АҢГЕМЕ...
Ай кемпир, жөнөдүңбү? даярсыңбы? Болбойсуңбу эми ыя? ой мына, жөнөп жатам, эмне эле шаштырасың деп келип, алма дарагынын түбүндөгү сөөрүгө отура кетти. Шашканда эмне, барабыз да, ал аяшың жаңы төрөгөн келини менен небересин көрсөтүп, көзүбүздү күйдүрөм деп коноко чакырып жатат бизди. Өфф кара жерге гана кирейин, мен да элчилеп эктүү - тектүү жерден келин алып, Куда - анда күтүп, Куда менен сен, Кудагый менен мен бапырашып эле жыргап калабыз деп тилек кылып жүргөн элем, эмичи? Тиги акмак уулуң эл караган көзүмдү жер каратты, айылда баш көтөрө албай калдым. Ошол азыркы досуңдун уулуна алып берген келинге куда түшүп баралы десем, уулуң так секирип, жактырганым бар деп, кайдагы бир жетимди сүйрөп келип, үйгө киргизип алды. Ушул кантип болсун балам, биздин да ой тилегибиз бар, ал кызын болбойт, жетим өскөн неме тарбияны кайдан көрмөк эле дегениме карабай, алам деп туруп алды, бир жактан сен да балаңдын таламын талашып туруп алып, акыры үйлөндү ошол жетимине. Ана досуңдун аялы аяшың, Али көрсөң Кудагыйы менен Көлдө жүргөн болот, Али көрсөң дагы бир жерде, деле чакчакташып жыргап жүрөт, а менчи? Отурам жетимдин аркасынан элге аралаша албай. Келгенине эки жылдан ашты, же боюнда болбойт, жетимдиги аз келгенсип, бул туубас да окшойт, кайсы жазыгым үчүн бул күндөрдү көрүп жатам мен? Уулуң сүйөт имиш, кайдагы сүйүү? сүйүүң менен сүмүрөн калгыр.
Ай кемпир, бай болгур болдучу эми, токтотчу, келиниң деле адам го?!
Адам? ушул адамбы? адам болсо өз теңине тийбейт беле ыя? байдын баласын кайырмакка илип, башын айлантып тийип албай. Тим эле таламын эле талашасың министрдин кызындай. Али да кеч эмес, кетсин үйдөн, уулума башка өзүбүзгө тең жерден келин алып берем, менин да арзууларым бар, жалгыз уулумду эмне деген тилектер менен чоңойтком. Көрөйүн деген көзүм жок ушунуңарды, кетсин болду эми.
Ай кемпир аай кемпир, көзүңдү ачсаң боло, Кудайдан корксоң боло бир аз? Карачы тирилигиңди кыңк дебей жасап отурат, же сага бир жолу сөз кайрыдыбы? Андай көргөнсүз болбосоң, анын да төбөсүндө Кудай бар го акыры?
Сөз кайрыбайт? Кайрып эле көрсүн, тириликти өлөөрүнүн күнүнөн деле кылат да, тили кыска, анан да кайсы эле тириликти кыйратып жатыптыр? дагы мунун эмитен эт байлап, семирип баратканын карасаң?! ооба да, даяр тамак, даяр оокатка келди келин болуп, анан бул семирбей, мен семирмек белем ыя?
Ой болду эми, болдуу, сөздөрүңдү келин угуп эле жатат да, жүрөгү ооруйт токточу эми.
Угат? Укса угаар, мен эмне калпты айтып жатыптырмынбы? болгонун айттым, ээ мейли өлүп кетсин бас эми чыкырган жерге баралы, аягың мактанганда олтурам да кызарып жер карап.
Ошентип күңгүрөнүп абышкасы экөө унаага минип узап кетишти.
Анын баарын ашканада угуп олтурган келини Гүлүм ыйлап жатты. Оо Кудай, бул азаптарга кантип чыдайм??? Жетим өсүп канча азап, кордук көрүп чонойбодумбу... Эмне үчүн мага мындай оор тагдыр бердиң Кудай? Менде да апам, атам болсо ушул кордукту көрмөк белем? Аларды менден жаш кезде эле алып кеттиң, мен ойлочумун кичинемде таяк жеп, кор болуп жүргөндө келин болсом бактылуу жашайм деп, бирок кайдан? Келгенден бери апамдын азаптары түгөнбөй койду го? Же боюмда болбоду, балким төрөсөм апамдын мамилеси өзгөрмөк беле? Жумшармак беле? Бирок аны да мага ыраа көрбөй койдуң?
