5-болум
Шарактап бараткан поезд чарчап калган сыяктуу така-тук ,така- тук болуп араң гана сүйрөп келе жаткандай ,вагон толгон адамдар , ар кимиси өзү менен өзү. Бири уктап баратса, экинчи китепке, гезит ,журналдарга кадалат. Кээ бирлери карта ойношуп өздөрү менен өздөрү. Кыргыздардан экөөбүз гана Мурат арактын күчү менен уктап кетти. Өзүмдү жалгыз калгандай сезе баштадым. Телмирип сырттан көзүмдү албайм кыштын күчү ак кардан башка ,эч нерсе көрсөткүсү келбегендей. Себелеп жааган ак кар узакты көрсөткүсү келбей кызганып жаткансыды. Жете албай жатып Мекенге болгон сагыныч козголо баштаган көрүнөт , көзүмдүн кычыгынан арсыз жаш томолонуп түштү.. Кантсе да жигит эмесминби ? Ошентип олтуруп жетип барганыбызда ,алгачкылардан ышкырып үйлөгөн аяз суугу тосуп алды. Мурат жашаган жерге жете барганыбызда , карыган орус кемпир
-Здравствуйте Миша. Мой сынок как там, все порядки. Мурат колундагы сумкасын таштай салып ,кучагын жайып
-Здравствуйте тётя Наташа. Все хорошо. Вам как? Мария где?
-Мне тоже хорошо. Мария школа -деп бир канча сөз менен үйгө жол баштады. Бул ачкычың ,кире берсең болот. Киргенде көптөн бери адам жашабай муздап калган үй ичи , ичиркенип тургандай. Жанаша коюлган эки кроват анан кичинекей столдо катар эки олтургуч орун алыптыр. Оюмча менден башта да, эки адам болуп жашап жүргөндөй. Экөөбүз кирип жайгашып , ал күнү эртелеп уктап калдык. Эртеси күнү жумушка эрчитип барып жайгаштырып шахтада иштеп баштадым. Жашоомдо оор жумуш аткарбаган жаным мага өтө эле оор болду. Атым да өзгөрүп ,Асан эмес Аликке айланды. Суугу күчтүү болгонго бул жердеги жергиликтүү калк көнүп калыптыр. Тартпаган кыйынчылыкты тартып ,турмуш кадырына түшүнүп баштадым. Адам баласы ит жандуу келет эмеспизби? Акырындык менен көнүп да калдым. Учкан куштай убакыт желге учуп өтүп жатты. Алгачкы алган айлыгым , үй акысына , Мураттын кетирген чыгым акчасына жетип берди. Ак көңүл ичинде кири жок жаны менден ашыкча акча талап да кылбады. Иште досум үй -жай кылып ал -деп , дайыма жардамын берип турчу. Бир аз тык этип ичип алмай адаты эле болбосо адамга жамандыгы жок эле.. Антпесе суукка туруштук берүү өзү оор . Жыл айланып баратты , тапкан акчамды салып иниме , борбордон эки бөлмөлүү үй алганга жетиштим. Жалгыз үмүтүм акча таап барып , жеке ишкана ачып, бизнес баштаймын, ошондо Бермет мени кечирет . Биз чогуу жашайбыз деген эле ой . Бирок андай болсо кана ойлогон ойду , кыстаган турмуш жеңет болду.
Жаңы -жыл келип тосуп калдык. Биз менен үй кожоюну , кызы болуп бирге тостук. Эч ичпеген жаным , шапанский эле эмеспи ,алып жибер деген үгүт менен ичип жибердим. Биринчиси кыйналып киргени менен кийинкилери өзү эле кете берет экен. Ошентип кызып бараттым. Мураттын үй бүлөсү болгонго майрамды өткөрүп кайтканы жаткан учуру. Мен болсо дагы бир жылдай иштеп алып анан биротоло кетем дегем. Бирок андай болбой калды го ,аттиң. Мария мектепте мугалим болуп иштечү. Күйөсү менен ажырашып апасы менен бирге жашоочу. Үч жыл аралыгында аял кишиге жакындабай жүргөн жаным , ичиме киргенде жан дүйнөмдү өрттөп , башкача дүйнөгө багыт алып бараттым. Улам -улам жакындап мага ынак болуп бараткан Мария , өз бөлмөсүнө тарта баштады. Мастыгымды пайдаланып калды көрүнөт, Эртеси турсам жанында жатыпмын. Кийимдерим ар жерде чачылган . Мен эле эмес Мария да энеден туума жылаңач , уктап жатыптыр. Эч нерсе эстей албай башым жарылып кетчүдөй ооруп турат. Суусап тилим жөн эле оозума батпай калыпмын. Араң сүдүрөлүп туруп ар жерден чогулта кийимимди кийдим да, өз бөлмөмө шашылдым. Киргенимде Мурат уйкусу жок мени күтүп олтуруптур.
-Не кылганың Асан. Эми жипсиз байланып алдың ,сени оңой менен коюп жибербейт го.
-Мурат эч нерсе билбеймин. Мас болуп калыпмын.
-Эми не кылмаксын , Мария менен каласынбы? Күтүлбөгөн суроо узатты. Башымды чеңгелдеп алып
-Билбеймин -деп , жооп бердим.
-Сен билбесең ,мен билем тузагына өзүң түшүп бердиң.
-Азгырылган турбаймынбы ? Акылсыз мастык менен. Мага кеңеш бер . Эмне кылуу керек?
-Билбейм. Мен эртең жолго чыгам кайтып келбесимди билесин да .
-Ооба.
