3-бет.
Жай аккан чүй каналындай билинбей убакыт өз нугу менен агып өтүп, арадан эки ай тактап айтканда алтымыш күн артта калды. Бул учурда Марат көп нерсени үйрөнүп, абадан акча жасаган ак үйдөгү билермандардын жоосунсуз жорутарына күбө болду. Жакшы эле бул ишти таштап кеткиси келди, бирок "баягынын баласы ак үйдө иштей албай кетип калыптыр" -деген сөздүн чыгышынан коркуп, ичинен гана түтөп, эч кимге эч нерсе айта албай иштеп жүргөнгө туура келди. Күнгө бейшенби эле. Ишине так Марат кабинетинде олтураса күндө көзүнүн төбөсү менен караган Айданек сырттан баш багып, кадимки кандек иттей жойпуланып, Маратка жагынуу үчүнбү же кандайдыр бир ишин бүтүрүүнүн аракетиби кыскасы сөздү алыстан баштап анан, негизги сөздү айтты:
Марат Токтоболотович. Мени сизге шеф өзү жиберди. Кыскасы бул жалган документке кол коюп берсин -деп. Мында андай деле маанилүү иш каралган эмес. Болгону сен Ошко командировкага барып келдиң. Акчаны ушунтип жасабасак болбой калды-деди. Марат дароо түшүндү, бирок эч нерсе кыла алган жок. Жалган докметке кол коюп бергенге чейин чекесинен тер чыпылдап чыгып, денесин майда калтырак басып, ачуусу келгени жүзүнөн билинип, мурду кыпчыла түштү. Айданек кагазды алып, жамбашын чайпап басып сыртка чыгып кеткенде гана Марат өзүнө келип, алгачкы арам ишке кадам таштаганы үчүн өзүн-өзү жек көрүп турганда, оңдой берди болуп Таңсулуу телефон чалып калды. Марат трубканы кулагына такап, тааныш үндү укканда туңгуюктан жол табылгансып көңүлү өсүп, сүйүнүп кетти. Анан эмне кылат. Болбосо мээсине кан куюлуп кетет беле.Таңсулуу сөз арасында эбин келтирип:
-Марат кыскасы мындай. Бүгүн бизде информатика сабагынан экзамен болду. Агай баа койбой жатат "беш жүз сомдон чогултуп бергиле"- деп. Мүмкүн болсо акча таап бере аласыңбы-деди. Бул сөздү Таңсулуу абдан кыйналып жатып айтканын Марат билди. Бир саамга жооп бербей туруп:
-Таңсулуу эмне экзаменге даярданган эмес белең?-деди эле Таңсулуу актанып:
-Даярданганда эмне, баарын бир гана акча чечип калган соң. Сураганын бериш гана керек. Болбосо агайды душман кылып алам. Сөз ушул жерге келгенде Айданек сырттан кирип элүү сомдук акчадан бир пачканы столдун үстүнө коюп "сенин доляң"-дегенсип таштап кетти. Акчаны көргөндө Марат чын ниетинен сүйүнүп кетти. Дароо аны суурмага салып, сөздү аягына чейин угуп, анан үнүн ишенимдүү чыгарып:
-Таңсулуу сен үчүн акча табылат, деги экөөбүз качан жолугабыз? -деди үнүн ишенимдүү чыгарып. Бул алгачкы табылган арам акчанын азгырыгы учурунда керекке жараганы, Мараттын таза иштейм деген убадасынын мизин кайтаргандагы бир учур болду. Таңсулуунун назик жана кыз балага таандык жагымдуу үнү менен азыр мен ак үйдүн алдына барып калам деп, трубканы койгондо Марат, акчаны колуна алып, кайра суурмага салды. Акча менен аял затынын азгырыгы Маратты ушунтип баштады, өзүнүн чөлкөмүнө сүйрөп.
Акчаны берип кеткен соң Айданек сынамакка кайра кабинеттке баш багып:
-Марат Токтоболотович, жарым сааттан кийин шеф кирсин деди.Эч жакка кетип калбасаң-деп жагымдуу жылмайып койду. Бул жылмаюга арам акчанын күчү дем бергенин танып болбойт эле.
Марат үчүн жарым саат убакыт, бир кылымга тете болуп, өтпөй койду. Санаа чегип "Шеф эмнеге чакыртты болду экен"-деген гана суроого жооп таба албай, бирөөнү күткөн адамдай, улам-улам сааты карай берди. Андайда кычашкансып сааттын жебеси дагы ордунан жылбай калат эмеспи.
