«Акмак атка минсе кудайды унутат,
Аттан түшсө атты унутат.»
«Колдон намыс кеткенче, канжыгадан баш кетсин.»
«Мөмө берген даракка таш ыргытпагын.»)))
«Акылы аздын азабы көп.»
«Өткөндү билбеген, бүгүнкүнү тааныбайт.»
«Эшек суу ичкен жерин ылайлайт.»
«Алдамчынын арканы менен кудукка түшпө.»
«Карышкыр конокко чакырса итиңди ээрчите бар.»
«Жылаан кээде чагат, залим күндө чагат.»
«Аңкоо элге ачкөз молдо.
Бузулган элге бучук бий.»
«Ач бийден ток ит жакшы.»
«Канча мактасаң да эшек төө болбойт,
Канча саасаң да уй бээ болбойт.»
«Эл башы болгуча, суу башы бол.»
«Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.»
«Жер — казына, суу— алтын.»
«Суу кордогон кор болоор, суу сыйлаган зор болоор.»
Директор туулган күнүн шаар четиндеги дачасында өткөрөт экен деп кызматкерлердин баары дүрбөп жөнөп калышты. Кошоматчылары адатынча жүгүрүп кызматын кылып жүрүштү. Ар бири өзүнчө кымбат белек алышыптыр. Канымжан барам деп макулдугун берип алганына аябай бармагын тиштеп өкүндү. Элдей болуп баалуу белек алганга же акчасы болбосо. Куру кол кантип барсын. Эми айдын ортосу болду, али маяна тийчү убакыт келе элек. Кааап, кечээ эле жумуштан чыгып айылга кете бергенде эмне.. Уулу да жол карап зарыгып жүргөндүр. Дайыма чака, чаң сүрткөн чүпүрөк жана башка майда-чүйдө буюмдарды койчу бурчтагы тар бөлмөдө ойго батып отурган Канымжан эшиктин ачылганын да сезбеди.
- Сен эмне бул жерде