Жок, башка чыдабайм, бир жагынан күйөөм Эрмек да жүдөп кетти, же менин таламымды талаша албай, же апасына катуу айта албай. Ооба, мен аны катуу сүйөм, аябай катуу жан дилим менен, бирок мени менен бакытка жете албачудай, менин кеткеним эле оң деп ойлоп, дароо Эрмекке чалып, тез келип калчы, айтчу сөздөр бар деп, телефонун коюп койду.
-Ой Гүкү тынчтыкпы деги ыя? шашылып эле келе кал десең, кыжаалат болуп, учуп жетип келдим.
Эрмек экөөбүз ажырашалы? Антпесек болбой калды такыр...
Эх... апам дагы уруштубу жаным?
Карачы биздин тагдыр трагедияга айланганын, кандай гана кыялдар менен үйлөнбөдүк белек э?!
Бирок апам такыр эле сага жумшарбай койду, билбейм неге.
Эрмек уксаң мунун баарын тагдыр дейт, билем экөөбүзгө оор болот, себеби жан дилден сүйгөнбүз бири - бирибизди. Мен сенин апаң экөөңдүн ортоңорго башка тургум келбейт, бейиш апалардын таман астында дейт, апаңды ыраазы кыл, менин башымды бошот деп бетин басып, шолоктоп ыйлап кирди.
Кечир жаным, кечир сени бактылуу кыла албаганым үчүн, макул сен айткандай болсун, себеби сенин азап чеккениңди көрүү мен үчүн тозок болуп жатат, мен да кыйналып кеттим, ооба сени катуу сүйөм, сенсиз кантип чыдайм анысын өзүм да билбейм, бирок сен азапка эмес, чоң бакытка татыктуусун. Мейли мен жолуңду торобоймун, башка бактыңды кармаганга акым жок. Жаным апамдарга кеч айтып, эртең шаарга өзүм алып барып, жайлап келем деп, Эрмек да аялын кучактап алып ыйлап жатты.
Оо досум, келгиле - келгиле, кандай жатасыңар? жакшы жетип келдиңерби, жайдын күнү, - күн ысык деп, үйгө эмес, мынабул сөөрүгө эле дасторкон жайдык, кел аяш өткүлө төргө.
Ии макул, жакшы кылыпсыңар аяш деп, төрдөн орун алышты.
Балдарыңар жакшыбы? Келининер төрөп, неберелүү болуп сүйүнүп калдыңарбы дос? Өмүрү менен берсин, бактылуу болсун.
Ии айтканын келсин дос, бу небере дегени өзгөчө жан экен, жытына тойбойсуң чиркин, силерге да ушундай небере насип кылсын деп бака шака болуп алтурганда, келини жасанып чыгып, апа мен бир жака барам, баланы карай туруңуздар деп калды. Ай келин, кайда бармак элең ботом, карачы коноктор келди, башка күнү деле бараарсың, чайыңды алып кел деди кайнене. Ой апа бир эмес эки кызыңар бар го үйдө, ошолор деле чайынарды берип турса болот го? Же эмне менин чайым өзгөчө беле, мен барышым керек, чачымды кыскартуу үчүн салон сүйлөшүп койгом. Ой келин кое тур эми, балаң эми эле бир айлык, сен келгенче курсагы ачып ыйлап калбасын, салонго эртең күйөөң менен чогуу баланы алып барып келесиңер э?
Апа мен эмне балам бар деп эле өзүмдү карабай таштап, жүдөп жүрүшүм керекпи? мен бул үйгө кул эмес, келин болуп келгенмин го, кызыңарды бапестеп багабыз деп ата - энемден алып келбедиңер беле? Же эмне алып алсак өзүбүз билебиз деп ойлодуңарбы? Жок андай болбойт, мен каалаганда, каалаган жака барам, мен бир үйдүн жалгыз эрке кызымын, чыдасаңар ошо, чыдасаңар деп акырайып карап дарбазадан чыгып кетти.
Анын сөздөрүн угуп, берки экөө таң калып турушту.
Ии аяш көңүл бурбаңыздар, төрөттөн кийинки абал болсо керек, кээде эле ушинтип калат, болбосо жакшы эле деп, сөздү башкага досунун аялы буруп кетти.
