8-болум
Күздүн жалбырагы саргыч тартып көпөлөктөй араң соккон желге учканы болбосо узакка кете албай тегеренип эле бдарактын арасына түшүп калып жатты. Аба дым болуп күзгү жамгыр жаап баштайт сыяктанат. Эртелеп эрчишип чыккан Асан менен Муктар өздөрүнчө кызуу маекте келе жаткандай , колдорун да жаңсап коёт. Жоок мында маек куруп эмес Асанга таандык шыпырылчуу аянтчаларды көрсөтүп жүргөн. Ичинен ойлоно түшкөн Асан кылбаганым шыпырыгыч калган го чиркин. Атаңдын гөрү бешенеме жазган болсо шыпырам да . Ачкадан , көчөдө калганча тирилигимди өткөрө берейин. Кийинчейрээк Муратты таап алсам , башка жумуш таап берер. Ансыз да эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач калатан болдум го. Кайдан гана Берметти, Айганышка алмаштырып жибердим экен. Көзүнө жаш келе түштү. Тигил жактагы кыйкырып жаткан Муктардын сөзүнө селт этип алды;
-Асан аке , бери басыңыз . Не болду ,ой сизге.
-Баратам , баратам. Кадамын чоң -чоң таштап жете келди.
-Не болду сизге. Турган жериңизде эле калып калдыңыз го.
-Ойлонуп кетиптир .
-Жүрүңүз эми , шыпыргыны кайдан алышты көрсөтөм көрүп алыңыз. Эрчий басып бийик үйлөрдүн подвалына алып келди . Ачып киргенде ным жыттанып адамдын мурдун өрдөп кетет экен. Кичине бөлмөлөрү да жок эмес. Бирок бир чеккеден чогуу, тыккан турган мага керектүү шаймандарды алып чыкты .
-Булар сиздин эң сүйкүмдүү буюмдарыңыз болот. Мээнет кылсаңыз тапканыңыз таттуу болот. Орус тилин да жакшы сүйлөйт экенсиз. Кошумча жумуш таап алсарсыз. Жашооңуз азырынча мени менен бирге боло берсин . Көнүшкөндө сиз да сурап аласыз. Жүрүңүз. Эрчий басып илкий -силкий баратты.
Ушул күндөн тарта дагы бир жаңы адам келип бригадага кошулду. Бири -бири менен таанышып , өзү теңдүү досторду да таап алды. Бирок ичкиликке бара албады. Муктардын намазын окуп, таза жүрүшү , бут тоскондой болду. Күздүн аяктап бурганактап кар башталганда иштин да кыйынчылыгы көбөйдү. Бөлүнүп чыгууну ойлоно баштады. Бирок айта албады. Алгач гана айлыкка жеткенде , башка жакка чыгам деши туура эмес. Кээ күндөрү кечке да көчөдө жүргөн күндөрү болду. Жол боюндагы ,,Унверсам " магазинин кожоюну менен сүйлөшүп кошумча жумуш таап алды. Азыраак аянтчасын тазалап койгону болбосо иши анчалык оор эмес. Кызыгы өз үй-бүлөсүнүн Москвада экенин билсе гана. Тагдырдын табышмактуу экенин кара , баары бир метродо , бир көчөдө жашап калганында эмеспи. Кыштын суугу ышкырып кар бурганактап жаап турган. Магазинге жол ачып жаткан учурда , көргөн өз көзүнө ишене бербеди. Анткени бараткан Берметти жазбай таанып турду. Азыраак семирип калганы болбосо , алгачкы кебеттесинен жазбаган. Жумуштан кайтып баратканын кайдан билсин. Бирок бурганакка араң көзүн ачып баратканга Бермет кайрылып да карабады. Түз гана жакынкы бийик үйлөрдү аралап кирип кетти. Ошондо гана оор үшкүрө чын көрдүмбү же ушунчалык окшош да боло береби ? Өзүнө өзү суроо берип , жооп таба албай туруп калды. Бирок дал өзүнүн Берметти эмес беле. Бул күн түйшөлтүп санаага салган күндөрдөн болду. Ар күн дал ошол убакытка магазин алдында өтүүчү жолду күтүп жүрдү , кайрадан кезиктире албады. Өзүн өзү жемелеп алат . Неге артынан чуркап барбадың эле акмаксын, жашоодогу чыныгы акмак адамсын. Ар бир баскан кадамыңда ката көп. Деги адам болор бекесин -деп , өзүнө өзү сүйлөнүп. Ак карлуу аяз , баскан сайын кычырап таман астына айнекти коюп койгондой, муз менен төшөлгөн. Күндө муз чагып шаштыны кетирип турат. Чарчап келет , уйкудан араң туруп эртеси эле , ошол жумуш кайталанмай. Апталап жааган кар да басылып , жаркырай тийген күн мээримдүү тиктегендей көрүнүп калды. Аз да болсо иш жеңилдей түштү. Аз убакыт бошосо эле Бермет кеткен бийик үйдөрдү аралап басат, кездешип калар бекенмин деген үмүт. Эми көрсөм артынан калбай чуркабасам -деп, сөз берет өзүнө. Темирге тааныш учураган Асан болду. Күнүнө бир аянычтуу тиктеп алып өткөндү адат кылды. Өз баласын өзү тааныбай калган болсо , өз атасын баласы тааный албады. Бирок жүрөгү жакын тартып туруп алды. Апасы менен сүйлөшүп олтуруп Темир, Асан жөнүндө сөз баштады.
-Апа , мен негедир бир адамды аяп келем. Аны көргөн сайын көргүм келип , жүрөгүм дүкүлдөп баттан согуп барат. Деги атам кайсы шаарга кетти -деген , чоң атамдар.
-Темир атаң Москвада эмес , Якутияда -деп айткан. Бирөөнү окшоштуруп жатасын го.
-Жоок апа ,мен окшоштурбадым жүрөгүм сезип жатат .Жакындыгыбызды. Айтыңызчы канча убакыттан бери дайыны жок жүрөт.
-Балам ,эсеби төрт жылдан өтүп баратат .
-Макул апа ,адашып жаткандырмын.
-Балам , эгер жүрөгүң ошончолук жакындыкты сезип жатса , ал адам менен жакындан саламдаш. Атын сура. Атаңдын табылганы баарыбыз үчүн кубаныч. Силердин тирегиңер.
-Макул апа , эртең кезиксем эле ал жайын сурашып , аныгын билип келем. Өзүнчө толкунданып алды. Темирдин кубанычы жүзүнөн да билинип турду. Түндүн атышы да узарып бараткандай саатты улам -улам карап жатты. Күндөгүдөй апасынын ойготушун күтпөстөн, эртелеп өзү туруп, көчөгө шашылды. Катар -катар тизилген көп кабаттуу үйлөрдөн экинчи катарга жете келди. Асанды көрөр замат жүрөгү жарылчуудай өзүн кармана албай сагынычка толуп турган көөдөнү жарыла ,эч сөз сурабастан боюн таштап кучагына алды Темир. Узаака кучактап ыйлап алды. Асан эч нерсе түшүнө албаса да ,жаш жигитти бооруна кыса ыйлап гана тура берди. Артынан жарыша чыккан Бермет узаактан карап ,көз жашын агызып ыйлап гана турду.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2