-Анда азырынча сыр бербей иштеп жашай бер. Байкатпай билет алып Москвага бар. Мен сен ошол жактан күтөмүн. Мага түшүндүң да ээ.
-Аракет кылам.
-Сүйлөштүк анда. Мен жумуштарым бар , сен эс ал -деди да көчөгө чыгып кетти.
Өзүмдү өзүм жемелеп жектеп олтурдум, бир арак ичем үй жайсыз балдарымдан , аялымдан ажырап калбадым беле эми эмне жоруктарды жасап жибердим , өткөнүн эстей албай башымды мыкжый кармап олтуруп калдым. Бир жыл аралыкта жакшы жүрүп бир күндө , өзүмдү жолдон адаштырып алганыма эзилип турдум. Ал күнү эч жакка чыкпай үйдө өткөрдүм. Эртеси Муратты узатып келип , өз бөлмөмө киргенде , артымдан кошо келген Мария ,мени энчилеп алган эри сыяктуу эле пайдалана баштады. Жумуштан тапкан акчамды эсептеп алып , колума тыйын карматпай койду. Күндөрдү туткун кылып камап туруу мүмкүн эмес тура , шыпылдап убакыт да өтүп жатты. Күндөрдө боюнда барлыгын айтып сүйүнчүлөп калды. Мен болсо өмүрүмдүн калганы ушул жерде өтүп , өлүгүм жат элде каларын туя баштадым. Мураттын сөзү менен паспортту жоготуп алганымды айтып жашырып жүрдүм. Антпесем качып да кете албай калчуудай элем. Ошентип жашоодон чарчаган абалым менен ичкиликке жетеленип баштадым. Марияга теңелип ичем да , өз укугумду бербей талашып уруша кетем. Эр дегенди сыйлайт , тамагын кылып берет -деп. Акырындык менен мага баш ийип баратты. Бирок акчанын эсебин алып турат , иштеген жумушума чейин барып сурап келет. Түйүлдүк чоңоюп , бала болуп чыга келди кыз төрөдү . Мага окшоп кара тору болуп төрөлсө боло. Көзүмө көрүнгөндө таштап кете албай кылчактап калдым. Алия деп ысым берди. Кызга кармалып үч жыл өмүрүмдү Якутияда өткөрдүм. Акырында тыйындан чогулган акчам билетке жетип калыптыр. Түн ичинде олтуруп башка айылга өтүп кеттим. Андан ары темир жолго билет алып Москваны көздөй бет алдым. Ичимдин ачышканын айтпайын. Бир балам көлдө, бир балам чөлдө -деп, чала-була көз жашымды агызганга да үлгүрдүм.. Кутулганым үчүн сүйүнгөнүм менен алдыңкы жашоомдо кандай сыноолор күтүп турганы ,жүрөгүмдү эзип баратты. Байкалбаган күндөр менен беш жыл суугу күчтүү , түкүрсөң , түкүрүгүң жерге жетпеген , чоочун калаада , чоочун аял менен өтүп кетиптир Жанымда ашыкча жарым чакам жок . Же тааныштарым жок Москвага кирип келдим. Кеч күз эле поездден түшкөндө ар күнү ар жерде түнөп калып кетем. Акырында көзүмө көрүнгөн кыргыздардан жардам сурап баштадым. Азыркыдай көп кыргыз кайдан. Анда -санда бир кездешчү. Жакшы адамдар ааламда көп- деп, бир жаш бала ,өзү иштеген жерге эрчитип барды ,подвалда жашайт экен. Двордо иштеймин аке бекер жашаймын ,азырынча мында туруп туруңуз . Иш караштырып көрөйүн -деп жалооруй. Курсагымды тойгозуп, аз да болсо санаам тынчып, уйкуга кеттим. Чындыгында кебетем да келишип , сакалдар өсүп чыккан үксүйүп. Канча уктадым билбейм. Ойгонсом тамак жасап даярдап ,мени күтүп олтуруптур . Экөөбүз олтуруп кеңири тааныштык. Алайдан болот экен. Келгенине эки жылдын жүзү болуп калыптыр. Аты Муктар экен. Жакшы үйдөн тарбия көргөн , жакшы атанын баласы болчу.
-Аке эч кысылбай мына бул жерде жууган жай бар. Жуунуп таранып чыгыңыз. Эртеге сизди шефке алып барам. Иш орду бар дейт.
-Жакшы болот эле. Анан кайда жашаймын.
-Өздөрү айтат. Мен сизге жардамдашып турам. Бизде калтура деген болот. Ошондон тапкан акчага жаныңызды бага аласыз.
-Рахмат иним сен мага жардам кылсаң , Аллах сенин жолуңду ачсын. Мен кайда барарымды билбей тентиреп калдым эле.
-Ээ аке жашоодо көп кыйынчылык болот. Ошону сабыр кылып жеңе билүү керек. Бирде барды көрөбүз , бирде жокту көрбүз. Сабырыбыз жетпей тынч жашоону ,быркыратып талкалап алабыз.Сиз да ошондой болгон экенсиз. Жеңил тапкан акча , кызмат сокур кылган туура. Эгер ошол кызматка дал ушундай кыйынчылык менен барганда , бул жорукту кылмак эмес элеңиз. Башымды ийкеген болуп жооп бере албадым.
- Мен эс алайын , сиз эртеңкиге жуунуп тазаланып кам көрө бериңиз.
-Макул иним. Акылы ушунчалык тунук , таза болгон , өзү жаш болсо да , акылы тетик бала экен. Ар бир душта чайканган сайын жан дүйнөм тазартып , өткөн күндү унут кылып агызып ,жаткандай жеңилдеп , жаратканга шүгүр кылып жаттым
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4