Марат нарктуу айтылган сөздүн тереңине баа берип, айыл көркү акылдын асылы кары адамдарда экенине таң калып, ушуга чейин эмнеге буларга көңүл бурбай жүрдүм деп, ойго алдырып жиберди. Андан дагы келечекти көрүп тургансып сүйлөгөн сөздөрү ушундай түбү жок ойго салып салды. Бул жакка чыгарда ак үйдө иштеген бир чиновник менен убадалашып чыккан.Ал киши "өзүнө жардамчы кылып алам, сени өстүрөм, сен өсө турган баласың" деп ишеничтүү айткан эле. Бирок бул сырды жада калса атасына дагы ачык айта элек болучу. Айтыла элек сырдын баарын ачык билип тургансып, ишеничтүү айткан эки карыянын сөздөрү, кадимки алдыны көрө билген олуянын айтканындай төп келгени Маратты дагы таң калтырып, тарых сабагынан берген мугалиминин айткан сөзүн эс салды.
Ал агайы бир жолку сабакта кеп кылып өткөн. Биздин элдин нарктуу карыялары адамдын көзүн карап сынап, анын келечегин так айтып койгон сапаттарга ээ болгон. Буга мисал катары алыс барбай эле кадимки Калыгул олуяны алалы. Учурунда, ал киши азыр боло турган жашоону так жана кыска айткан экен -дегенде, агайга суроо берилген. "Азыр андай алдыны көрө билген карыялар барбы"-деп. Ошондо Болсунбек агай. "Айыл жеринде кездешет, бирок алардын айткандары көпчүлүккө жетпейт. Андыктан андай карыяларды байкап, айткан сөздөрүн алып калыш керек"-деп жооп берген эле. Эт желип ортолоп калган кезде сырттан бакылдап сүйлөгөн,мектепте мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан жашы жетимишке таяп калган Жолдош карыя келип калды. Олтуруп орун алып калган кезде,сөз кезегин келтирип Маратка кайрылды:
- Марат, мен кээде сенин жазгандарыңды газета бетинен окуп калам. Жазганың жакшы, бирок кийин такшалгандан соң сага айтып койгонум оң, өзгөчө кыргыздын сакалдуу кишилерин сындап жаза көрбө. "Демократия" деген бир жаман нерсе -экен. Ушундай заманга жеткирген Ленинден бери жаман жагын чукуп жазып, айып тапканга маш болуп киришти. Бул жамандыктын эле белгизи. Көрөсүң, кийин айтты койду дебе, убагы келгенде ишенесиң жыйырма беш жыл эл башкарган Усубалиевди дагы сындап жазып жатышат, ал кишиге тийишкендер учурунда жакшы болбойт. Алар дагы оюндан четтегенде жаш балдар аларды катуу сындап жазып, алардын абирин ачат. Жанагы тили тапан бир жазмакер бар. Ал, Усубалиев менен Масалиевге тийишпей эле койсо болмок. Кантсе да экөө эл эгеси болуп, элге ак кызматтарын кылышты, Москванын жетеги менен. Эми өзүн-өзү билген кийинки такка келгендер, алардай таза элге кызмат кылышынан менин күмөнүм аз. Башка жаза турган нерсе жокпу. Албетте сындасын, эби менен.Негизи эле айтылган кеп бар эмеспи "бүткөн ишке сынчы көп,бышкан ашты жеген көп"-деген, анысысыңары сындап койгондон өткөн оңой эч нерсе жок, бирок бирөөнүн ишин жана таланттын баалай билүү кыйын. Кайран гана союз, бекер гана кулады, убалы Горьбачевко гана жетсин -деп, сөзүнүн аягына чыкпай бышкан эттен кесип, оозуна салды да, кемшеңдеп чайнаган болду. Ортодо бир саамга сөз үзүлүп, ар ким өз ойлору менен алек болуп, тамак жеп алаксып калды. Тасмалдын көркү көпчүлүк менен эмеспи. Жашыраак муундагылар эт туурап болуп калганда, камыр келип, беш бармак тартылды. Бул учурда эч деле кулакка илинер сөз козголгон жок. Марат, ар бир айтылган сөзгө терең маани берип, дагы сөз күттү. Бирок, Стам карыя айткандай Марат, жакшы сөз дагы учуру келгенде гана ооздон чыгарына нак ишенип калды. Тамак желип болгондо бата тиленди. Негизи кандай шарт болбосун батаны төрдө олтурган сакалдуу киши берет эмеспи. Баары Стам ак сакалды карап калышты эле, Стам карыя арык колун жүзүнө жакындатып, үй ээсин карап, бир саамга туруп, оюн топтоп алып
- Оомийин, тилегиңер кабыл болсун. Мараттын мындан аркы жашоодогу сапары байсалдуу болуп, иштей турган ишинен баар таап, эл-жердин алдында жүзү жарык болуп, ата-энесинин эле эмес, бизге дагы кайрымдуу бала болуп, биздин ишенген сыймыктанган уулубуз болсун.
