Үйдөгү тамакты, кээде этти да азайтып тур. Ичкенини алдында, ичпегенинин артында турган адам жоктун, берекенин баркын түшүнбөйт." - дейт кабагын түйүп. Жигит бул сөзгө таң калып, эмне деп жооп берерин билбей туруп калды. Себеби, баары кайнатасы айткандай эмес, тескерисинче, жигиттин айлыгы чайга да жетпей калган учурлар болгон.
Таң калганын жашыра албай, аялынан абалды сурап көрүүнү чечти. Көрсө, аялы барган сайын алардын жагдайлары абдан жакшы экенин, жакшы жашап жатканын айтып, ата-энеси тартуулаган жылуу, жумшак тамактан баш тартып. Эч нерсесин билгизбей отурган көрүнөт. Аялы бул амалга күйөөсүнүн абройу үчүн тагдырына ыраазы болгон үчүн ушундай кадамга барганын айтат. Кайнатасынын алдында ынгайсыз жагдайга калтырганы үчүн күйөөсүнөн кечирим сурайт.
Ооба, эркектин кара башын барктап төргө сүйрөгөн да, шерменде кылып көргө сүйрөгөн да аял. Кээ бир кемчиликтерге айкөлдүк көрсөтүп, кыйынчылыкта үңүрөйбөй сабыр кылган, эртеңки күнүм эмне болот деп ыйлап, наалып коркпогон дал ушундай аялзатынын эмгеги жалпы аялзатына тарбия, сабак болору турган иш!
Анан “Азыр мындай аял жок, азыр андай эркек жок” деп ызылдай бербегиле бет тытышып, талашып. Азыр да силер эңсеген аял-эркек да бар, адамдан “идеал” жасай турган бир гана өзүбүз. Эч ким бизге керемет аял менен күйөөнү "Мэээ" карма байкушум азап, тартып кыйналып кеттин деп кармата салбайт...Жакшы жар кааласаң ошол жакшылыкка карай аракет кыл. Жамандыгын жашыр, жакшысын ашыр. Эриңдин эбин тап, аялыңдын көңүлүн тап. Ошондо өзүң издеген бакытың босогоңдо жүрөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13