6-болум
Айыл ичин сырттан караганда тынч көрүнгөнү менен түгөнбөгөн түйшүгү арбын эмеспи. Ар ким өз тиричилиги менен алышып келет. Билинбей өткөн күндөр ,желге учуп бараткандай эле го. Берметти санаага салганы Асандын ата -энесинин сөзү болду . Арадан үч жыл убакыт өттү, кабары жок -деп ,ыйлап сыктап келип кетишкенден бери тынчыбай койду . Неберелерин көргөнү келген болчу. Улуу баласы Темир мектепти аяктап , чоң окуу жайлардын бирине тапшырганы жаткан. Асандын алдырган үйүнө барып жашасын Бишкекте бош турат. Өз баласына өткөрүп берели- деп ага -инилери да коштоп кетишкен. Өзүн күнөөлүдөй сезген Бермет эсен - аман келишин тилеп калды. Балдарынын да сыртка айтпаганы менен сагынганы билинип турчу болду атасын. Көбүнчө жоруктарын айтышып ,, атам бизди мынтип эркелетчү же мына муну сатып берген " -деген сөздөрү , Берметтин жүрөгүн тилип өтөт. Неге жашоонун нугун бузуп , адашканына акылы жете берчү эмес. Мезгилинде Асанды күнөөлөсө , эми өзүн күнөөлүдөй сезип калды. Тапкан -ташкан акчасын алып шаарга туугандарына, Темирди алып келди. Алардын жардамы менен окууга да киргизип коюп .
-Балам , эми уят кылбай жакшы окуу. Атаңа сөз тийгизбей ,бала жаман болсо , атага сөз тийет. Кызы жаман болсо, энеге сөз тийет -деген сөз бар.
-Макул апа , жакшы болууга аракет кыламын.
-Чоң атаң үйдү сага толук өткөрүп берем деген. Жакшы балдардан шерик таап алып ,экөөңөр жашагыла. Азырынча тайкеңдин үйүндө жашап тур.
-Макул апа. Бектур акемдикине барып жашасамчы?
-Ал жакка конокко барып келип тур. Үйдүн ачкычы акеңде, атаң сатып алган үйдү сага өткөрүп берет. Азырынча шашылба , мен айылга барып тириликти улантам , иниң менен карындашың кыйналып калды.
-Макул апа бүгүн кетесизби?
-Жоок балам , эртеге эртелеп жолго чыгам. Азыр базарга барып керектүү нерселерди сатып алайын.
-Мен да барсамчы апа. Сизге көтөрүшүп келем.
-Жоок балам, өзүм барып келем. Сен үйдө кал. Колуна сумкасын алып жөнөп калды.
-Апа тез эле келесизби?
-Жоок балам ,ишимдин бүтүшүнө караймын. Берметтин жүрөгү алып учуп өз үйүн алыстан болсо да көргүсү келди. Аптыгып баратты. Балдарынын ушул үйдөн таап өстүрбөдү беле. Асан менен бактылуу күндөрү өткөн. Жете келип балдары ойнотчу аянтчада көпкө олтурду. Көз алдында баары жомоктой чууруп өттүп жатты. Өткөн күндү кайрып ала албайт эмеспизби. Көзүнөн чолок жашын куюлуп агып турду. Анан кантсин ,бакырып ыйлай да албайт. Бирок аз да болсо жеңилдегендей боло түштү. Оор үшкүрүп артына бир кылчайып алды да, кайра келген жолуна түштү. Эртеден айылга кетүү керек эмеспи. Базарга барып , азыраак керектүү нерселерин алды да ,инисинин үйүнө жол тартты. Кеч кире баштаган эле. Темир кирип , чыгып апасын күтүп жаткан .
-Апа, келдиңизби ? Кайда кетип калды -деп, эсим эки болду го.
-Келдим балам келдим. Азыраак көчө айланып, базарга бардым. Жүр үйгө.
Эрчише эне , бала үйгө киришти. Дасторкон жайып , тамагын даярдап олтурган келини да
-Кайда кетип калдыңыз эже. Узаака жүрүп калдыңыз го.
-Келдим Жаңылай , таанышыма жолугуп сүйлөшүп калдым -деп терс бурула, шишип калган көзүн жашырып. Көпкө олтурушуп , түрдүү сөздөр айтылып , көңүлүн бурган болгону менен негедир жүрөгүнө сайылган тикенекти алып сала албады. Эртеси эрте менен , баары уктап жаткан жеринен ,акырын туруп чыгып кетти. Айылга бет алды балдары чоңоюп , мынтип коюнан учуп чыга баштады. Эне эмеспи жүрөгү элжиреп ушуларым адам болуп өссө экен -деп тилек кылат. Зымырап кан жолдо бараткан автобуздан , шаар арта калып бара жатты. Ээн талаалар , бийик тоолорду ашып чакан айылдарды да аралап баратты. Анчалык чоң эмес кичинекей кичи мекенине да кирип келди. Күн жер беттине төгүлүп , айыл ичинде тирилик башталган. Арсылдап үргөн иттер , жаш баодардын ызы -чуу салып ойногон кыйкырыктары менен тосуп алды. Мына ушинтип өмүргө баш ийген адам баласынын тирилиги өтө берет эмеспи. Күндөлүк кайталанма жумуштар менен алышып. Тапкан ташыганын Темирге салып жиберет. Акчасын акчададай студент багуу деген оор экен. Дагы бир жыл аралыгында кызы Асел да чоң окуу жайлардын бирине окуу керек. Аларды ойлогондо жүрөгү эзилет. Бир күнү Москвадан барган курбусу келип калды.
-Кандайсын Бермет. Неге айылга баса бергенсин. Издебеген жерим калбады го.
-Жакшы , өзүң кандайсын. Ой супсулуу болуп кандай келип калдың. Тирилик экен келдим да.
-Сени сагындым, оролуп кучактап көпкө турду. Неге мынча картайып кеткенсиң. Баштагы Берметтен дайын жок го. Бала кезинен бирге өсүп , бир мектепте окуп , унверстетте да чогуу окууган эң жакын курбусу эле. Турмуш деген гана экөөнү эки жакка бөлүп кеткен. Мезгил агылып экөөнү мына бүгүн жолугуштуруп турат. Арадан он жылдан узак аралык өтүп кетиптир. Үйгө эрчитип тапкан ташканын коёп сырдашып олтурушту. Өткөн күндөрүн эске алышып, бир жыргап алышса , азыркы абалдарына көңүлдөрү да чөгүп кетти.
-Мен менен Москвага барып иште. Мектептеги айлык менен эки студентти кантип багасын. Балдарыңдын келечеги десең шаарга алып бар үй бар экен . Үчөө чогуу жүрө берет. Темир да чоң болуп калды өзүңдү да чөктүрбөй кара . Кыркка чыгып эле картайып алган туура эмес -деп , көндүрүп кетти.
Эртеси аракет кылып азыраак мал жанын сатып , үйүн ата-апасына дайындап , эки баласы менен Бишкекке жол тартты. Дүкүлдөп жүрөгүнүн кагышы башкача. Туулган айылы менен коштошуп баратты. Жол боюндагы шуудураган теректер , аяп коштошуп жаткандай , желге ыргалып ийилип жатты. Көз кычыгынан аккан жашын жеңи менен сүртүп , терезеге кадалган болуп , түйүп алган боз топуракты мыжыга кармап алды.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4