КААКЫМ- КУКУМ ( МАМАКАЙМАК).
Жаш жалбырагын таза жууп, майда кесип, салатка, тамакка кошуп жесе, жалбырагын кургатып чайдай демдеп бир күндө үч жолу 50 гр тамакка чейин ичсе : ашказан, бөйрөк, унутчаактыкка, нерв ооруларынын айыгышына жакшы жардам берет. Гулун үзүп таза жууп, айнек банкага 2 эли салып, үстүнө шекер сээп, утуру катмарды улантып, банка толгондо капкакты жаап, караңгы жерге 1 ай коюп коёт, ширеси чыккандан кийин, күнүнө 3 маал тамакка чейин 100 гр дан 1 ай ичет. Таасир бериши аябай жакшы, арзан. Гулун таза жууп эмал идишке салып, үстүнө жабаар жаппас сууну куюп жай отко 30'' кайнатат. Гулунон даярдалгандар боор ооруларга жакшы, иммунитетти да жакшы көтөрөт. Аппетитти жогорулатканга, өт айдаганга, уйку безге төмөнкүдөй рецептте пайдаланса жакшы болот. Тамырын ( жалбырагын да кургатып алса болот) казып алып, жууп, кургатып алат. Кургатылган жалбырагынан жана кургатылып майдаланган тамырдан бириктирип бир чоң кашык алып 200 гр кайнак сууга демдеп коюп, эртең менентен кечке чейин ар бир эки саатта 1 ст л, тамакка чейин 20 күн ичет. 10 күн эс алып дагы кайталайт 3 жолу. Дагы бир эң мыкты дарылык касиети : кургатылган ( майдаланган) тамырынан 1 ст л алып 200 гр кайнак сууга демдеп, ар бир 2 саатта 1 ст л ичсе онкологиялык оорулардын айыгышына жардам берет.Кышкыга банкаларды стерилдеп жаап алса болот, жыл бою иче бересиңер.
Окугула, пайдалангыла.
#Ташбү Жамиловна.
Комментарии 40