттуу болуп, сага дем берип турса чоң таасир берет. Химия — бул дүйнөнүн тозогу. Рак менен ооруган кишилер бул дүйнөнүн тозогунан өтүшөт деп ойлойм. Сөөктөрүң, булчуң эттериң ооруйт, кусасың, башың чыңалып жарылгыдай болот. Уу дарыны кабыл алып атсаң денең эмне болот? Ууланат да. Менин жанымда жакшы киши болуп калды, ошол киши мага жакшы таасир берген. Сен ушул дарыны куюп атканда сага жакшы бир нур кирип, айыкканыңа жардам берип, жаман нерсенин баарын алып чыкканын элестет деди да. Бул психологиялык жактан да жакшы жардам берет экен. Жакшы нурду элесте
Показать ещё