(МИСТИКАЛЫК КӨРКӨМ ЧЫГАРМА)
18 ‐ БӨЛҮМ
Махмудтун колунда Муса Айдандын артынан жүрүп тартып алган аялдын сүрөтү турду.
—Эдина, - деди Махмуд шыбырап сүрөттү колдору менен сылап.
—Эдина өлгөн эле го, - Муса түшүнбөй калды
—Ооба Эдина өлгөн. Бирок Эдинанын руху ушул денеге жайгашып мени менен кошо жүргөн болчу. Бул азыркы дене да, рух да Мэдина, - Махмуд оор үшкүрүнүп алды.
—Эдинанын руху тирүү болсо эмнеге башка денеге өткөрүп ала албайбыз?
—Эдинаны кайра бул денеге жайгаштырууга болбойт. Биринчиден Мэдина өз касиетинен баш тарткан. Ал азыр катардагы жөнөкөй адам. Экинчиден болсо Мэдина карыды. Бизге болсо жаш дене керек. Эдинаны руху алсыз энергия менен толгон денеге кире албайт.
—Мен түшүндүм, - деди Муса
—Демек Сафия бизге ошон үчүн керек.
—Эдинанын рухун өзүнүн тууганы же болбосо балдарына гана өткөрө алат. Бөтөн адамга деле жайгаштырса болот, бирок абдан татаал жана ал адам касиетке ээ болушу кажет.
—Демек бизге Сафия гана керек.
—Ооба бирок, - деген Махмуд ойлоно түштү
—Эмне бирок?
—Сафияны мындай курмандыкка кыйбай турам. Анткени Сафияда башкача касиет бар. Ал эки башка адамда боло турган күчтү бир өзүнө алган. Ак жана кара күчтөр... Сафиядан өтө күчтүү бакшы чыгат анын үстүнөн иштесек..Ал эми ага Эдинаны гана жайгаштырчу болсок дагы көп сырларды ачууга күчсүз болобуз.
—Сиз эмне кылмакчысыз? Эдинаны бошотпойсузбу?
—Жок бошотушум шарт. Анткени андан дагы үйрөнө турчу көп сыйкырлар бар. Эдина күзгү менен иштөө жана сыйкырлоонун сырын билген жалгыз бакшы болушу мүмкүн.
—Анда кандай жол тутмакчысыз?
—Эдинага башка дене табышыбыз керек.
—Биздин Армениядагы жер төлөдө жаткан өспүрүмдөрчү? Балким аларда сынап көрөөрбүз?
–Жоок , - деди Махмуд башын чайкап.
—Алар анчалык күчкө ээ эмес. Биз дагы издейбиз, - Махмуд ушуну менен сөз бүттү дегенсип колун жаңсап койду эле Муса башын ийкеп чыгып кетти.
Махмуд өз бөлмөсүндө колундагы Мэдинанын сүрөтү менен тиктешип олтурду.
—Эгиздер! Окшош бирок эки башка аалам!
******
Айдан сабактан кайтып келе жатып Сайкалдын үйүнө жеткенде каалгасы дагы кыйгач ачылып калганын байкады. Өзү каалабаса деле кандайдыр бир күч ушул үйгө жеткенде өзүн токтотуп калат. Буттары эркинен сырт үйгө жакындап баштайт. Кыйгач ачылган каалганын кычыгынан Сайкал эки - жака шашылып чуркап жүргөнүн көрдү. Жоолугу да мурунку көргөнүндөй башынан шыпырылып жүрөт. Жерди карады. Жерде эс - учун жоготуп башынан кан сызылып агып келин жатат.
—Сайкал эже, - деди ыйламсырап Айдан
Бирок муну Сайкал уккан жок. Ал үйүнөн чоң кебез алып чыгып жерде жаткан келиндин үстүн жаап, бутунан жер төлө тарапка сүйрөп баратты. Жердин баары канга боёлуп турду.
—Айдаааан?! - өзүн чакырган үн алыстан угулуп барып катуу жаңырды. Селт эте чоочуп кетти кыз. Маңдайында Сайкал өзүн күлө багып турган экен. Шашыла жерди карады Айдан. Жер таза. Азыр эле турган кандын изи да жок.
—Сайкал эже? - Айдан эриндери титиреп араң сүйлөдү
—Сен жакшысыңбы кызым? Бир нерсе керек болдубу? - Сайкал суу колун көйнөгүнүн этегине аарчып жатып сурады.
—Азыр эле башка көйнөк кийип жүрбөдү беле? - деп өзүнчө күбүрөнө калды кыз.
—Ай кыз? Тынчылыкпы деги? - Сайкал өңү бозоруп, бир чекитти ойлуу тиктеп турган Айданды акырын түрттү.
—Эже бул үйдө жакында бир тууганыңыз өлбөдү беле?
—Ок кокуй сени! Оозуңа тащ ботом! Кайдагыны айтасың?! - Сайкал чоочуп кетти.
—Билбесем сурап жатам да. Жаш келин?
—Жок айланайын!
—Эже балким сиздерден мурун бирөө жашап кеткенде өлүм болгондур?
–Айдан бул жерге өзүбүз үй салдык кокуй. Ар бир кышын Жекшен өзу койбодубу? Деги тынчылыкпы? Бир нерсе болдубу эмне? - Сайкал ансайын кабатырга түштү. Айдандын абалы жакшы эмес болчу. Ушуну менен үйүнө келип экинчи ирет мынтип турат.