Акыры күткөн учур келип Марат, чакырык менен кабинеттке кирди, денесин майда калтырак басып жатып.
"Жырткычты сүрдүү кылган тырмагы, адамды сүрдүү кылган кызматы"- дегендей, Азим Капарович, Мараттын көзүнө укмуш сүрдүү көрүнүп, оозунан сөзү түшүп босогодон жылбай туруп калды. Маңдайы кашка, көз айнеги өзүнө жарашкан, курсагы чедирейген Азим Капарович жазып жаткан кагазын токтотуп, Маратты карап, көзү менен "олтур" деп белги берди. Ушул эле буйрукту күтүп тургансып Марат алдыга кадам таштап көрсөтүлгөн жерге келип олтурду да, суроолу карады. Азим Капарович күттүрүп, өзүнчө каада күтүп, анан болор- болбос жөтөлүп үнүн жасап алып:
-Марат кыскасы мындай. "Колдон келип турганда түштүгүңө жорго мин"- дегендей, азыр биз учурдан пайдаланып акча жасап алыш керек болуп турат. Сен кийинки аптада көздөн далдоо айылыңа барып, бир апта жүрүп кел. "Мен сени командировкага жибердим" - деп коём. Сен Киев шаарына барып келген болосуң. Анан сен менин калпымды чыгарбагандай бол. Кыскасы сага дагы өзүңдүн доляң тиет. Азыр бул жөнүндө экөөбүз гана билгендей бололу. Тиги Айданек дагы билбейт. Марат башын ийкеп макул экенин билгизди. Азим Капарович сөзүнүн аягын жымсалдап бүтүрдү да, анан оң көзүн кысып койду.Бул анын бала кезден бери келе жаткан адаты. Марат чоң сыноодон чыккан студенттей кабинеттен чыкканда өзүн кыйла жеңил сезип, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып кенен-кенен дем алып алды. Бир жагынан калп айтып көнбөгөнү өз өкүмүн жүргүзүп, кабинетине келип бир топко ойлонуп олтурду "эмне кылсам" -деп. Чынында эле акырындык менен акчанын азгырыгы күчтүү экенин ушуга чейин сезген эмес эле. Ушул жерден дароо ойлогонго үлгүрдү "канча акча берет болду экен"-деген ойду. Мына бул жарык дүйнөдөгү эң алгачкы жаңылыштык жана пендечилик. Аңгыча эле телефон шыңгырап кулакка жагымдуу Таңсулуунун үнүн укту. Марат иш убактысы аяктап калгандыктан шашыла жыйналып, суурмага салган акчаны алып сыртка чыкты.
Бул учурда эркек адам суктангандай бой мүчөсү келишкен, жарашыктуу ак көйнөк кийген Таңсулуу, ак үйдүн алды жагында ары-бери басып, алгачкы жолу Маратты күтүп турган. Аны алыстан көрүп эле Марат сулуулукка суктанып, ушундай сулуу өзүн күтүп турганга ичинен ыраазы болуп, бир жагынан чөнтөгүндөгү акчанын деми демине -дем кошуп, кадамын тездетти. Таңсулууну акча маселеси ушундай бир кыйнап жаткан үчүн, бир орунга тура албай калган. Ошол себептен кыз башы менен Маратты күтүп, жол карап жатканын танып болбойт болучу. Марат жакын келип эле Таңсулууну оң бетинен өөп учурашып:
-Көпкө күтүп калган жоксуңбу?-деп сыпаалыгын көргөздү. Кантсе да чоң окуу жайдан окуп, билим алып калган да. Сөз учуру келгенде Таңсулуу карегин тартып алып, өзүнө жарашыктуу кыял менен:
-Марат, менин өтүнүчүмдү кандай кыласың? Ишенесиңби, азыр окубай эле акчанын күчү менен билим алыш керек болуп калды көрүнөт. Эки күн уктабай окуп даярданганым суу кечпей калды -деп,актангансып жер тиктеди эле, Марат ушул жерден өзүнүн шар мүнөзүн карматып:
-Канча акча керек болуп жатат?-деди. Таңсулуу үнүн жай чыгарып:
-Беш жүз сом болсо, маселе чечилет болучу. Марат күлүп:
-Анда анын жарасы жеңил- экен. Жүрү кафеге кирип алгач курсакты тойгузуп алалычы. Анан калган маселени чечебиз. Таңсулуу кабагын түйүп:
-Марат мени ал жакта агай күтүп жатат. Аны кетирип жибереличи, калган сөздү кийин улайлы. Марат чөнтөгүнөн акчаны алып чыгып санап туруп, Таңсулууга берди. Акча колуна тийгенде Таңсулуу ушундай бир болуп көрбөгөндөй сүйүндү белем, кабагы кышында жааган карга чагылышкан күн нурундай жаркылдай түштү. Бул көрүнүш алгач Мараттын көңүлүн абдан көтөрдү. Түшүнгөн кишиге кыйналып турган адамды сүйүнткөн кандай жакшы.
