Тиш ооруганда: сарымсактын бир тишчесин узунунан кесип, ооруган тишиңизге коюп коюңуз. 15-20 мүнөттөн кийин тишиңиздин оорусу басаңдайт.
Ангинада, мурун бүтүүдө жана көк жөтөлдө: Бир нече тишче сарымсакты майдалап, бир күндө бир нече жолу жыттаңыз. Жөн гана искеп койбой, анын жыты менен дем алуу сунуш кылынат.
Ангинада: 2 тишче сарымсакты майдалап туурап, 1 стакан кайнатылган жылуу сууну үстүнө куясыз. 1 саат демдеп коёсуз да, андан соң тундуруп алып, маңызы менен тамагыңызды чайкасаңыз эң жакшы натыйжа берет.
Жөтөлдө: 1 чай кашык сарымсактын ширесин 1 стакан жылуу сүткө аралаштырып, бир күндө эки маал ичиңиз.
Сасык тумоонун алдын алууда: сарымсакты жанчып, бир кабат марляга ороп мурунуңуздун үстүнө коюңуз.
Канды жашартууда, уйкусуздуктан арылууда: 350 г сарымсакты жанчып, 24 даана лимондун ширесин сыгып аласыз. Экөөнү аралаштырып банкага куюп, оозун марля менен жаап байлайсыз да, 24 саат тыныктырып коёсуз. Колдоноордо аралаштырасыз. Күн сайын жатаардын алдында 1 чай кашык аралашманы жарым стакан сууга кошуп ичесиз.
Ашказанды тазалоодо: бөтөлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн тууралган сарымсак менен толтурасыз. Үстүнө бөтөлкөнү толтуруп арак же 50-60 пайыздуу спирт куюп, жылуу жерге 14 күн коюп коёсуз. Күн сайын чайкап туруу керек. 5 тамчы маңызды 1 чай кашык муздак сууга кошуп, тамакка чейин бир күндө үч маал ичесиз.
Кабарууда: Бут кийим өйкөгөндө же дагы башка себептер менен бут, кол кабарганда сарымсак жардамга келет. Ал үчүн: 3-4 баш сарымсак, 5 чоң кашык сүт, алоэнин ширеси, бир нече бака жалбырак керектелет. Сарымсакты тазалап, майда кыргычтан өткөрөсүз. Бака жалбыракты жанчып, сарымсакка аралаштырасыз. Ага кайнаган сүттү жана алоэнин ширесин кошосуз. Пайда болгон аралашмага пахтаны чылап алып, кабарган жериңизге сүртөсүз.
Герпесте: Эринге чыккан жараны айыктырууда бир тишче сарымсакты майдалап туурап, ширесин жарага сүйкөңүз. Эриниңиз ачышат, бирок, жара кургап, тез айыгат. Мындан тышкары, сарымсактын ширеси жарага инфекциянын түшүшүнөн сактайт.
Сарымсак косметологияда
Безеткиден арылууда: 1 жумуртканын агына 1 чай кашык бал, 1 чай кашык сабиздин ширесин жана 1 тишче сарымсактын ширесин кошуп аралаштырып, бетиңизге маска кылып жабасыз. 20 мунот кармап, жылуу суу менен жууп саласыз.
Чач түшкөндө: Сарымсак кылымдардан бери чачтын түшүшүнө каршы табигый каражат катары колдонулуп келет. Жатаарда сарымсакты жанчып, башыңыздын терисине сүртүңүз да, шапке кийип жатып алыңыз. Эртең менен жууп салыңыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26