Канча адам окуп жатат экен, ой бөлүшө кетсеңиздер коментарийде өз пикирлериңизди калтыра кетиңиздер! Мен дайым ар бир жазган чыгармама сын,пикир,ойлорду күтөм, бирок окурмандарым өтө эле азайып кеткен сыяктуу. Негизи эле сиздерге жагып жатабы чыгарма? канча адам окуп, көрүп жатканын билейли. Сиздердин оюңуздар мен үчүн өтө маанилүү!
Урматым менен автор!
{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ }} 4- бөлүм.
Экөө сүйлөшүп баратышып кыздын үйүнө кантип жеткенин да билбей калышты. Үйүнүн жанына жеткен кезде, кыз жигитти карап Бир аз жылмайгансыды.
— Мына бул менин үйүм жетип келдик. Рахмат сага узатып койгонуң үчүн.
Ар жак бер жагын карап алган жигит, кыздын сөзүнө жооп кылып жылмайып койду ал да.
— Аа анда жакшы. Эч нерсе эмес буйруса эртең сабактан көрүшөбүз ээ !Дагы бир жолу кубанычтамын таанышканыма сулуу.
Кызды жайдары тиктей, жигит колун акырын кызга сунду. Эмнегедир бир жери ооруп тургандай, кызга байкатпай көзүн чылк жумуп,сол колу менен оң колун, акырын кармап алды да, кайра колун тартып алды. Кыз аны байкаган да жок. Ал да жигитке жооп кылып, назик колун акырын жигитке сунду.
— Ооба буйруса эртең жолугабыз. Жакшы жетип ал, кош бол.
Кыз жигитке бир жылмая карап алып, үйүнө кирип кетти. Жигит да кызды карап бир аз турган соң, үйдөн далдоорок жакка өтө, кайра жанындагы калың токойду көздөй аралап кирип кетти.
Үйүнө эмнегедир көңүлдүү кирген кыз ары бери кыңылдап ырдап да алды. Өзүн күзгүдөн карана, чачын бир аз тарай салып, бир саамга өзүн тиктеп турду. Кайра ордунан туруп, бат - баттан агасына тамак даярдай, үйлөрүн жыйнап жатты. Бүгүнкү күнү жакшы өткөндөй,же окуусуна барып көңүлү бир аз алаксыдыбы,же тиги жигит көңүлүнөн чыктыбы айтор,өзүн алда канча жакшы сезип турду. Ал да бар. Жигиттин кара коюу каштары менен, төгүлгөн кирпиктери коштогон көздөрүн элестетип алып, өзүнө өзү таң калып, кайра бырс күлүп жиберди.
— Эмне болуп жатат мага? чын эле бирок келишимдүү жигит экен.
Кайра өзүнө суроо берип алды. Андан көрө агама даамдуу тамагымды жасап күтүп алайын. Эх байкуш агам десе !Мени окутам деп жүрүп, өзү үчүн эч нерсе кыла алган жок. Кудайым сизге татыктуу жар жолуктурса экен.Агам антип кыйналып жүрсө, сенин кимдир бирөөлөрдү ойлоп жатканыңа жол болсун.
Өзүн өзү кагып сүйлөнүп алды да кайра ишине киришти.
Күүгүм кеч кирген убакта, агасын күтүп отурду.Бир азга кечиксе агасы дайыма коңгуроо кылып, кечигип калаарын айтып карындашын жубатып койчуу.Азыр болсо эмне кылаарын билбей, ары бери ордунда турбай басып, тынчы кете берди.Саатын карап койгон менен, агасы келчүү убактан өтүп бараткан эле. Бир убакта кулактын кужурун алган коңгуроо чалынып, кыз ошону эле күткөндөй телефонду ала койду.
— Ало ага эмне болдуңуз ? Келе жатасызбы ?
Бирок агасынын үнү саамга угулган жок.
— Ага ! Угуп жатасызбы сизге эмне болду, кайдасыз?
Үнүн укпаган соң, кайра кайра сурап кирди.
— Мен бир азга кечигип калат экенмин жаным карындашым.Сен коркпой отуруп тургун. Эсиңдеби апам бизди үйгө таштап кетчүү убакта эмне деген сөз берчүүбүз апама ?!….
Агасынын бул сөзүнө Мирена таң калып, бакырайган көздөрүн чоң ачып алды. Заматта көзүнө жаш келип, бала кездеги бир элес көз алдына тартыла түштү. Ал убакта апасы менен атасы бир нерседен экөөнү коргогон сыяктуу үйдөн чыгарчуу эмес. Бир жакка кетишкен убакта да агасына дайындап, алар келгенче эшикти эч кимге ачууга мүмкүн эмес эле. Кимден анчалык коргошконун эч ким билбейт. Мына агасы азыр дал ошол сыяктуу табышмактатып сүйлөгөнүн акылдуу кыз дароо түшүндү.
— Ага сизчи кайда жүрөсүз? Жооп бериңиз ага!