Таңсулуу, алдыга кадам таштап, окуу жайды көздөй шашылган болду. Бул учурда чын эле убада боюнча агайы чыдамы кетип күтүп турган. Кайран кыз агайынан кутулган соң, Мараттын оюу менен болуп, көзүнүн кареги менен тең айланып калганын өзү дагы билбей калды.
Ушул күнү Марат дагы Таңсулуу да өбүшүүнүн даамын татып, сүйүүнүн керемети кайда жатканын билишти. Арам акчанын күчү Мараттын катылып жаткан сүйүүсүн аз убакыттын ичинде эле ачыкка чыгарды. Ушул жашка келгени кыз балага ачылып көрбөгөн Марат, эмнегдир чоң байгеден куру калып жүргөн адамдай, бул бакыттын даамын татпай жүргөнүнө өкүндү. Таттуу өбүшүү эки жашты түн ортосуна чейин кармады, бирок чектен ары чыкканга экөө тең жол беришкен жок. Таң жаңы гана атып келе жатканда Марат, Таңсулууну үйүнө жеткизип коюп, жолдо келатып бир кезедги атасынын айткан сөзүн эстеди "Балам, акча менен аялзатынын азгырыгына бериле көрбө, биздин тукумга арамдык жакпайт"- деген.
Жашаган жерине келип төшөккө жатканда көз алдына Таңсулуунун элеси тартылып, анын кыңкыстаган кумарлуу үнү "сени сүйөм" деген сөзү, чын ниеттен берилип жасаган мамилеси, Мараттын оюн ээлеп алып, уктап калганга чейин тынчын алды. Бул алгачкы келген сүйүүнүн түйшүгү жана аял затына азгырылуунун алгачкы кадамы экенин танып болбойт болучу. Ал эми Таңсулуунун бул жолку абалын айтуу албетте көп эмгети талап кылат. Биринчи жолу эркек жанга өптүргөн жаш кыздын бул кылыгы өмүр бою эсинде каларында эч шек жок. Бети кызарып, жигит өпкөн жерлери от болуп күйгөнсүп албырганы, бир топко чейин кетпей, улам болгон окуяны эске сала берди.
Ошонтип эки жаш, эки жакта бирин-бири эңсеп жатып уктап кетишкени менен экөө тең болжогон убакыттан кеч ойгонушуп, бири иштен, бири сабактан кечигип калышты.
*********************** ***********************
Убакыт баарын дарылайт жана өз өкүмү менен кимдин ким экенин билгизип коёт эмеспи. Анысысыңары Марат дагы бир кезде өзүнө берген убуданын өтөсүнө чыкмак турсун ал убаданы унутуп, акырындык менен акчанын азгырыгына баш оту менен кирип, кадимки эки жүздү адамдын кейпин кийип баратты. Андан дагы сыртынан кооз көрүнгөн бирок, ичи ыплас жана арам ишке белчесинен баткан ак үйдүн ички эл билбеген жашыруун дүйнөсүнө кадимкидей аралашып, ал турсун күбө болгонго да жашоо таразасы көргөздү.
Убакыт чоң шашкеден өтүп калган. Марат эч жаман ой жок алтынчы этаждын калидору менен келатып, кесиптеши Айданек курсагы салаңдаган атасындай болгон киши менен кучакташып турганын, эшиктин ачык кичинекей жылчыгынан көрүп калып, кадимкидей денеси чыйрыга түштү. Өзүн токто кармап, шырп алдырбай жакын басып келип, кызыгуусу арта аларды аңдыганга өттү. Тиги киши кечинде эле телевизордон акылдуусунуп, эл үчүн кам көрө сүйлөгөн. Телевизорду карап олтуруп сөзгө маани берген Марат, бул кишиге ичинен ыраазы болгон эле "Азамат, ушундай адамдар көбүрөөк болсо, жашоо оңолот эле" - деп. Ал турсун эртең менен эле тиги кишини чын ниетинен куттуктаган болучу "абдан жашы сүйлөдүңүз" -деп.
