3-бөлүм.
Үй суз тартып ,ааламат башталгандай , ар кимиси, ар жерде олтурат, эч кимиси эч нерсе түшүнө албай убара. Тайэнеси тамак даярдап, столго чакырса да келишпеди. Эмнелер болуп кеткенин жаш бала эмес ,чоңдор да биле албай калган учур эле го. Кезинде эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн бири эмес беле. Ким гана ойлоду экен , бир күндө баш аламан болуп , күлүн көккө сапырып таштарын. Батма эне кызын ойлоп ,өзүн оордуна коё албай ,андай гана күнөөсү бар болду , ашыкча сөзү жок эле го , олдо байкуш кызым ай. Не болот , сени олтургузбайм ал жака олтургузбайм . Болгон дүйнөмдү чачып болсо да , чыгарып алам. Үйдүн жарыгы өчүп, жылуулук нуру жетпей , балдары мээримсиз тирүүлөй жетим болуп боздоп көз алдына тартыла баштады. Жоолугунун учу менен көз жаш сүртүп , балдарга көрсөтпөгөнгө аракет жасап.
Берметти алып келип киргизген боюнча кабар алган киши да болбоду. Эч кимди киргизбейт, кабар да бербеди. Бир тууган ага -инилерине Асан өзүнө келмейинче эч нерсе кыла албайбыз -деп түңүлтүштү. Арадан эки күн аралык өттүп баратты. Врачтар да күтүүдөн башка арга жок -деп коюшту.
Бир күндө чачын ак аралап баштаганын Бермет өзү да сезбеди, суракка да албады . Эч нерсени түшүнө албай олтура берди.
Арадан үчүнчү күн дегенде гана араң көзүн ачкан, Асан сыртагы жаңылыктан бейкапар эле. Жанында олтурган ата -энесине
-Мен кайдамын , мага эмне болду?
-Сен больницадасын. Мас болуп даракты сүзүп токтопсуң.
-Бермет кана, ал неге келбеди? Апасынын кыртышы сүйбөгөндөй .
-Эми сага Бермет керек болуп калдыбы? Башка да катын алып алыпсын го. Ошонуң арыз жазып каматтып койгон. Алтындай аял эмес беле Бермет.
-Эмне , каматтып. Түшүнө албай калды. Атасы да толуктады.
-Алда байкуш келиним , үн сөзү жок эле. Ооба жаш катының . Жактырбагандай. Ошол кезде милиция кызматкери кирип келди.
-Чыгып турасыздарбы? Биз өзүбүзчө сүйлөшүп алсак болор бекен. Туугандары чыгып кетишти. Кылчак гана атасы кайрылып тиктеген болду.
-Мына мырза , сизди күттүп аялыңызга да сурак жүргүзө албай жатканбыз. Башынан баштап айтып бериң иштин чоо жайын.
-Кандайча аялыма сурак. Мен арыз жазбадым го.
-Сиздин экинчи аялыңыз арыз жазып таштады.
-Түшүнө албадым кандайча экинчи аялым. Ким экен.
-Оой акылың жайындабы? Айганыш сулуу.
-Ал мени мас кылып тоноп кеткен го. аял кылып алган да эмесмин.
-Анда аялыңды эмне себептен токмоктодуңуз?
- Арак ичпейт элем, кызууланганмын го.
-Анда Айганыштын үстүнөн арыз жазып бериңиз.
-Макул. Алсыз гана араңдан кагазга чиймелеп жазып баштады. Жүрөгү ооруп турса да, балдарымдын апасы жанында болсун деген ой гана ээлеп турду.
-Саламат болуңуз мырза. Бат айыгып кетиңиз- деди да ,чыгып кетти.
Түз эле Айганышты издеп жөнөдү.Издештирип олтуруп Эдилдин үйүнөн тапты.
-Бизге арыз таштаган айым сиз болосуз да.
-Ооба не болду? Эрим бир өлүмдөн калып жатса ,жазамын да.
-Анда неге эриңиздин жанында эмес ,бул жакта жашынып жүрөсүз.
Сөз таба албай буйдалактай түшкөндө
-Эми сиз арыз жазып киргизген аялдын ордуна өзүңүз барасыз.
-Кармагыла!!!
Колунда шаркылдатып кишенди салды да, түз эле алып жөнөштү. Бакырып баштады эле ,колун каттуурак кысып койду ,эгер дагы кыйкыра турган болбоңуз.
Эдилдин не болгонуна анык көзү жетти . Досунун акыбалын суроого үчүн жөнөп калды. ,,Аттиң мени угуп койгондо ,үй -бүлөң талкаланбайт эле го. Мындай үй -бүлөнүн эченин талкалаган Айганыш" күбүрөнүп машинасына олтурду.
Үч күндүн аралыгында суроо ,жоопсуз олтурган Берметти
-Бермет Сулайманова, сиз бошсуз. Эшикти ачып арык гана милиция кийимин кийген бала жол баштады.
- Жүрүңүз. Эрчип баскан Бермет чыга беришке келгенде.
-Бул аял ,сиздин үстүңүздөн арыз жазган. Сиздин ордуңузда өзү олтурат.
Саламатта барыңыз.
Көчөгө чыкканда гана таза абадан кере дем алып ,оор күрсүнүп алды. Эх жашоо менден не жазыктар болду эле. Ойлуу кадам салып баратканда ага -инилери келип курчап кетишти. Бооруна кысып ыйлаган атасына ;
-Атакебай болду ыйлабаңыз баары бүттү. Жүрүңүздөр үйгө -деп жол баштаган болуп. Машинага олтурушуп ,эрчишкен эки машина куушуп келе жатты. Үй ичине жарык кут алып келе жаткан эле. Зымырап жол бою учкан куштай баарын артка калтырып заматта үйгө алып келди.
Батма апа чыныга сууну көтөрүп тосуп алды.
-Айланайын берекем менин ,башыңдан бак кетпесин, бөдө кырсыктардан алыс бол кулунум. Түкүр кана сууга, үч жолу түкүргөн болду да ,үй ичине шашылды . Балдарын көрүүгө аптыгып турду. Бооруна басып олтурду. Дасторкон жайылып ,тамак коюлган соң гана атасы сөз баштады.
-Балам үйдү сат биз жакка кет. Эми силердин жашооңор уланышына көзүм жетпейт. Бул жерде жалгыз балдарды баккандан кыйналып каласын. Биз жардам беребиз. Ойлуу олтурган Берметке
-Ата ойлонуп көрөйүн, мүмкүн сиз айткан да тура чыгар.
-Ошент кызым биз айылдан үй караштырып туралы иниң экөөң сатып балдарды алып барасыңар.
-Макул ата. Ашыкча сөз болбоду.
Дасторконго бата берилип ,ар ким өз тирилигине жөнөп кетишти. Үйдө адаттагыдай балдары менен калган Бермет жана иниси. Эртелеп үйдүн сатылышы тууралу уккан Айжаркын апа ,балдарына алып берүүнү туура көрдү. Москвада жөнөтүлгөн акчаны топтоп жүргөн эне дароо сатып алды. Бермет болгон жүгүн машинага жүктөп айылга бет алды.Жүрөгү бир оор жүктөн арылып бараткандай кере дем алганы менен ,үч баланын жүгүн жалгыз өзү көтөргөнүн эстеп оор улутунуп алып баратты.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2