Агасы башка сөз айткан жок.Жөн гана телефон дүтүлдөп барып, жок болуп кетти.
Телефон өчөөр замат кыз эшигин дароо иле салды.Терезесин да жаап, бүтүн баарын агасы айткан сыяктуу азыр эле үйүнүн ичине бирөө кирип, кызды жакадан алчуудай боло көз алдына жанагы киши элестеп кетти.Жүрөгү түпөйүл болуп, бир нерседен коркуп турду.Агасынын кечиккени аз келгендей, күүгүм тартып, коюу караңгылык терезени каптап келе жатты. Бир тууганынын шашыла,ары бат -бат чыккан үнүнөн өзү да чоочуп, анык бир нерсе болгонун кичинекей жүрөгү сезип турду. Көтөргөн телефону да эчак эле өчүп калган экен. Башка,бей тааныш номер менен байланышып,кайра жок болуп кеткенинен улам , кантип байланышка чыгаарын билбей көпкө кыжалат болду.Адатта бир тууганы эч качан мындай убакытка дейре кечикчүү эмес эле. Канча убак өттү ким билет,кирпик какпай,өз бөлмөсүнө камалып отурган кыздын телефону шыңгырап кыз дароо ала койду. Бирок күткөн агасынын үнү эмес, көңулсүз сүйлөгөн курбусунун үнү угулду.
— Мирена кандайсын ?
Курбусунун үнү муңдуу чыгып, кызга бир нерсе айта албай тургандай мукактанат.
— Жакшы ! Түн жарымда эмне болду, тынчылыкпы ?
Кыз да жүрөгү бир нерсени сезгендей, шектүү курбусуна суроо узатып, аны " эмне дээр койот экен " - дегендей жооп күтүп тыңшап калды. Бир аз үн катпай турган курбусу, акырын сөз баштады.
— Мирена агаң азыр ооруканада. Аны унаа уруп кетиптир катуу ооруп өзүн билбей, эсине келбей жатат дешти.
— Эмне дедиң кайсыл ооруканада ?
Кыздын алдынан жер көчүп бараткандай башы тегеренип кетти.
— Мен сага баратам азыр жанына барабыз даяр бол.
Кыз башка эч нерсе дебей телефонду үзүп койду.
— Эмне деди? агамды ! Жок болушу мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес!
Көзүнөн мөлтүр жаштар тамып, бир кыйла ордунда катып турду да, кайра даярданып, кийине курбусун күтүп жатты.
Эшик алдына токтогон унаа жарыгын өчүрбөй, кызга келгени тууралу кабар бергенсип кызды күтүп туруп калды.Ушуну эле күтүп тургандай,үйүнөн шашыла чыккан кыз унаага отура, курбусуна суроолорду жаадырып кирди.
— Абалы кандай экен, ким айтты агам тууралуу,айтчы мага ?!
— Эмне болгонун өзүм да билбейм мага бирге окуган жигит айтты.Ал ооруканага өзү жеткирип келиптир агаңды.
Шашылып сүйлөп, ыйлап да алган кыздар дароо айтылган дарек боюнча жетип келишти да, ичкери көздөй чуркап жөнөштү.
— Доктур сураныч айтыңызчы 11 - бөлум кайсыл тарапта ?
Ак халат кийген мед айым аларга жылуу сүйлөп,экинчи кабаттагы сол тарап экенин айтып, башын ийкеп коштошуп кала берди.Экөө шашылып кирип, бөлмөдөн эми чыгып келе жаткан ак халатчан доктур менен бет келишти.
— Доктур - агам ,11- бөлүмдөгү жигиттин абалы жакшыбы ? Агама эмне болду ?
Доктур экөөнү бир карап алып, үмутсүз үн катты.
— Ата энеңиздер кайда ? Аларга кабар берүү керек Бизде үмүтүбүз азыраак ! Андыктан кечирим сурайм.Колумдан келген жардамым ушул болду.
Башын шылкыйта бир чети Миренаны тиктеп аяп тургандай күнөөлүү үн катты доктур
- Жок , жок ишене албайм ! Андай болушу мүмкүн эмес. Мүмкүн эмес! Доктур кирип көрүүгө мүмкүнбү агамды ?
Көзүн жаштаган кыз доктурду жалдырай карады.
— Албетте болот, кирип көрүүгө болот бирок көп убакытка эмес.
Доктур ары көздөй басып кетти. Кыз кадам шилтей, бөлмөгө кирип барып көзүнүн жашын көл кылып төгүп алды. Агасы эч нерсени билбей, тек гана көзүн жумуп тынч узак уйкуда жаткан эле.Колун кармап жанындагы отургучка отура кетти.
— Бир тууганым эмне болду сизге эмнеге мындай абалга түшүп калдыңыз ? Көзүңүздү ачыңыз мен келдим. Ага ачыңыз көзүңүздү суранам , мен кантем сизсиз ? Жок -жок ага мени таштап кетем дебеңиз. Оюңузга келтире көрбөңүз. Кудайым өзүң жардам кыл!
