Ушул жайнаган 24 жаштагы МУГАЛИМ КЕЛИНДИ кечээ жерге беришти.
КАЙНЕЖЕ сөрөй өзү ажырашып келип алып келиндин баскан турганын, кийингенин, тамак жасаганын тескеп, өзүн чаап уруп, муунтуп жүрчү экен.
Кесиптештери болсо "эже, акыркы учурда мугалимдер бөлмөсүндө эң акыркы болуп кетип, ыйлап эле тыйыла албай калган. Мени менен сүйлөшчү деп жалдырап эле. Анан өлөөр күнү да аябай кеч кеткен болчу"-деп атышат.....
Күйөөсүн да 7-класстан баштап сүйлөшүп "өзгөчөм" деп өзгөчө сүйчү экен, ушул сени коргой албаган иттин эмнесин сүйдүң экен. Акырында күйөөсүнө "мени коргой албадың эми, кызыбызды жакшы кара"-деп кат жазыптыр.
Анан биздин Токтогулдун милициялары тоок өлүп калгансып арыз беришкен жок деп кылмыш ишин козгобой ишти ачпаптыр дагы. Силер кылмыш ишин козгоп, алкынган кайнежелерди ордуна коюуу үчүн дагы канча келин жанын кыйыш керек урматтуу милиция?
Акыркы күндөрү өлөм деп жүргөн деп атышыптыр кайын журту. "Эмне болду, ким капа кылды, кой"-деп келиндин көңүлүн алып калп да болсо болушуп коюу колуңардан келбедиби ?
Соолутуп берипсиңер жаш өмүрдү. Кызы чоңойсо эртең сурайт силерден. Элдин бетин кантип карайсыңар? Кантип күйөөсү кайра үйлөнөт? Өлгөн адамды жамандап чыга калганыңарга жол болсун. Жүзүңөр курусун.
Репост Баяна Кулова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 70
Жаман иш болуптур