Марат сен үчүн жашоонун оюну жаңы башталды. Баскан кадамыңдан жазба. Дайыма тасмалыңар ушундай жакшы тилек үчүн жайылсын " оомийин"- деп колун жүзүнө тарканда, жалпы тасмал четиндегилер бата кылышты да, колдорун жууп ордуларынан турушту. Марат, салмактуу айтылган сөздөрдү жүрөгүнө абдан жакын кабыл алып алганын сезген атасы Токтоболот, эл кеткенден кийин.
-Марат, сен алиги айтылган сөздөргө туура түшүн. Ал карыялар дагы учурунда пендечилик менен кетирген каталарын ачык айта алышкан жок. Бирок, ал каталарды сени кайталап калбасын деген гана таисте айтышты. Мен канча жерде бул адамдар менен конокто бирге болдум, бүгүнкүдөй чечилип сүйлөгөндөрү болгон эмес. Баары эле саясаттан кеп кылышып, талаш -тартыш менен тарачубуз. Калп айткан менен болобу, азыр биздин айылдан баш көтөргөн бала жок. Баары эле байлык кубалап, көр оокаттын артынан түшүштү. Сенин жакшы окуп жатканыңды айыл эли баары билишчү. Сенден үмүт кылып акыл кеңештерин айткандары мени дагы ойго салып койду- балам. Эми сен менин эле эмес айылдын сыймыгын сактап, ак иште. Байлыкка азгырыла көрбө, сенден өтүнүч. Бирок чөйрөңө жараша дагы иш кыл-деп, алдыны көрө билгенсип, сөзүн чолок бүтүрдү.
****************** ****************** *****************
Эртең ак үйгө кирем деген түнү Марат уктай албай чыкты. Анан кантет. Ак үйгө кандай киши даап кире алат. Ал жакка жөн адам кирбейт. Өзгөчө элеттен келгендер үчүн ак үй жөн эле ыйык жердей сезилет. Чынында эле ал жакта иштегендерге кызыккандар канча. Шаарда өмүр бою жашап туруп, ак үйдүн ичин көрө элек кишилер четтен чыгат.Ошол себептен өзгөчө карапайым эл үчүн ак үй касиеттүү жана ыйык имараттай көрүнөт. Бирок эл ыйык туткан ал жерде кандай адамдар иштейт бир Маратка эле эмес, көпчүлүккө табышмак экенин жашырганга негиз жок. Марат канча жолу ак үйдүн алдынан өтүп баратып, ал жакты кызыгып карады. Анткени ал жерде жаамы кыргыз элинин тагдырын чечкен, эл камын ойлогон, эл ишенген, билимдүү иш көзүн билген, чет элден келген коноктор менен алака түзгөн чыныгы билермандар олтурганын ким тана алат. Алиги, ишке алам деген чиновник, атайын окуу жайга келип ошончо студенттин ичинен Маратты тандаганда, мугалим айткан эле да. "Сиз жаңылышкан жоксуз. Бул бала алдыңкы студент. Кантсе дагы сиздер иштин көзүн билип, кимдин-ким экенин анализдей аласыздар" -деп айтканда алиги чиновник. "Бизге билимдүү жана иштеп кете алган адам суудай керек"деп, маданияттуу сүйлөп, студенттердин алдында өзүнүн жогорку сапатын көргөзгөнгө үлгүргөн. Ошол себептен Мараттын ишеничи дагы бекемдеп, ак үйдө иштегендерге кызыгып калган болучу.