Көзүнөн жашы мөлтүрөп тамып, эч нерсени сезбей уктап жаткан агасына сүйлөп да, ыйлап да жатты.
- Чуш болду баары жакшы болот. Сыртка бир аз чыгып өзүңө келчи алтыным. Баары жакшы болот жүрү!
Курбусу кыздын мүрүсүнө колун койуп, курбусун алаксыткан болду.
Канча отурушту ким билет. Качан гана локтур келип, кыздарды, кылып жаткан жумуштарына тоскоолдук жаратып жаткандарын айтып, тынчтык керек экендигин, жана бул жерде калгандан түк пайда жоктугун айтып, кетүүлөрүн суранганда курбусу Миренаны алып кетмекчи боло колдон алды.
— Жок сен кете бер, мен агамдын жанында калам. Мен агамдын жанында калгым келет.
Кыз көзүндөгү аккан жашын сүртүп алып курбусуна карады.
— Жок асылым бул жерде калгандан пайда чыкпайт, бир аз эс ал үйүңө барып. Доктурлар дагы убактыңар чектелүү дешти. Аларга да тоскоолдук кылбайлы да, үйгө барып сүйлөшөйлү. Кааласаң менин үйүмө барабыз.Бул жерде аларга тоскоолдук жаратып жатканыбызды айтышты.
Курбусу Миренаны эптеп ооруканадан сыртка алып чыгып кетти. Экөө эрчишип унаасына отуруп алып, үйүн көздөй жөнөштү. Курбусунун " менин үйүмдө эле кал "- деген сөзүнө көнгөн жок. Түн ката үйүнө таштаган курбусу жалгыз таштай албай жанында калып кетти.Экөө үйүнө кирип ашканада көпкө сырдашып отура беришти.Канчалык курбусуна жашоодогу болуп жаткан окуяларды айтып сырдашкысы келсе да, эмнегедир коркуп турду.Азыр эле оозунан бир сөз чыкса тиги киши келип ала тургансып коркууга түшкөнүн курбусу байкаган жок. Баарын дароо жаап терезелерин чүмкөп салганына курбусу бир аз түшүнбөй турду.
Түн бир убак : Телефонуна келген чалуу, эки кызды тең уйкудан көздөрүн ачты. Жан алы калбай чырылдаган телефондун үнү кулак мээни жеп, же токтобойт. Акырын барган Мирена,үйдөгү телефонду ала койду. Эч нерсе деген жок, тек гана тиги тараптан кандай үн чыгаарын күтүп турду.
— Ми - ре - на !
Кыз телефондогу үндөн бүтүн денеси калтырап кетти.
— Ми - ре - на ! Мени күтпөдүң беле ? Мени унутпаган чыгаарсын ?
— Ким ? Кимсиңер ?
Кыздын калтыраган үнү тамагын бууп, араңдан зорго үн катты.
— Мени көрүүнү каалайсынбы ким экенимди ? Эсиңде болсом керек. Менин жүзүмдү көргүң келеби ? Чыныгы жүзүм кандай экенин көргүң келеби ?
Анын кырылдаган үнү кызды андан бетер титиретип,коркууга салып турду.
— Кара !
Кыз коркконунан телефонду койуп салды.
— Ким экен Мирена ?
Курбусунун таң калган суроосуна жооп да берген жок. Тек гана ал ким экенин билгиси келип турду. Ким ал ? Кандай адам экенин билгиси келип, коркууга түшсө да акыркы күчүн жыйып, терезе көздөй басып барып, пардонун чекесин ача калды.
— Эч нерсе да байкаган жок. Же караңгы болгон үчүн, үйүнүн ылдый тарабын да көз салып карап алды.Бирок эч нерсе жок. Бир убакта өзүнөн өзү учуп келген, карга терезесин буттары менен так эткире тээп өтүп, бир карк этип алды да, кайра ары учуп кетти. Көздөрү кызарган кара карга кызды ошол саам теше тиктеп өттү.
— Аай ! Кыз коркуп кетти да, дароо пардонун чекесин түшүрө, артка карай кетенчиктей бара отура кетти.
— Эмне болду Мирена ?
Курбусу да чоочуй ордунан туруп келип кызды колунан кармай кучакташа отура кетти.
— Сага эмне болду айтчы? эмне сени анчалык кыйноодо ? Билем акыркы катталган окуялар сен үчүн өтө оор экенин, бирок ушул эле тапта өзүңдү колго алууңду суранам. Мындайда ооруп калаарың анык! Өзүңдү абайлабасаң сага муктаж болгон агаң кантет? ага азыр өтө керексин.Андыктан өзүңдү колго ал алтыным.
Миренанын чачынан сылап алган курбусу, кызды бүтүн ойлордон аз.болсо да алаксыткысы келип турду.
Калың токойдун арасынан, тек гана экөөнөн көзүн албай тиктеген жигитти эч ким байкаган жок.
( уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 49
Сонун чыгарма
Абдан жакты рахмат