1- бөлүм
Өмүр. Өлбөстүккө далбас уруп ар бир адам баласы жашоо менен алышып келет эмеспи . Кимдин гана тар дүйнө менен , кызыктуу күндөрдү таштап кеткиси келсин. Бирок тагдырдын татаал сыноосу кээ бир күндөрү баарынан чарчатып жибергени да жок эмес. Ат арабаны араң сүйрөп келе жаткандай эле , сүйрөлүп баардык келечектен үмүт үзүлүп калган убактарда , көзүңө көз болуп , жолуңа жол улап , караңгыны жарык кылган боорукер жандарга кандай гана рахмат айтып ,мактоого алгың келет. Бул сөз менен дал ушул жолдо басып өткөн бир каармандын тагдырын баяндап кетким келди .
Таң бүдөмүк агарып келе жаткан учуру болуу керек. Жаштыгына карабай тил билги , шымаланып ,колдон келишинче апасына жардам кылып ,зирек чоңоюп келе жаткан Тагдырдын жашоосу эле. Атакеси канча жашында дүйнөдөн өткөнүн да толук билбейт. Үйдөн чоңу болгонго көп тириликтин милдети моюнуна жүктөлгөн. Бул күн да дал ошол күндүн бири болду. Оруу байкатпай бир күн алып кетерин билбеген го. Жокчулуктун жоор баскан жашоосуна ийленип ач калган күндөрүнө да кайыл болуп, бооруна кыскан апасын караан тутуп жашар эле . Бүгүн дал ушул караан туткан ,опол тоосу да кулап ,жан дүйнөсүнө алаамат алып келди. Боздоп ыйлады,эки инисин бооруна тартып буулугуп ыйлап турду. Жаш балдар эмнени гана түшүнмөк. Болгону Азамат беш , Тилек үч жашта гана эле. Көздөрүн бакырайтып Тагдырды тиктеп не болгонун түшүнө албай турушат. Атасы өткөндө өзү да дал ушулардай жаш бала эле го. Буулугуп ыйлаганын апасына түшүнө албай жалдырай караган . Ал учурда үчүнчү иниси төрөлө да элек эле. Экөөнү бооруна тартып жалгыз араба тартып күмөн калган Тилектин төрөлүшүн күтүп калган эне. Мына эми араң жети жашка жеткенде апасы да таштап кете берди. Убагында эки бөлмөлүү үй ичи да кенен болсо, учурда кең аалам да тар болуп батпай турдум. Эртеңки күндү элестете албадым. Атамдын, апамдын туугандары бөлүп алып кетерин билген да эмесмин Бирок эч кимге бергим келбей турду. Бирок кайдан гана мени укмак, улуулар турганда. Ошентип тага журтумдун колуна бардым. Ар кимибиз ар тарапта бозоруп ыйлап бөлүнүп жатык. Үйдү кайтарган кара кулпу тагылып ,ээсин жоготуп ээнсиреген тамга айланып калып кетти. Араң гана мектеп босогосун аттаган жаным ,ал жылы окубай калып кеттим.Жетимдиктин азабы башталды. Оту менен кирип күлү менен чыгып баштадым. Жеген тамагыңды акта өлүгүңдү көрөйүн жетим деген сөз мага көнүмүш адатка айланып калды. Бала болуп балалык доорун сүрүү деген кайдан ,кара курсактын кулу болуп жаштэ кезимден азаптын үстүндө калдым. Көз алдымда дал менин жашоом эки инимде да өтүп жаткандай сезилчү. Кабар алып баруу кайдан. Эх адамдын башына канча азап берсе да ,ата энеңден ажыратпаса экен. Бала мээрими менен ата ,эне мээрими дүйнөдөгү эң бактылуу көз ирмемдер экенин ар бир пенде баалап жетсе кана.Арсыз дүйнөдө , алсыз пенде болуп жашоого келгениме өкүнүп гана өмүр жолуна багыт алдым. Ар бир күнүм жетерлик тамакка бүтүн кийимге жетпей өксүк өмүргө туш болдум. Апамдын жалгыз иниси гана болгон ,башка эч кимиси болбогонго тайкем жалгыз эжемдин баласын багып тарбиялоо максатында өз каалоосу менен алып келген. Заарын чачкан жеңем үчүн оор жүк болдум калдым. Бала кара ,суу алып кел , отун жар жана дагы башка. Мал багып буту колум үзүлгөнчө кызмат кылам . Ошондо да бешенимди сылаганга жарабаган эле. Илгертен калган жетим жетилет деген сөзгө ынанып алдым. Өмүр учкан куштай зыпылдап өтө берет тура.
Урматтуу окурмандар дагы бир кызыктуу чыгарма сиздерге тартуулайбыз?кызыктуу болсо комментарий калтырыныздар уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 44