Чалкан ондогон ооруга даба болуп эсептелет. Ал эми жазында даяр витаминдин ордун алмаштыра алат.
Чалкандын дарылык касиети. Курамы пайдалуу заттарга бай. Тактап айтсак, К, С витаминдери, каротин (табигый пигмент), темир тузу, калий, кальций, күкүрт, кант, белок бар.
Колдонулушу. Чалкан кандын уюу деңгээлин жогорулатып, гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандагы кантты азайтат. Мындан тышкары заара кубалоочу, жараны бат айыктыруучу, организмди чыңдоочу касиетке ээ. Кан агууну токтотууда, анемияда, атеросклероздо, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында, геморройдо, кургак учукта колдонулат.
Жүрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын кайнатмасын бал же кант менен ичүү керек.
📌Кайнатма төмөнкүдөй даярдалат: чалкан гүлдөөр алдында сабактын эң башын жана жалбырактарын кесип алып кургатуу зарыл. Кургатылганынан 5 аш кашык алынып, үстүнө 500 грамм суу куюлуп, жай отко кайнатылат. Анан 100 граммдан 4 маал ичилет
Ашказан оорусунда, кусуу өнөкөткө айланган учурда төмөнкүдөй рецепт сунушталат. 1 чай кашык чалкандын кургатылган тамырын 200 грамм сүткө кайнатуу зарыл. 25 граммы ысык бойдон, калганы ар бир саатта 2 аш кашыктан ичилет. Дарылануу курсу оору белгилери кетмейинче узарат.
📌Бөйрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын 1 чай кашык кургатылган жалбырагы 200 грамм сууга кайнатылып, ичилет.
Организмди чыңдоого, жүрөктүн иштешин жакшыртууга, канды тазалоого карата тундурма. 200 грамм чалкандын жалбырагынын үстүнө 0,5 литр арак же 70 пайыздуу спирт куюлат. Банканын бети даки менен жабылып, байланат. Биринчи суткада күн тийген терезеге коюлса, калган 8 суткада караңгы шкафта сакталат. Сүзүп, банкага куюп, бетин капкак менен жабуу зарыл. Тамактан 30 мүнөт мурда 1 аш кашыктан 4 маал ичилет.
📌Чачты өстүрүү же чачтын түбүн бекемдөө үчүн чалкандын тундурмасын чачтын түбүнө сүртүүгө же тундурма менен чачты жууганга болот. Тундурма үчүн кургатылган жалбырагынан 2-3 аш кашык алып, үстүнө 400-600 грамм кайнак суу куюп, 6-8 саат демдөө керек. Сүзүп алып колдоно берүүгө болот...#Пайдалуу
Окуп жана бөлүшүңүз,мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21
Желкабыз болгондорго абдан жакшы.
Күн чыкканда узсо, дарылык касиети тамырына түшүп кетет экен.
Эртең менен эрте, күн чыга электе үзүп, шамалдуу, көлөкө жерге кургатып алса сонун.
Мен эс тарткандан баштап апам желкабыз м-н ооручу. Атам менен токойго барып,чалкан оруп келчүбүз. Желкабыз эки түрү болот экен,ысык суук деген.
Апамкы ысык эле...
Чалканга кырк күн түштү.
Казанга кайнатчубуз. Эки саат. Дене күйбөгөндой ысыгыраак кылып,бочкага куюп, чөбү жок, чалкан муздаганча олтурчу. Жакшы билген адам салбаса зыян тартат экен. Биз кичине болуп,каралашкан адам жок, апакем жапжаш бойдон өтүп кетти. Ошол бойдон айыккан жок. Азыр болгондо аман калат беле деген ой менен жашап келем. Биз чоңойдук,заман өзгөрүп, технология өнүккөн...эх!
Неси болсо да, табыптарга көрүнүп, жакшы көңүл коюп,табыптын айтканын толук,так аткаруу зарыл. Биз билбестиктен,так аткара албай апакемден айрылып калган элек. Эч кимге мындай оору каалабайм,жыланга дагы дечү апам. Өзүм менен кетсин оорудум, силер аман болгула деп, өлүм алдында жатса да,тилеги биз элек.
Эх апалар...алтынсынар го...