Таттуу кыялга батып,ак үйдө эл үчүн ак кызмат кылууну ойлоп жатып, Марат эмнегедир Таңсулуунун кылгыра караган көз карашын эстеп, мыйыгынан жылмайып алды. Кантсе дагы эркек эмеспи. Эркек адам канчалык такыба болом деген күндө дагы сулуунун көз карашына жасаган мамилесине азгырылып келгенине улуу карт тарых күбө. Канчалаган баатырлар,кайраттуу сүрү менен душмандын мизин кайтарып, жоого көз ирмебей тик карагандары менен сулуунун алдында алсыз болушканын ким тана алат. Марат чынында ушул жашка чыкканы кыздарга, деги эле аял затына кызыккан эмес. Баарынан өзүнүн алдыга койгон максатын бийик тутуп, окуу менен гана алек болгон, бирок эмнегедир Таңсулуу менен таанышканы кандайдыр бир ойго келбеген сезим, акыл эсин башкара баштады. Балким, окуу жайды ийгиликтүү аяктаганы дагы буга себеп болдубу же чын эле элге эрте келген сүйүү эми башына келдиби, аны өзү дагы билбейт. Эмнегедир ойлогон оюнун аягы түз эле Таңсулууга барып такалып, акыркы кездерде аны оюнан чыгарып койгонго, күчү жетпей баратты. Төшөктө ооналактап жатып, түн ортосунда гана эптеп уктап кеткен Марат эртең менен сааттын чырылдаганынан улам ойгонуп,уйкудан көзүн ачып көргөн түшүн эстеди.Түшү жаман эмес. Буйруса иши алдыга жылчудай. Эшекке жүк артып тоого чыгып бараткан экен. Бала кезинде дагы ушул сыяктуу түш көрүп атасынан сураган. " Ата, түшүндө эшек минип, тоого чыкса эмне болот"деп. Ошондо Темирболот айткан. "эшек түшкө кирген жакшы. Аны минип тоого чыкканың зоболоңдун өскөнү, балам. Жакшы түш көргөн турбайсыңбы" -деген болучу. Марат жылуу төшөктөн тургусу келбей жатып дагы эмнегедир Таңсулууну эстеп алды. Бул белгисиз сыр адатка айланып баратканын моюнга алып, анан ак үйдөн чыккандан кийин ага жолугуп койбосом деп ойлоп койду.
Жуунуп келип тамактанган соң, тасмалга бата кылып, кыңкылдап ырдап ички үйгө кирди да, кечинде даярдап койгон кара кастюм шымды кийип, галстукту тагынып,үйлөнө турган баладай кычырап кийинген Марат, айтылган учурда жолугуша турган дарекке келип, кадимкидей экзаменге кире тургансып сүрдөп, өзүнө- өзү ишене албай турду. Ал турсун баасы кымбат иномарка машиналар менен келип ак үйгө кирген кишилерди кызыгуусу арта карап, аларды чыныгы бактылуу адамдардай сезип, алар менен иштешип калсам кандай жакшы болот эле деп, дагы таттуу кыялга батып, өзү жолукчу чиновникти күтүп турду. Бирок ал Марат ишенген чиновник айтылган учурда келген жок .Убакыт өткөн сайын Мараттын оюу бузулду "Чоң эле киши дагы калп айтабы"-деп. Бул учурда убада берген Азим Капарович түнү конокто болуп, алигиден көп ичип койгон үчүн бул кезде төшөктөн али турбай уктап жаткан болучу. Марат убакыт өткөн сайын мүдөөсүнө жетпей калган эркек жандай чыдамы кетип, эмнегедир эки жакты элеңдеп карап, сабыры түгөнүп, кыш мезгилиндеги табы жок күндүн илебиндей үмүтү өчүп баратты. Аңгыча эле оңдой берди болуп бир жаш кыз келип:
-Сиз Азим Капаровичти күтүп жаткан жоксузбу?-деди эле, ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып Марат башын ийкеп:
-Күтүп жатам. "Эртең менен тогузда ушул жерде бол" деген эле. Кыз сурмалуу көзүн ирмеп, сын көз менен карап, назик үнү менен:
-Кечирип койсоңуз. Ал киши иштери менен кармалып калды. Саат экиде келем деп, телефон чалды. Мүмкүн болсо анан келиңиз-деди эле Марат:
-Ыракмат сизге, эскертип айтып койгонуңузга, болбосо чыдамым кетип баратты эле - деп, ашыкча сөз айтып алды да, кызды узата карап, анан ал жерден караанын үздү. Бул көрүнүш ак үйдөгү иштегендердин жоопкерчилиги жоктугунун бир үзүмү болучу.
