Жашоо сага ыраазымын! Ар бир аткан таңым үчүн Жаратканга миң мертебе шүгүр жана ыраазычылык! Жашоо мени үйрөткөн ар бир сабагың үчүн рахмат! Мен жеткен ийгиликтер жана мен кулаган бийиктиктер үчүн ыраазымын! Мен жашап өткөн оор күндөрүм үчүн, жоготууларым жана тапкандарым үчүн рахмат! Ар бир көз жашым, кайгым, күлкүм жана кубанычым үчүн ыраазымын! Сынооң үчүн рахмат жашоо! Менин жолумдагы мен чалынып жыгылган таштар, чуңкурлар, тикендер үчүн рахмат. Алар мага мол тажрыйба, эстен кеткис  сабак жана унутулгус элес болуп калды. Башыма түшкөн кара түн үчүн жана ааламга учура бактылуу кылган бакыт үчүн рахмат! Жашоомдо кезиккен ар бир адам үчүн ыраазымын! Мага кайталангыс көз ирмемдерди тарту
Сени ыйлаткан жана жүрөгүңө азап берип, дилиңди ооруткан жашооңдогу адамдар менен үнсүз коштошуп кайрадан алар жөнүндө ойлонбоо, алар менен байланышпоо өзүң үчүн кам көрүүнүн жана өзүңдү сактоонун эң жөнөкөй жолу... Ал сенин жашооңдун маңызына айланып калса да андан кетүүнү үйрөн! Сенин дем алууңду ал адамга улап берген эмес! Сен эңсеген бакыт анда эмес, башкада да эмес. Сен каалаган бакыт сенин өзүңдө! Аны ар кайсы адамдан же болбосо ар башка шаардан, өлкөдөн издөөнү токтот. Бакыт сенин ичиңде! Сени азапка салган адамдын жанында ал берген азаптан кыйналгандан көрө, андан алыста аны сагынып жашаган бир кыйла жеңил! Өзүңдү өзүң баала! Өзүңдү өзүң сакта, аярла жана корго! Бул тирүүлүк качан
Кечирим сураймын... Бирок бул жолу кимдир бирөөдөн, же болбосо баарынан эмес... Бул жолу өзүмдөн! Ооба өзүмдөн өзүм кечирим сураймын. Жүрөгүмдөн,  сезимимден... Өзүмдү кыйнаганым, азаптаганым жана жерге урганым үчүн.  Жүрөгүмө оору келтирип аны сыздатканым үчүн. Аны аярлап, сактай албаганга берип кор кылганым үчүн. Уйкусуз түндөрүм үчүн. Төгүлгөн көз жаштарым үчүн өзүмдөн кечирим сураймын. Өзүмдү сактай албаганым, өзүмдү баалабаганым үчүн. Дил ооруткан сөздөрдөн жан дүйнөмдү коргой албай аны кирдетип алганым үчүн... Качан өзүмө гана таандык жана керек болгон дене менен жүрөк ооруганда баарын түшүндүм. Өзүмө сөз бердим мындан ары өзүмдү аяп, сүйүп жашайм деп! Бул жашоодо өзүңө гана керексиң!
Эгер канчандыр, кайсы бир мүнөттөрдө эсиңе түшсөм кайгылуу күндөрүбүз менен эскербе... Биздин жашообуздагы оор болгон, кайдыгерлик каптап муздактык ээлеген соңку күндөрдү жөн гана унут. Экөөбүз жат адамга айланып кеткен акыркы күндөрдү мээңден өчүрүп сал... Жаңы таанышкан, сезимибиз эми гана бүчүр байлап келе жаткан убактар менен эскер мени. Бакытка толгон учурларыбыз көп болгон. Ширин күндөрүбүз санаксыз өткөн... Ошол бойдон сенин тарыхыңда калайын... Мени гана күнөөлөбө, менин мойнума гана илбе. Тан ал, сенден да көп жаңылыштык кетти. Биз экөөбүз тең ката кетирдик. Сендеги чечкинсиздик, мендеги кур намыс биздин ааламда жок сүйүүбүздү жок кылды... Мен дале сени сагынам, мен дале сени эстей
Жолукпады дебейм... жок жолукпайт сенден жакшысы деп да айтпайм. Жашоо жолумда сенден мыкты, сенден камкор, сенден өткөн жакшы жолугат албетте. Бирок сөз укпас  жүрөгүм сен жаманды сүйүп, сен жаманды сагынып өтөт... Бул кургур жүрөк дегениң адамды жакшы жаман, сулуу же өңү серт деп бөлүп олтурбайт экен го.... Жүрөк өзүнүн көксөгөнүн тапкан адамды гана тандайт туура... Билесиңби ошол сенден миң эсе мыкты, жакшылар бир сен жаман берген жылуу сезимди бере албаса, көөдөнүмдөгү баягы боштукту сенден бөлөгү толтура албаса, сен жамандан алган жылуулукту жүздөгөн жакшыдан ала албасам алардын жакшы, мыкты экенинен не пайда??? Жалгызым (Назик)...
Адам көңүлүн адам даарылайт... Бул сөзгө ишенчү эмесмин. "Кантип эле жаралуу көңүлдү даарылоо болсун?" - деп... Мындан көп убакыт мурун дүйнөмдү сындырып алдым. Оор жоготуудан, тагдырдын катуу соккусунан улам чачырап кеткен эле. Ошол бойдон аны өзүм кураштырдым. Ар бир сыныгын аярлап кадам жайгаштыргам. Эч кимди жардамга чакырбадым, жардамга келгендерге да кол сунбадым... Анан, анан эле СЕН! Кайдан келдиң, кантип келдиң билбейм... Уруксаатсыз эле ошол дүйнөмө бастырып кирдиң да, аны өзгөртүп жибердиң. Сыныктарын жамаган мен болсом, сен боёк бердиң. Ак жана кара өңдө гана болгон дүйнөм,  көк, жашыл, кызыл, сары, күлгүн түстүү боёк алып чачылып жатып калды. Дүйнөмдү ирээтсиз кылганыңа ачуум ке
Эч ким сага бакыттын мойнуна аркан салып алдыңа сүйрөп келип бербейт! Ал үчүн өзүң күрөш! Өзүң аракет кыл!" - бул сөздөрдү качан жана кайдан окуганым эсимде жок, бирок акылыма аябай бек сакталып калыптыр... Ар бир жеңилүүмдө, ар чалынып жыгылганымда негедир ушул сөздөр эсиме келет. Чыйраламын. Кайра ордумдан түрамын да алдыга карай сапарымды улаймын. Эч кимдин тагдыры жеңил эмес. Бирөөнүн жеткен ийигилигинин жыйынтыгын көрүп эч качан ага суктанба. Анткени сен жыйынтыкты көрдүң, аракетин эмес. Бул деңгээлге жеткенге чейинки маңдай терин сен билбейсиң. Балким бул жыйынтыктын баасын башка жол менен төлөп бергендир...   Жашоо мага көп нерсени көрсөттү. Айрымдары жөн гана элес болуп калса, көбү ч
—Сенсиз өткөн жылым. Сенсиз өткөргөн оор мүнөттөрүм... сенсиз кечирген кыйынчылыктарым. Сенсиз атпаган таңдарым. Өзөгүмдү өрттөп, көөдөнүмдү жарган сендик азап. Сенсиз жашаган күндөрүм. Жанымды кыйнап, азап берген сенсиздигим... Ооба жашай албайм дечүмүн. Дем ала албай каламын дечүмүн сенсиз. Аалам сөгүлүп кетчүдөй туюлчу сенсиз калсам. Айланам тумандап мен өзүм адашып кете тургандай сенсиздиктен коркчумун. Жашоо болсо мунун баарынын тескерисин жасайт туура. Сендик менен жашап, сенсиздикти элестете албаган мага сенсиз жашоону үйрөтүп койду. Жашап жатамын, умтулуп жатамын! Дале алдыга карай жылып баратам. Тизелеп жыгылып, чөгөлөп олтурганымда келип колуң созуп тургузуп кеткен сен, кийин өзүң
Жанымда бол. Бүгүн. Эртең. Ар дайым... Суранам коюп жибербе. Колумдан бекем кармап жүр. Сенин алаканыңдан сендеги жылуулук жүрөгүмө, денеме, дүйнөмө тарасын. Ооба мен  тагдырдын аёосуз жолдорунда үшүгөм. Жүрөгүм муздап калган. Сенден жылынайын. Бийиктикке учуп баратам "сен" - деген үмүт канатыма ишенип. Кыркып алба. Кулап түшүүмө жол бербе. Мени корго. Анткени мен ошого муктажмын. Тагдырдын катуу бооронунан сенин колуңдан кармап, сенин артыңа өтүп жашынайын. Жыгылаарымда сени жөлөк кылайын. Оор күндөрүмдө сенин ийиниңе башымды жөлөйүн. Дүйнөдөгү жалгандардан, дил ооруткан ушак сөздөрдөн, көңүл калтырган армандардан сенин кучагыңда эс алайын. Дүйнөм сен жыттанып, сендик сезим жүрөгүмө тарап м
  • Класс
Показать ещё