{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!! }} 6- бөлүм. Сабагы бүтөөрү замат шашылып агасына карай жөнөдү. Үйүн көздөй эмес, оорукананы көздөй бараткан кызды жигит аркасынан чуркап келип токтотуп суроо узатты. — Мирена кайда баратасын ? Кыз жигиттин үнүнөн улам дароо артын карап жигитти көрө койду да, кубануу менен жооп кайтарды. — Аа сизби ! Агам ооруканада болчуу, дарыгери айтат " агаңыздын абалы жакшырды бир кыйла "- дейт, барып көрүп келбесем азыр жүрөгүм жарылып кетет. Кыз жигитке кубана жооп берип алды да, кайра башка эч нерсе дебей жолуна түштү. Кыялында батыраак агасына жетүү эле. — Аябай жакшы го, ошондой эле болсун анда.Мүмкүнбү мен да барсам ? Кыздын артынан жигит да жөнөдү. — Албетте болот
МАЙРАМГА БАЙ МАЙ АЙЫ Башталганы майрам менен башталган, Таңга чыксак болот мына майрам шаң. Элдик оюн,салтыбызды жаңырткан, Ыр күлкүлөр чебер,уста ,күйөрман. Кызыгып чыгып келген эл майрамга, Кылым ашып белгиленет жылдарда. Улан кыздар оюндарын тартуулап, Кала берсе кыз куумай да калкымда. Элдик майрам салтыбызды тартуулап, Ыр күүлөрдөн музыкадан жан жыргап. Элдин ичи ,өнөр кенчи демекчи, Кыйындары жарнамада кубаттап. Куттуу болсун кирип келген май айы, Көңүлдөрү болсун элдин жайдары. Тынчтык күлкү бапыраган турмушта, Байый берсин жер киндиктин каймагы. Автор;Ырысгүл Тешебаевна.
{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!! }} 5- бөлүм. Таң ата уйкудан ойгонгон соң, кийинип алып курбусу экөө агасына карай жөнөштү. Жанында болуп,бир тууганын жалгыз калтыргысы келбей турду.Кантсе да анын жанында болсо көңүлү ток болчуудай. Курбусу Миренаны таштап, өзү болсо сабагына жөнөп кетти.Таң атпай оорукананын ,агасынын жаткан бөлмөнүн алдына келип отурганычы. Кудайдан бир тууганы батыраак айыгып кетишин тилей жалгыз өзү таң атпай отурган кызды ичкеридеги кызматкерлерден өйдө, ал тургай бейтаптарга чейин таң кала карашса, кээ бирлери аягандай түр көрсөтүп тиктешти. Бир аздан соң, дарыгер келип, бейтап жаткан бөлмөгө кирип бир кыйлага чейин бөлмөнүн ичинде жүрдү. Аны көпкө күтүп отурган кыз бир
Ажыдаардын ункуру. 8-бет
"Жакшы кабар ташбакадай, жаман кабар учкан куштай жетет"-деп айтылгандай, Мараттын болгон кыймылы, эмне менен алек болуп, эмне менен дем алып, кантип акча таап жатканы айылга эбак желдей тарап жеткенине, Марат үйүнө келип угуп таң калып эле калды. Атасы Токтоболот баштагыдай жаркылдап кабыл албай өтө муздак жана суз мамиле жасап, ал турсун жанына турбай боюн оолак тутту. Ан сайын Мараттын сабыры түгөнүп, атасы сыртка чыгып кеткенде апасынан сурады; -Апа, атама эмне болгон деги?-деп, андан ары сөзүн таппай калды эле, апасы Сайнап, кабагын чытып;
-Азыр катын ушактан дагы эркек ушак алда канча күч алган заман болбодубу. Атаңа ким жеткиргенин билбейм, сенин ал жакта ар
Сиздерге жаңы чыгарма жагып жатабы, кандай болуп жатат, кызыктуубу??? Канча адам окуп жатат экен, ой бөлүшө кетсеңиздер коментарийде өз пикирлериңизди калтыра кетиңиздер! Мен дайым ар бир жазган чыгармама сын,пикир,ойлорду күтөм, бирок окурмандарым өтө эле азайып кеткен сыяктуу. Негизи эле сиздерге жагып жатабы чыгарма? канча адам окуп, көрүп жатканын билейли. Сиздердин оюңуздар мен үчүн өтө маанилүү! Урматым менен автор! {{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ }} 4- бөлүм. Экөө сүйлөшүп баратышып кыздын үйүнө кантип жеткенин да билбей калышты. Үйүнүн жанына жеткен кезде, кыз жигитти карап Бир аз жылмайгансыды. — Мына бул менин үйүм жетип келдик. Рахмат сага узатып койгонуң үчүн. Ар жак бер
Күн жебеси ааламга нурун чачып Бак даракта булбул куштун үнү шаңшып. Жаратканым ырыскысын чачып турат Жарыктыкта жашоонун өзү бакыт. КУТМАН ТАҢ КУТ БОЛСУН ЖАКШЫЛАР.
  • Класс
Баласы, атасы жана апасы кечки тамакты ичип отурушса. Баласы кроссвордду карап отуруп: "Ата-ата, эркектер постоянно ойлоп жүргөн эки тамгадан турган нерсе эмне?", - дептир атасын текшерип. Атасы күлүп: "Эки тамганы ойлобой тамагыңды ич!" деп баласын желкеге ​​бир уруптур. Баласы таарынып: «Ата, ал үй гооо» десе, аялы да күйөөсүн желкеге бир уруп: Башканы ойлобой үйдү ойлош керек, акмак, үйдү, – деген экен...
{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!! }} 3- бөлүм . Түн : Кыз сыртта катуу угулган үндөн улам көзү ачылды. Эмне болуп жатканын да билген жок. Терезеден акырын гана, эшик тарапты тиктеп алды.Бирок дээрлик эч нерсе көрүнгөн жок. Денесин заматта калтырак басып кетти. Эмне болушу мүмкүн ? Чоң үйдүн эшигин акырын ачып, агасынын бөлмөсү тарапка көз чаптырды. Баары, жымжырт, тынчтай.Анда кыздын түн уйкусун бөлгөн катуу үн кайдан чыкты ? Акырын кайра эшикти жаба салды да, ордуна келип жата кетти. Кайра көзүнө уйку тарта алган жок.Адатынча тек гана, колуна агасы окуп берип жаткан китепти алып, көз жүгүртүп окуп жатты. Эмнегедир жүрөгү катуу согуп бир нерседен корккон сыяктуу, көзү терезе тараптагы коюу бак тарапк
Показать ещё