Бүгүн. Эртең. Ар дайым...
Суранам коюп жибербе. Колумдан бекем кармап жүр. Сенин алаканыңдан сендеги жылуулук жүрөгүмө, денеме, дүйнөмө тарасын. Ооба мен тагдырдын аёосуз жолдорунда үшүгөм. Жүрөгүм муздап калган. Сенден жылынайын. Бийиктикке учуп баратам "сен" - деген үмүт канатыма ишенип. Кыркып алба. Кулап түшүүмө жол бербе. Мени корго. Анткени мен ошого муктажмын. Тагдырдын катуу бооронунан сенин колуңдан кармап, сенин артыңа өтүп жашынайын. Жыгылаарымда сени жөлөк кылайын. Оор күндөрүмдө сенин ийиниңе башымды жөлөйүн. Дүйнөдөгү жалгандардан, дил ооруткан ушак сөздөрдөн, көңүл калтырган армандардан сенин кучагыңда эс алайын. Дүйнөм сен жыттанып, сендик сезим жүрөгүмө тарап мага бакыт тартууласын. Менин алсыз, назик экенимди сен гана туя алдың. Сен гана дүйнөмө үңүлө карап андагы кыяматты көрө алдың. Өзүм да баш баккандан коркуп олтурган ал караңгы дүйнөгө биринчи сен кирип жарыкты жандырдың. Ошондуктан болсо керек сага гана ишене алдым. Колумду бердим. Бекем карма. Эч качан коё бербе. Жанымда бол. Бүгүнүмдө. Эртеңимде. Түбөлүгүмдө...
Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3