Тоо булагындай таза сезим, таза ой, көлдүн тереңидей терең максат, ала- тоодой бийик ой менен келген Мараттын эмнегедир көңүлү сууп, кандайдыр бир чоң байгеге жетпей калган адамдай умсуну кайт болуп,кабагы суз тартып жакын жердеги кафеге кирип өзөк жалгап алды да, кол саатын карап, убакыт али эрте экенине көзү жетип,Таңсулуунун окуган жерине барууну чечти.
Бул учурда убакыт чоң шашке болуп калган. Марат, Таңсулууну окуу жайдан оңой эле таап, ага жолукту. Чынында эле Таңсулуу ак жуумалдын сулуусу, маңдайы жарык, дайыма жайдары жана шайдоот жүргөн өзүнө тың кыз. Маратты келет деп күтпөгүндүктөн музоо кирпик, карагаттай көздөрү менен жагымдуу карап:
-Марат, сен кайдан?-деди. Бул суроо берилүү менен айтылгандыктан Маратка таасирлүү сезилди. Ал турсун бул берилген суроо менен Таңсулуунун өзүнө көңүлү бар экенини жүрөгү менен сезип, ушул жерден дагы бир жолу анын сулуу чырайына суктана карап, болор болбос кабагын түйүп:
-Ак үйгө баргам. Бир чиновник чакырган "ишке алам"-деп. Барсам иштери менен кармалып калып, эми саат экиде бармай- болдум. Анан сен эсиме келип, жолуга кетейин деген илгери үмүт менен келдим эле. Эмнегедир сага жолуккум келди...-деп сөзүнүн аягын таппай калды эле Таңсулуу:
-Марат, билесиңби?-деп, маанилүү сөз айтчуудай сыр берип:
- Сен ал кишиге капа болбо. Айтылган кеп бар эмеспи "начальниктер кечикпейт, кармалат иштери менен"-деген. Сен дагы кийин чоң болуп иштеп калсаң, бирөөлөрдү күттүрөсүң. Бул көрүнүш буга чейин эле жашап келген жана дагы жашай берет. Айткандай менин кулагым чалган сени Азим Капарович ишке алат экен деген сөздү. Айтмакчы, мен сен жөнүндө дагы бир кабар уктум "жакында үйлөнөт экен"-деген. Ушул сөз чынбы?- деп, Марат күтпөгөн суроону берип алып туура эмес сөз айтып алгансып, Таңсулуу уялып кетти. Бул эми оозго ал келбей калган учурда ооздон сөз чыгып кеткен көрүнүш болучу. Марат таң калып:
-Ал сөздү кайдан уктуң? Мага азыр үйлөнгөнгө али эрте. Үйлөнгөндөр эле жыргап жашап жатышыптырбы. Мен алгач ишке орношуп, анан, үй сатып алган соң гана үйлөнөм. Деги кыздар укмуш сөздөрдү кайдан угасыңар?-деп актанган болду.Таңсулуу ушул саам өзүнөн кеткен кемчиликти уяң мүнөзү менен жууп:
-Марат, сен мени кечирип койчу. Аны коюп ак үйдө иштеп калсаң, мени унутуп калбай, анда санда келип турсаң. Деги кандай адам ак үйдө иштейт болду- экен? Андай жерде иштеген бактылуу адамдарга суктанам деп, сөздүн нугун башка жакка бурду эле Марат:
-Аны мен дагы ойлогом. Аны коюп кечинде жолугуп киного кирип келели. Мен ишке орношконумду жууп берейин. Айткандай Ала-Тоо кино театрында эмне кино бар экенин билген жоксуңбу? Таңсулуу башын чайкап:
-Жок. Баса мен бүгүн бошой албай калам го. Айылдан апам келип таякемдердикине бармакбыз. Ыракмат киного чакырып койгонуңа. Марат, Таңсулууну биринчи жолу көрүп жаткансып тигиле карап:
-Жагдайыңа кара. Менин милдетим сени киного чакыруу болучу. Ал эми сенин ишиң баш тартуу-деп, жер караган болду.Таңсулуу шашкан түр көргөзүп:
-Макул анда дагы жолугушабыз да. Мен сабактан кечиктим. Ыракмат келип кеткениң үчүн деп, кыз балага таандык кылык менен наздана Мараттын кызыгуусун артыра карап, тетири бурулду. Марат ушул саам дагы билди Таңсулуунун сулуулугун. Башын ийкеп коштошуп, ак үйдү көздөй кадамын жай таштап баратып, эмнегедир Таңсулууну бирөөлөрдөн кысканып кетти. Бирок кимден кысканганын өзү дагы билген жок. Ойго алаксып баратып гана билди сүйүү бар жерде гана кыскануу бар экенин. Мараттын ак үйгө жакындаган сайын эмнегедир буттары чалыштап, кайрадан сүрдөө сезими пайда болуп, оюу башкага бурулду.