—Өзүм да билбейм эже, - деди кыздын көздөрүнө жаш айланып
—Кантип сиздин үйүңүзгө кирип калып жатам, түшүнбөй калдым.
—Кир жууп жаткам короодо. Эшик да жабылуу болчу. Анан эле сен кирип келдиң акырын ачып. Же чакырсам укпайсың. Кирип эле ушул жерде турасың да ботом?
—Кечирип коюңузчу эже мен чарчап калган окшойм сабактар менен, - деди Айдан өзүн колго алып.
—Үйүңө жеткирейин?
—Жоок эже ыракмат. Жеттим го, дагы бир жолу кечирип коюңуз, - деди да шашыла чыгып кетти.
—Өзүңдү абайла айланайын, - Сайкал таң кала артынан узатып кала берди.
—Акыркы жаштар эмне эле болуп баратышат? Колунан телефон түшпөсө ушул да. Акылынан ажыраганы калыптыр, - өзүнчө сүйлөнүп алган келин үйүнө кирип кетти.
—Ай кудай ай, бул эмне деген жорук?! - Айдан өзүн - өзү тилдеп баратты.
—Деги мага бир нерсе болду окшойт. Эмне эле ал үйгө жармашып алдым?!
Ошол менен үйүнө кирип күнүмдүк тиргилик менен алышып кетти. Эртеси сабакка бара жатып да ошол үйгө жеткенде токтоп калды. Үй бүгүн тынч. Бирок ошол үйдүн үстүндө бозоргон кою туман топтолуп калыптыр. Анан да баягы муздак шамал дале согуп жатат.
—Өлүмдүн жыты, - деди акырын.
Сабагына барып кайра кайтып келе жатып ошол үйгө жетейин дегенде токтоп калды.
—Азыр чуркап өтүп кетем, ал тарапка карабаймын, - деди өзүнө- өзү сөз берип. Бар күчүн жыйнап чуркап баратып үйдүн тушуна жеткенде токтоп калды кыз. Бул иш дагы өзүнүн эркинен сырт болду.
—Жоок, кетишим керек! Токтобо Айдан! Кет! - көздөрүн катуу жумуп алып сүйлөнө берди.
Жок буттары тушалыр калгандай ошол ордунан жылбай койду. Айдан акырын көзүн ачты. Ошол ачылган кыйгач эшик, баягы эле Сайкал ары - бери чуркап жүрөт.
—Дагы башталды.
Акырын үйгө киргенде Сайкал келиндин денесин жер төлөгө сүйрөп түшүп кетиптир. Бул жолу кечээкиден бир аз айырма. Жерди тиктеди. Ооба жерде шыбалган кандын издери турат.
—Мага көрүнгөн жок! Бул азыр болуп жатат! - деди акырын. Ошол учурда жер төлө жактан Сайкалдын басып келе жатканы угулду. Айдан шашыла кайра сыртка атып чыга качты.
—Азыр үйгө барып апама айтсам баары бир ишенбейт. Андан көрө милицияга кабар берейин! - деген Айдан кайра чуркап артына кетти.
Өздөрүнө жакын жердеги милиция бөлүмүнө шашылып чуркап кирип бара жатып андан чыгып келе жаткан кызматкер менен кагылышып кетти..
—Акырын чоң кыз! - Санжар маңдайында турган кызды жыгылайын дегенде кармап калды.
—Жакшыбы баары?
—Байке жардам! - деди энтигип араң сүйлөгөн Айдан.
—Кандай жардам? Бирөө сага тийиштиби?
—Жоок, жок. Аны өлтүрүп салды! - Айдан ыйлап жиберди.
—Эмне ким? Кимди? Кайсыл жерде? - Санжар шашып кетти.
—Тиги жакта, жүрүңүз, - деген кыз кайра артына бурулду.
—Менин унаам түш! - Санжар кызды унаасына салып айдап жөнөдү. Жолдо баратып бөлүмгө кылмыш тууралуу кабар түшкөнүн айтып каттоого алдырып, атүгүл Айдан айткан дарекке тез жардам жана дагы милиция кызматкерлерин чакырууга үлгүрдү.
Айдан айткан үйгө жетип, каалгасын такылдатты.
—Ким бул? - Сайкал эшикти ачып милиция кызматкери менен Айдан турганын көрүп чоочуп кетти.
—Саламатсызбы? - деди Санжар
—Саламат, келгиле?
Сайкал жаңы гана жуунуп чыкканы анын суу болгон чачтарынан билинип турган.
Уландысы бар...
Урматтуу окурманым акыркы күндөрү бул тайпада активдүүлүк абдан төмөндөдү. Чыгарманы аябай көп адам окуп жатат, бирок класс басып комментарий жазганы өтө аз.
Өз ой пикириңизди жазып кетүүнү унутпаңыздар! Сиздердин жазып жаткан пикирдин ар бири мен үчүн абдан маанилүү! Класс жана комментарий аз болсо демек адамдарга кызык эмес деген ой келет экен... андыктан чыгарма сиздерге канчалык кызык жана алдыда кандай окуялар орун алат өз оюңузду жаза кетиңиз.
Сиздерди терең урматтап Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 304