Тил менен иш бүтүргөнгө көнгөн билермандардын жоруктарына, ичинен бышып жүргөн Мараттка бул көрүнүш дагы өз күчүндө сабак болду. Андан дагы эки күн илгери эле Айданекти, Азим Капарович менен кыйшаңдашып жатканын байкап калган болучу. Айданек назик үнү менен кылыктанып, шыңкылдап:
-Аскар Эркинбаевич мага эң негизигиси бүгүн үч жүз доллар таап бериңиз. Калган сөздү кечинде баягы жерден сүйлөшөлү. Мен сиздин оюңуз менен эле болуп келатам го - деп айткан сөзүн Марат даана укту. Аңгыча эле лифттен чыккан Азим Капаровичти көрө коюп, ыңгайсыз абалда калды да, үнүн чыгарып жөтөлүп, нары басты. Бул Мараттын тиги экөөнө сактануу үчүн берген белгиси эле. Антпегенде Айданекке эле оор болуп калат болучу. Марат кабинетине келип газетага жазган макаласына көз жүгүтүмүш болду, бирок Айданек менен тиги министрдин жоругу эмнегедир эле оюнун төрүнөн орун алып, бүт дити ак үйдөгү булганыч жашоо ээлеп, бир топко чейин бир жерди теше тиктеп, тазалык жоголуп баратканына ичинен сызып, күрсүнүп алды. Акчаны алдап жасагандары бир жагынан көңүлүн оорутса, минтип кары жашына карабай "сүйүү" - деген улуу сезимди тигинтип соодалап калгандарына арданып "бул иштен кетип калсамбы" - деп да ойлогонго үлгүрдү. Ою чаржайыт болуп, кабагы суз тартып олтурганда, эч нерсе болбогондой Айданек кирип келип, жасалма мүнөзүн карматып орус тилинде, өзүн маданияттуу тутуп:
-Марат Темирболотович, сизди шеф "кирсин" - деп жатат. Анан дагы баягы иштердин документин даярдап барсеңиз болот эле. И, баса телефондун акчасын да төлөчү учур келип калды-деди, көздөрүн кымыңдатып. Марат эч сыр бербей ордунан туруп:
-Айданек, бир иш кыларда эшикти жакшылап жаап алып жүрчү. Болбосо Аскар Эркинбаевич экөөңөр, алиги кылыгыңар менен шефке кармалып калат элеңер. Деги сен ким менен мамиледе болсоң дагы байкап иш кылбайсыңбы! -деп көзү менен билгизди, баарынан "уят" деген нерсени бийик тутушту. Мараттан чукул жерден бул темада сөз угам деп күтпөгөн Айданек башка чапкандай эле өңү бопбос боло түштү да, кабинетке кандай кирсе, так ошондой сыртка чыкканча шашты, уурусун карматкан кишидей. "Кыңыр иш кырк жылда да билинет"- дегендей Айданек үчүн Мараттын айткан сөздөрү ушундай бир катуу тийди. Анткени буга чейин Азим Капарович менен дагы мамиледе экенин өзүнүн калпыс кыймыл аракети менен Маратка билдирип алган болучу. Булут күндүн бетин ээлеп алгандай, кабагы ачык Айданектин кабагына кар жаап, түнөргөн тейде иш бөлмөсүнө келди да, бир жерди теше тиктеп, ойго алдырып жиберди. Бул да болсо булганычтын тайыстыгынын бир белгиси экенинин жана улуу жерди булгагандын учурунда айтылганы эле. Айданек ушул саам билди, баарынан намыс менен ардын улуулугун.
