2-бөлүм
Бир -биринин аяган болуп гана жашап күн өткөрүп баштагандай. Балдары атамды акыркы күндөрү көрүү, биз үчүн кыйынга турду го -деп,Берметтин зээнин кейитет. Жарылбаган жарадай араң турган жүрөгү, бир сайышып ооруп алат.Бар жердин кызы болгонго ,эч нерседен кор болбой чоңойгон. Жалгыз гана кыз болуп кареги менен айланып турар эле ата -апасы да. Мына эми турмуштун сыноосуна дуушар болуп өзүн жеңилип калчудай сезип корко берет. Канчалык эрке кыз болгону менен оор мүнөз , көп чыр чыгарып уруш кылчу эмес. Бир күн адам болот да- деп ,Асанды аяп жашоо баштады. Анткени Асан да элдердей арак ичкен эмес. Ата -энеси жардамдашып ,шаардан үй алып берген. Кызматка жайгаштырган да Берметтин ата-энеси эмеспи? Бирок Бермет эч качан айткан да эмес, менин туугандарым сени адам кылды -деп. Көп балалуу үй- бүлөнүн баласы болгон. Эң чоңу эле Асан. Бирок акыркы күндөрү өзгөрүп барат. Кичине баласы Азирети алып базарга эртелеп жөнөдү. Анткени саат он экиге мектепке жөнөтүү керек. Жолдон такси кармап олтуруп баратып ,көзүнө уруна түшкөн Асанга тигилип;
-Токточу иним токтоп турчу.
-Эжеке тынчылыкпы?
-Акмак , айдай бер кеттик .Көз жашы төгүлүп барат. Өз көзү менен жаш кызды колтуктап бараткан күйөсүн көргөнгө ичи күйүп баратты. Эх ошондогу жердин каттусу ай, эгерде жумшак болсо кирип кетмек эмес беле. Базарга жетип чала -була эсинде барын алды да ,үйдү көздөй бет алды.
-Апаа ыйлабачы. Сизге не болду баласы ыйламсырап эрчип жүргөн.
-Кантип ыйлабай кое аласың балам , көзүмдөн жаш сыртка чыгып кетсин, ичимде калбасын.Жүрү балам сабактан кечикпе. Аптыгып үйгө келип , баласын мектепке даярдап жөнөтүп коюп. Үнүн болушунча бакырып ыйлап алды.
-Акмак канчалык көзүңдү караган сайын ,жүрөгүмө тикенек даярдап жүргөн турбайсынбы? Сага ишенген мен акмак. Болду бүттү !Баары бүттү !Мен сени менен башка жашай албасымды билгин!
Бирок ал күнү Асан үйгө келбеди. Шаар ичиндеги мейманканалардын биринен жай алып ,жаш сүйгөнү менен бирге эс алып кетти. Капысынан досу Эдилдин туулган күнүнө барып ,таанышып калган. Эдилдин аялынын сиңдилери болчу. Туруктуу иши жок, көрүнгөн эркек менен убакыт өткөрүп жүргөн, Айганыш аттуу келин эле. Кандай имерилип кеткенин Асан өзү да билбейт. Эдил да көп ирет эскертүү берди
-Досум бул кыздан алыс жүр. Үй бүлөңдү талкалап аласын -деп.
-Бермет мен эч качан таштап кетпейт . Мен ага ишенем. А бул кыз менен убактылуу көңүл ачам да таштап кетемин .
-Тузагына илинип калсаң, сени ажыраштырып тынат , кантсе да мени айтпады дебе досум .
-Мен ичпей , чекпей кантип тузагына түшмөк элем. Оңой эле чыгып кетем .
-Чоң сүйлөбө дос . Балдарың да чоңоюп келе жатат , алардын келечегине жол тоспой .
-Макул , башка жакындабай жүрөм -деген. Бирок кайдан , айланып эле колуна түшүп берди.
- Мейманканада олтуруп ичимдик да ичирип өзү билгендей Асанды колундагы куурчакка айландырды да калды.
- Асаке мени сүйөсүңбү же картайган кемпириңдиби? Олжоркуй тамекини жандырып колуна карматып.
-Албетте сени да жаным . Өзүнүн кимдигин билбеген байкуш.
-Хмм, демек мени ээ.
-Ооба ,жаным ооба.
-Анда качан өз үйүбүз болуп көчүп келесин.
-Ага ашыкпай тур да балдарым бар. Бир күн болот . Баары жакшы болот.
-Жоок мен күтө албаймын. Сени менен эрди- катын болуп жашагым келет. Менин да балдарым болуусун каалаймын, түлкүдөй куу болуп.
-Болот -дедим го. Баары болот.
-Мм ,үч күндө бир чечимге кел же аны танда, же мени танда. Мен кеттим.
Сенден башка да толтура мени сүйгөндөр.
-Асандын жанында болгон акчасын сактап койгон баарын алып чыгып кетти.
Аргасыз үйүнө барууга туура келди. Араң чыгып машинасына олтурду да ойду -келди жол менен баратты. Араң гана үйгө жеткенде түшө албай олтура берди. Саат да түнкү бирден өтүп бараткан.
Бермет балдарын уктатып коюп ,өзү санаага чөгүп олтура берди.
Алсыз бүлбүлдөгөн шам чырак гана өчүп жанган болбосо, караңгылык ааламды чөгөрүп алган эле. Коңгуроодон колун албай баскан Асан Бермет жеткенче сөгүнүп ,ызырынып жатты. Ачар замат муштап , тепкилеп жөнөдү. Балдары ызы-чуудан чыгып ортого түшүп жатты.
-Мен кетемин. Мен сени көргүм жок ,кетемин.
-Кетсең кет балдарга мени тирүү калтыр. Келечеги не болот -деп жалынып ыйлаган Берметти топтой тепкилеп жатты. Араң ажыратып апасын ,жарылган жерлерин таңып чыкканча , Асан үйдөн узап кетти. Туура эмес жол тандаганын билген да жок. Машинасын болушунча ылдамдык менен айдап баратып, даракты сүзүп токтоду. Көзүнөн от чыга түшкөн боюнча эч нерсени билбеди.
Бермет адаттагыдай балдарын мектепке жөнөтүп ,көк ала болуп ооруп турган жерлерине даары коюп бүткөндө , эшиктен коңгуроо чалынды.
Ача салып эле эсин жогото
-Тынчылыкпы?
-Мен Тилек Маматов . Милиция бөлүмүнөн. Сиз Бермет Сулаймановасыз?
-Ооба мен Бермет....
-Сизди бөлүмгө алып кетебиз. Сиз кечинде күйөөңүзгө чыр чыгарып, мас абалында үйдөн кууп чыкансыз. Ал азыр оор абалда . Оозунан сөзү учкан Бермет телефондон апасына чалып ,балдарын дайындап.Колуна кишен салдырып машинага олтурду. Башы тумандап эч нерсеге түшүнбөй гана баратты. Кандай суроолорду берип ,жооп алып жатканын да билбеди. Бар болгону көз алдында колтукташып бараткан жаш аял келип, кечиндеги тепкилеп уруп кеткени гана тартылып баратты.
-Баары мыйзам алдында чечилет Ыйлай бербеңиз. Күчтүү болуңуз. Сизден башка да күйөөңүздүн аялы бар беле. Ошол үстүңүздөн арыз жазды -деп ,толуктаган болду бирөөсү. .Бирок ал сөздөр жөн гана желге учуп бараткан.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4