9-болум
Эх жашоону карачы канчалык сындап калчап турса да , үзүлбөгөн үмүт оттой жанып алдыга карай жетелеп тутандыра берет окшобойбу ? Чындыгында ата-баладан мындай сагынычтуу , кусага байланган жолугушу болот -деп , кимдер гана ойлонду дейсин. Кантип бири -биринен сен ким элең -деп , суроо берүүнүн өзү оор болуп турду. Жөн гана кучакташкан боюнча коё беришкиси келбеди. Ар бир аккан көз жаштарында чынында менин издеген адамдарым болсо экен деген көз жаш эле . Тагдырга баш ийип , бизге да жарк этип күлүп жанса деген гана үмүттөр эле. Бермет көз жашын улам сүртүп жакындап баратканын өзү да сезбеди . Асанды жазбай таанып да турду . Канчалык өзүн токтоо кармаса да кучагына боюн уруп , бир төгүлүп жамгырдай жаап алгысы келип турду. Бирок кайдан убакыт деген токтосуз өтөт эмеспи. Жумушка баруу керек ,шарт бурулуп ,жөнөп кете берди . Көзүнөн жашын тыя албай баратты. Дайынсыз кеткен Асанды көргөнгө кубанычтын көз жашын төгүп алды. Айылдагы ата -энесине айтсамбы -деген ой менен алпурушуп , жакшы үмүткө байланып калды.
Узака кучакташкан ата -бала , кимиси сөз баштарын билбей турду. Асандын үнү каргылданып
-Апаң да, сени менен биргеби?
-Ооба , апам экөөбүз бирге иштейбиз.
-Мен көргөн көзүмө ишенбегем. Көрсө чынында Бермет экен да.
-Апамды көрдүңүз беле ? Неге мага айтпады?
-Апаң мени көрбөгөн балам. Мен ката кылып , жашоодон жаңылдым . Силерди апаңар багып өстүрүп калды. Мына тагдырдын тамашасын кара. Баарыбызды жер кездиртип , Москванын кеңдигине карабай табышып олтурабыз. Темир акырын кучагынан бошоно
-Апам дайым сизди жакшы адам -деп мактап келди. Бизди да окутуп , элден кем да кылбады. А сизчи ? Неге бир ирет биздин абалыбызды сурай албадыңыз?
-Темир ,мени кечирчи балам. Мукактана сөз таба албай туруп калды. Саат жебесине көзү түшкөн Темир да жооп күтө бербестен , коштошуп жумушка жөнөй берди. Колундагы күрөккө жөлөнө , өз баласынын бой тиреген жигит болгонуна шүгүр кылып , үнүн кенен чыгара , оор үшкүрүп алды.
Жашоого болгон үмүттү кайра жандана түштү. Турмуш сындайт тура, чыдаган гана жеңип кетпесе, жеңилгендер да арбын болот экен. Кетирген катасын көз алдынан чууртуп өткөрүп жатып өзүн жек көрүп баратты. Бирок жарк эткен күндүн тийишинен үмүт үзбөй турду.
Аягы автор К. М.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7