Ата, - апа, келдиниздерби? сиздер менен сүйлөшчү сөз бар эле деп, Эрмек сөз баштады.
Апа сиз Гүкүнү кетсин деп туруп алдыңыз, биз Гүкү экөөбүз бир чечимге келдик, биз эми ажырашабыз! Бул биз үчүн өтө оор, бирок бейиш апанын таман астында, апаңды ыраазы кыл, ажырашалы деп Гүкү сунуш киргизди, мен да аргасыз макул болдум. Себеби келиниңердин азап чеккенин башка көргөнгө чыдай албайм, мен да кыйналдым. Макул эртең аны шаарга жеткирип, өзүм жайлап келип, анан апа сиз айткан кызга үйлөнөм.
Буларды айтып жатканда Эрмектин да, босогодо олтурган Гүлүмдүн да жашы агып жатты.
Бир саамга күндүзгү болгон окуяны элестетип, тигилердин келини менин келиним болуп калганда кайсы күндү көрмөкмүн деп ичинен ойлоп, сыртынан жоок! деп кыйкырып жиберди апасы.
Салагаларым Эрмектайым, Гүкүнтайым мени кечиргиле, кечиргиле мендей жаман апаңарды, мен Кудайды көзгө илбей жүргөн экем. Силерге тоодой азап көрсөттүм аным үчүн Кудай жазалаар, бирок силер кечиргиле суранам. Болду мен өзгөрөм, силердин айрылууңарды каалабайм, көп нерсени мага бүгүнкү коноко баруу түшүндүрдү, кел садагам Гүкү кел маңдайындан бир өбөйүн дегенде Келини ыйлап апаа деп келип, кучагына бой урду. Апакебай рахмат сизге, сизден эки дүйнө ыраазымын апаке, сизди жакшы көрөм, өмүр бою кызматыңызды кылам деп токтоно албай ыйлай берди, нарыда турган Эрмек да өзүн кармай албай, келип апасы менен аялын кучактап ал да апасына рахмат айтып жатты. Аларды карап турган атасы да чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып чыгып, көзүндөгү жашты аарчып жылмайып турду.
Анан эле бир маал келини эс учун жоготуп кулап кетти, апасы Эрмеке суу алдырып чачып атып, араң өзүнө келтирди. Гүкүнтай эмне болду кызым? Билбейм апа, толкунданып кеттим го чамасы, эртеден бери өзүмдү башкача сезип жаткам, бирок өтүп кетти көрүнөт. Ии садага кечир мени, Эрмек дароо келинчегиңди унаага салып ооруканага көрсөтүп келчи, болбосо санаам тынбайт, бир жери ооруса дарылаталы. Аялынын жакшы элемин дегенине карабай анан Эрмек ооруканага алып кетти.
Унаа келип токтоп, эшиги тарс жабылып, апааа деп эле Эрмек күйүгүп чуркап кирди үйгө, аны угуп чал кемпир ордуларынан секирип турушту, бир балээ болгон деп. Апаа, ии уулум тынчтыкты, Гүкү кайда? Эмне болду? Айтсаңчы эми, апа тынчтык эле, сүйүнчү келиниңдин боюнда бар экен! Эмне? Чын элеби ой болсун - болсун, аман эсен төрөп алсаң деп баардыгы кубанып бапырап эле жатып калышты.
Эх абышка, карачы мендей акылсыз кемпириңди, бекер эле баарын кыйнап жүрүпмүн, сен айткандай бул Кудайды көзгө илбей жүргөнүм да. Карачы Кудай мага сендей акылман эрди, периштедей эстүү келинди, боорукер уулду берсе, мен аны көрбөй наадандык кылып жүрдүм. Кудай мени кечирээр бекен? Эми абышка сенден бир суранаарым, мага намаз окуганды үйрөтчү? Мындан ары Кудайга ар күн сайын ырахмат айтып, Кудайга жакын жашагым келет.
Оп балли кемпир , мына - мунуң башка сөз, жылдар бою намаз оку, жүрөгүң тазарат десем укпайт элең, Кудайга дуа кылып гана тим болчумун. Эгер ошончо жыл ар күн сайын сага айткандай эшеке айта бергенимде намаз оку деп, балким эшек намазга жыгылмак, бирок үнүм Кудайга жетти, эми да кеч эмес, Кудай Таалам кечиримдүү зат, ал тообо кылган пенделерин сүйөт.
#ангеме
Аягы.
Комментарии 57