Аллахым ар пендесин өзүнүн ырыскысы менен жаратат тура. Кесипке байланыштуу биз да өз ырыскыбызды ар кайсыл жерден терип жейбиз. Кээде командировкага алыс жактарга барып калабыз. Жашырганда эмне, кыскасын айтканда куруучумун. Жаратканым чачып койгон ырыскыны терип-тепчип жеп, өлбөстүн күнүн көрүп, үй-бүлө багып жүрөбүз.
Өзүм Өзгөн жергесинен болом. Баткен шаарында иштеп жүрөбүз. Жашы орто жаштан кыйла өтүп калган эже келди. Жүзүндө бир канча сагынычтын, кусалыктын белгилери даана эле көрүнүп турат.
-Айланайындарым, силерди Өзгөндөн келиптир деп угуп эле жетип келдим. Жердештерим болот турбайсыңарбы. Бүгүн түшкү тамакты менин үйүмдөн кыласыңар. Силер да бир мусаапырсыңар. Саат мынчага үйүмө өткүлө, сөзсүз - деп кетти.
Түштөнүү убактысы болгондо бардык. Дасторкондо баары бар. Кудаа тоскондой эле даярданыптыр.
-Алгыла балдарым, көп көп ичкиле, жумушуңар оор, курсагыңар ачып калбасын-деп айланып-тегеренип, бүйпөлөктөп жүрөт. Жанымдагы жашы кичүү балдар сезбеши мүмкүн, бирок мага эженин төркүнүнө болгон сагынычы кадимкидей сезилип турду.
Бирдемелерди болжурашып сүйлөшүп, сурашып олтурдук. Айылына барбаганына 10 жыл болуптур. Бир эле жолу эмес, үч ирет чайга чакырды. Эже бизге эч ким эмес. Эч кандай тууганчылык жаштарыбыз да жок. Бирок айылына болгон сагынычы бизди тууган кылды.
Талас жергесинде иш сапары менен жүрөбүз. Өзгөндүк жаш келин, сураштырсак келин болгонуна 6 ай болгон экен. Тамак жасап, үйүндөгүлөрдөн бекинип келип, бизге берип кетет. Олдо карындашым ай.Биз эркектер ошончо кыйналып, бөтөн үй-бүлөнүн кемегесин булатып жүргөнүңөрдү капарыбызга да албайбыз.
Биз бригадада көпчүлүгүбүз бир айылданбыз. Токтогул районунун бир айылында тендер менен, фирма мектеп салып жүргөнбүз. Өзүбүздүн эле айылдаш карындашыбыз ошол жерге келин экен. Балдарын коляскага салып, бирисин жетелеп, ошол биз иштеген жерге келип ойнотот. Негизи стройка жүрүп жаткан объектке жакын жерге келүүгө уруксат жок. Карындашым ушундай деп түшүндүрүп айтсак да болбойт.
-Ушундай эле тура берейинчи, жакын барбайм. Сиздерди көрсөм айылда жүргөндөй болом-деп көнбөйт. Кийин үйрөнүп да калдык. Күндө келип ошол жерде балдарын жетелеп жүрчүү.
Атыңдан айланайын аял заты. Сиздерге канча мактоо, канчалаган жакшы сөздөрдү айтсак да аз. Ошончо сагыныч кусаны жеңип, бөтөн эле бир үй бүлөнүн уругун улап, үй-бүлөөсүн курап, бүтүндөй бир мамлекет кылган эбегейсиз мээнетиңиздерге терээң ыраазыбыз. Сиздер бар экенсиздер, биз Кыргыз эли эч качан жоголбойбуз!
Урматтуу мырзалар; биз эже карындаштарыбызды сыйлап, урматтап алууга милдеттүүбүз.
Бар болгула! аял заты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28