******************** **********************
Кыпкызыл килем салынган ак үйдүн узун калидору. Маңдайынан чыпылдап чыккан терди сүрткөнгө алы келбеген Марат, жөн эле бул килемдин үстү менен басып баратып бут киймин чечип көтөрүп алгысы келди. Азим Капаровичтин жардамчы кызынын артынан калбай кадам таштап баратып, такыр башка чөйрөгө түшүп калгансып, андан калып калбас үчүн эки жакты дагы караганга үлгүргөн жок.
Шыпылдап баскан Айданек бул чөйрөнүн баардык жагын өздөштүрүп калганын жана ишине берилгенин шайдоот кыймылынан билгизди. Аңгыча орто жашка барып калган эле галстукчан адам, Айданекке жандай басып тийишкенин көргөн Марат таң калып эле калды. "Ушундай жерде иштеп туруп, жаш кызга эмне тийишет"- деп. Айданек дагы анын тийишкенине кош көңүл мамиле жасап:
-Самаган Токторович, сизди жана шеф издеди эле жолуктуңузбу? -деп кайра эч нерсе болбогондой суроо менен кайрылды. Алиги киши жакын жердеги кабинеттке кирип баратып:
-Ооба, кечээки иштер боюнча чакырыптыр- деп жооп берип, калып калды. Маратка ал кишинин кыймыл аракети, кызындай болгон кызга тийишкени такыр эле жаккан жок. Алтынчы этажга лифт менен көтөрүлгөн экөө көз жоосун алган жасалгасы ооз толо айткандай кооз кабинетке киришкенде, түнү менен уктабай чыккан адамдай шишик тарткан Азим Капарович өзү тосуп алды. Анткен менен ал киши Маратты жакшы маанай менен кабыл алып:
-Марат мен бир аз иштерим менен кармалып калдым.Эми сен мындай кыл. Азыр кеч болуп калды. Эртең болгон документтериңди алып кел. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз. Айтмакчы бул жактын чөйрөсүнө көнгөнгө чейин кыйналасың го... деп ашыкча сөз айтып алды да, анан көзүн жалтактатып кандайдыр бир белгисиз сөз менен айтып жеткизе алгыс белги менен сыр алдырып койду да, кагазга көз жүгүртүмүш болуп, бир саамга күттүрүп анан, чечкинсиз үн менен:
- Бүгүнчө бара берсең болот. Калган сөздү кийин сүйлөшөбүз. Айданекке жолуксаң бул жакка кирип чыкканга сага документ жасап берет-деди. Марат тиги киши менен сыпаа коштошуп сыртка чыгып, өзүнүн боюна жарашыксыз кийинген алиги кызга кайрылды:
-Мен азыр эмне кылсам болот?-деп. Жайлоодогу кепшеген уйдай сагыз чайнаган Айданек көзү менен сүзө карап:
- Кете берсең болот. Эртең, эрте келип мени алиги жерден күт. Калган сөздү өзүң угасың, шефтен. Кыскасы сен жасай турган азыр иш деле жок болучу. Шеф эмнеге сени ишке алып алды, ага такыр башым жеткен жок-деп, болор болбос кабагын түйүп:
-Бара берсең болот-дегенде гана Марат иш бөлмөдөн кысынып кетти да, аба жетишпегенсип ал жерден чыкканча шашты. Бир жагынан Айданектин кысканыч ирээтинде акыркы айткан сөзү жана Азим Капаровичтин чечкинсиз мамилеси көңүлүн көлөкө түшүрүп, кабагы суз сыртка чыкты. Ак үйдөн чыгып элүү метрдей узап, артын карады да "Эмнеге мен ушул убакка чейин толкундандым" -деп ойлоп,мүдөсү толук канбай калган эркек жандай кабагы салыңкы, сапарын улады.
Уландысы бар.
Бердикожо Бийназаров.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3