Бир жерде болгондо дагы жаамы кыргыз элинин тагдырын чечкен ак үйдө иштеп жатып, канча чогуу иштешкен кесиптештери менен мамиле түзүп жүргөнү үчүн Айданек өзүн-өзү жек көрүп кетти. Андан дагы айылдагы атасы менен энеси, туугандары "кызыбыз ак үйдө иштейт"-деп мактангандарычы. Эгер алар азыркы Марат күбө болгон ишти өз көздөрү менен көрсө эмне болот болучу. Эшик ачылып сыйда кийинген Марат кирип келди да, ойго чөмүлүп олтурган Айданекке көңүл бурбастан жаңгак жыгачынан жасалган эшикти чертип, Азим Капаровичтин иш бөлмөсүнө кирип эле билди, шефинин Айданек менен Аскар Эркинбаевич жөнүндө сураарын. Анткени анын жүзүнөн байкады, кандайдыр бир капачылыктын белгизин. Мунун себеби ал дагы Мараттай болуп тиги экөөнүн мамилеси бар экенин байкап калган болучу. Тактап, аныгын билүү үчүн атайын Маратты чакырткан. Бирок ыгын келтирип сурай албай Азим бир топко буйдала түштү да, кагазга үңүлгөн болуп убакытты созду. Кантсе да чиновник деген аты бар эмеспи. Сөз улансын үчүн Азим:
-Марат, иштер кандай, баягы тапшырманын өтөсүнө чыктыңбы?-деди Бул суроо жөн гана ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн берилгенин Марат билди. Кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
-Ал иш бүткөн, бир гана бухгальтер кол койсо болду. Азим учурун келтирип:
-Жанагы Айденек деген кыз аны бүтүрүп коюм дебеди беле? Бул айтылган сөз менен Азим өзүнүн негизги айта турган сөзүнүн учугун чыгарып алды. Көз айнегин алып, башын жогору көтөрүп, көзү менен сүрдүү карап:
-Я, Марат, сен тиги Айданекти кандай кыз деп ойлойсуң? Ал деги жеңил ой кыздардын катарын толуктаган кыз эмеспи?... Эмнегедир эле министр Эркинбаевич менен шынарлашып калыптыр-деп, сөз учугун алыстан баштады. Сөз кезеги келгенде Марат эски адатын карматып башын сылап:
-Азим Капарович чынын айтсам Айданектин андай деле осол ишин байкай алганым жок, бирок жаш кезде ар кандай учур болуп кетет эмеспи. Эң негизгиси сизге карата Айданектин ою абдан түз. Кыскасы, сизди мактагандан тажабайт-деп, Азим күтпөгөн сөздү айтты. Кантсе дагы бул жолу Марат эркек ушактан алыс экенин өзүнүн бийиктиги менен билгизе алды. Сөздөн жаңылып калбаш үчүн абдан тилине сак болду. Азим өзүнө карата Айданектин ою түз экенин ушуну менен үч кишиден угушу. Бирок анын бүгүнкү жоругу аз да болсо көңүлүнө көлөкө түшүрүп, кандайдыр бир шектенүүнү пайда кылды. Мараттан өзү күткөн сөздү уга албаган соң кабагын чытып:
-Марат, кыскасы мындай. Сен эртең мен жөнүндө "Асаба" газетасына иштин ийгилиги жөнүндө макала жаз. Бирок, башка бирөөнүн аты менен. Мени жогору жак унутуп баратат өңдөнөт. Андан дагы эл менин ишимди билип турганы оң. Антпесең эртең эле иш ордумду сатып ала тургандар толуп жатат. Алар тарп аңдыган жорудай баскан изимди аңдып гана араң турушат. Бир шылтоо табылса эле хан айымга берчүүсүн берип, кызматымды алып коёт. Өзүң деле байкап жаткандырсың, тиги кожоюн эмес анын аялы баарын билип, акимдин ордунан бери кийлигишип калганын. Сөз эмне жөнүндө болуп жатканын илгиртпей түшүнгөн Марат башын ийкеп сөз удулу келгенде, суроо менен кайрылды:
-Азим Капарович, макалага кайсы иш жөнүндө кененирээк токтолоюн. Балким сиздин түштүк жергесине иш сапарыңыз менен барганыңызды жазсам кандай болот?
Азим калем сабы менен столду черткилеп, ойлонгондой түр көргөзүп:
-Жок, ал жакка барганымды эмес, казакстанга барганда жасаган докладым жөнүндө жаз. Аны өзүң даярдабадың беле. Айткандай колуңдан келишинче калпты чынды аралаштырып бир мактасаң, тиги ажо баш болуп, аялы төш болуп менин иштеп жатканым жөнүндө кабардар болушсун. Антпесек өзү билген хан айымдын туугандары, иш ордума жуучу түшүп жатканын кулагым чалып калды. Калганын өзүң түшүнгөн чыгарсың-деп, темадан башка ашыкча сөздү оозунан чыгарып жиберди. Аңгыча эле телефон шыңгырап калды. Азим телефонду албай туруп, Маратка кайрылды:
-Бар, бара бер. Ортодогу болгон сөз оозуңдан чыкпасын. Анан Айданекке дагы эскертип койчу, өзүңдүн сөзүң кылып, ар ким менен шынарлашпасын- деп, трубканы кулагына такады. Бул учурда Марат кабинеттен чыгып кеткендиктен, ким менен сүйлөшкөнүн ачык биле албады.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2