Предыдущая публикация
Өзүңдөн үзө албай күдөрүмдү,
Айыктырып сен өзүң алган элең,
Оорутуп кеттиң кайра жүрөгүмдү.
Чыныңбы, тамашаңбы биле албадым,
Же мени атайы эле сынадыңбы.
Караңгыда жагылды элең чырак болуп,
Өчүрүп салдың кайра чырагыңды.
Кейибейм, жазганы да маңдайыма,
Таарынбайм, кайра сенсиз калганыма.
Өкүнөм, азаптардан сууруп алып,
Кайрадан азаптарга салганыңа.
Мейли эми, өкүнүчтүн кереги жок,
Кайрылбайт, өткөн өттү, кеткен кетти.
Өчүрө кет, арман болуп калбасынчы,
Жүрөккө өзүң келип жаккан отту.
Жыргалбек Усенов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Жазган ыр саптарында суйуунун гулу гулбурагын чачып анан тутоп очпой калган оттундун чычаласындай быкшыйтго кантседа жылдар отсода армандуу суйуу окунуч бойдон омурду коштойт