Предыдущая публикация
Башталганы майрам менен башталган,
Таңга чыксак болот мына майрам шаң.
Элдик оюн,салтыбызды жаңырткан,
Ыр күлкүлөр чебер,уста ,күйөрман.
Кызыгып чыгып келген эл майрамга,
Кылым ашып белгиленет жылдарда.
Улан кыздар оюндарын тартуулап,
Кала берсе кыз куумай да калкымда.
Элдик майрам салтыбызды тартуулап,
Ыр күүлөрдөн музыкадан жан жыргап.
Элдин ичи ,өнөр кенчи демекчи,
Кыйындары жарнамада кубаттап.
Куттуу болсун кирип келген май айы,
Көңүлдөрү болсун элдин жайдары.
Тынчтык күлкү бапыраган турмушта,
Байый берсин жер киндиктин каймагы.
Автор;Ырысгүл Тешебаевна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев