17 - жыл мурун.
Белек изсиз жоголду. Кайда, кеткенин, же өлүгү, же тирүүсү билинбей жоголгон жигиттин, аман -сообу, же эбак эле бул дүйнө менен кош айтыштыбы эч ким билбейт. Кантсе да өзү бала кезден баккан баласы эмеспи, дарексиз жоголгон Белектин артынан көп узабай дарыгер карыя, Жамалдын атасы да көз жумду. Элдин баары Жамал менен Мелисти күнөөлөй жекире карашып ушул экөөнүн айынан дегендей, мурункудай сүйлөшүп, аралашуу токтоду.
— Капкайдагы жигит деп, гүлдөй жигиттин өмүрү кыйылды.
Экөөнү бирге көргөндөр алыстан ушундай сүйлөшүп, жек көрө карашып, ал тургай кээде эл көбүрөөк жерде жүрүп калышса тийштирип сүйлөп өтүшөт.
— Ошону айтпайсынбы? Атасын да күйүттөн шум ажал алып тынды. Угушум боюнча бул кыз эбак эле абийирин төгүп алган дешет. Ананчы, байкуш Белек ушуну сүйөм деп жүрүп өлүп кете берди.
— Ии... Катыгүн. Жашабагыр жап жаш туруп, мынтип этегин ачса оңобу бул кыз?
Айылдын элинде түрлүү ушул сыяктуу күбүр-шыбыр көбөйүп акыры Мелис менен Жамал айылдан обочо, алыс жерге ээн талаага үй жай салып жашап калышты. Экөө гана эч кимге билдирбей баш кошуп алышкан.
Күндөр сабалап учуп, Жамал ошол, биринчи түндөн зле кош бойлуу болуп калганын айткан. Мелистин кубанычы койнуна батпай, эми гана тынч жашоо сүрүп жашап жатышты. Экөөнө ошончо айтылган кеп -сөз дагы таасир берген жок, ортолорун эч ким ажырата алган жок.
Атасынан калган дарылык касиетин аркалап, өзү да табигый жолдор менен жардам көрсөтүп, убакыттын өтүүсү менен анча-сынча аралашкан элге кызмат көрсөтүп келет. Кээ бири жаман десе, кээ бири мурункудай эле аралашууга өткөн.
Мезгил өз агымында агылып, Жамал менен Мелис күткөн наристелер да өмүргө келээрине саналуу убактар калган. Бул учурда айылдын ичинде болгон кандуу окуялар байма -бай катталып, элдин үшүн жанагы Асылдын кызы жоголуптур деген сөз алып бүткөн. Элейе тиктешип, кай жерден, кайсыл убакта, кимдин олжосу болуп калабыз деп корккон айыл эли кеч күүгүмдөн соң көчөгө чыгууну да унутушту.
— Ой тиги Асылдын кызынын жаткан бейити ачылып калып, өзү жок имиш.
Үрпөйүшө, элеңдей корккон элдин үшүн алган Асылдын кызы кеч күүгүмдөн соң, күндө бирден олжосун жансыз өлүккө айландырат да, айылдын ортосуна таштап кетет.
Качан-кайсыл убакта буга жетишип жатат эч ким билбейт. Айрыкча Мелис.
Артынан сая кууган Мелис канча аракет кылса да издеп таба албай, жаны жай албай бүгүн да түнү менен жортуп жүрүп, таң атканда үйүнө келди.
Эшикти ачкан Жамал ай күнү жетип, толгоо убагы жакындап калган.
— Эмне болду?
Аялынын тынчсыздана берген суроосуна жооп жок башы шылкыя түштү Мелис.
— Дагы изин жоготтум. Ал аябай күчтүү азыр. Кантип, кайсыл убакта үлгүрүп жатат түшүнбөйм, мени менен мышык чычкан ойноп жаткан сыяктуу.
Мен аны канчалык куусам да жетпейм, ал болсо кандайдыр бир жол аркылуу айылга кол салып, зыян тийгизет.
— Бүгүн эрте менен да дал ошондой болду. Айылдагы жигиттердин бирөөсүнүн жансыз денесин табышты. Окшош жаракат.
Жамал адатынча жаман кабар айтканына өкүнгөндөй башын жерге салбыратып кайгылуу отура кетти.
— Кандай коркунучтуу заман болууда. Кээде өз наристелеримден коркуп кетем.
Жамал ойлуу отура сүйлөй берди. Мелис акырын жубайын жубата ичиндеги жаткан наристелерди колу менен сылап алды.
— Мен колумдан келишинче силерди коргойм. Коркпо! Бул баары өтөт кетет! Сен аман - эсен наристелерибизди жарык дүйнөгө алып келүүнү ойло калганын мен өзүм.
Аялынын жүзүнөн сүйүп ала, өзү да түгөнбөгөн санаанын түбүнө батып кетти.
******
Таң атпай ойлуу отурган ага эшиктен көзүн албай телмире тиктеди.
Жок! Дагы эле жок дегендей коңур күздөгү кооз дарактар жай -баракат термеле, аганын күйүтүнө шериктеш болуп күңгүрөй, асман суз тартып турган сыяктуу Сезим калтырат.
Ичиндеги оор күйүттү кантип жеңүүнү билбей, бат -баттан колундагы шишесинин ичиндеги ачуу сууну, кулкулдата жутуп алат.
Көпкө ойлуу отурган соң, балдагын таштап акырын туруп көрүүгө аракет кылды. Буту бир аз кыймылга келип,жан кирип калган.
Адатта мурун такыр бутун жерге койгондо тура албаса, азыр кадимкидей өзү туруп көеүп бараткан. Бул дегени жакшы жаңылык эмеспи? Балким Кудай тарткан сыноолору үчүн берип жаткан жакшы тартуусудур.
Балдакты ыргытып эми бир нерселер аркылуу таянып басууга аракет кылып жатты. Мурда такыр белинен ылдый кыймылга келбеген буту, азыр кыйла жакшырып бир эки баскан соң кайра жерге кулап түштү.
— Мен басуум керек.
Ушул ойду ойлогондо эки көзү төрт. Ооруганына да караган жок. Кайра жыгылат, кайра турат.
Артында шыккан каттуу тарак эткен үндөн улам карай калды.
Миренанын курбу кызы кабар алганы тамагын даярдай тээ үйүнөн көтөрө келген. Колундагы буюмун ашкана койо салып, эшиги ачык турган бөлмөдөн жигиттин турганын көрө койгону эле.
— Кандай жакшыы! Кудайга шүгүр миң мерте. Эмне деген сонун көрүнүш.
Кубанычы койнуна батпай турду. Өмүр бою баспай калуу деген сөздү уккан соң үмүттөрү биртоло өчүп бүткөн кыздар үчүн бул нерсе жакшы жаңылык эмес анан эмне?
Жете келген кыз кубана кантип жигитти кучактай калганын да билген жок.
— Ой кечиресиз! Мен каттуу кубанып кеткенимден улам...
Өзүн сырдуу көз карашта караган агадан уяла түшкөн кыз бир аз алдастай түшүп, актанып алды.
— Мен тамак даярдап келген болчуумун ыссык ичип алыңыз жүрүңүз. Дагы бир басып көрүңүзчү?
Көргөн көзүнө ишенбеген кыз дагы аганы колтуктан сүйөп, тургузуп бастырууга аракет кылып жатты.
********
— Сирена!
Кулак түбүнөн жаңырган үндөн улам Сиренанын көздөрү жалт эте уйкудан ачылды.
Бей тааныш, назик, жагымдуу аялдын үнү.
— Кызыктай эле нерселер болуп жатат акыркы убактарда.
Ордунан туруп, ички бөлмөсүндөгү жуунучу жайга кирип, жүз-колдорун жууп ала, төмөн карай түштү.
Атасы менен апасы ойлуу отурушкан.
— Кутман таң атаке апа. Жакшы эс алып турдуңуздарбы?
Экөөнүн жүзүнөн өөп койо жандарына келип жайгашты кыз.
— Жакшы кызым жакшы эс алдык өзүңчү?
Атасы да, апасы да бирин-бири карай, эмненидир жашырып жаткан сыяктуу сезилип турду. Экөөнүн көз карашын дароо байкаган кыз...
— Эмне болду, тынчылыкпы? Же дагы???
Суроосун толук бере албай экөөнү тиктеген абалда үнсүз катты.
— Кызым биз сага болгон чындыкты айтууну чечтик! Эми баарына убакыт жетти деп билем. Бирок башынан айтып койойун, сен менин кызым боюнча каласын. Бул сырды мен көөп жашырдым. Эми айтууга убакыт келди деп ойлойм.
Сирена аң -таң атасы дагы эмнени айтаар экен деп, бирок кулак төшөдү.
— Эмне сыр экен ата? Айта бериңиз.
Атасынын айткан сөздөрү таң калычтуу эле менин кызым бойдон каласын деген, не сөз? деп алды ичинен.
— Бул сөздөрдү менин оозумдан укканың артык. Анткени чындык бир, күн болбосо бир күн баары бир ачылат. Ошондуктан башка бирөөдөн угуу оор болот.
Атасы башын салбыратып кабагын түйгөн абалда сөз баштады.
******
18- жыл алдын.
Ал убакта кырчындай жаш жигитмин. Биздин убакта айылды түрлүү бирин -экиден коркунуч каптап, ар кандай кылмыштар байма -бай болуп турган. Кечее өзүң көргөндөй, бөрүлөр менен кармаш, жырткыч кан ичкичтер да. Алар адам баласын бир гана олжо катары эсептеп, каласа бирден өлтүрүп, кааласа өздөрүнө окшотуп, жандарына ит катары, кызматчы катары пайдаланып турушчуу. Бирок өзгөчө бөрүлөр менен кан ичкич, эки жырткычтар арасында кандуу аябагандай кагылуу башталган. Алар бири -биринин жерине жакын жолоого болбоорун билишсе да, жалгыздап жүрүп калган бирин -экин кан ичкичтер, же бөрүлөр болсо өлтүрүп жок кылып турушкан.
Биздин шаар анча коопсуз. Адам аң сезими мындай коркунучтуу жаратылыштын жандыгы бар экенине көп деле ишене бербеген заман. Мен айылдын өскөн жигити элем. Атам мени бала кезимден ушуларга даярдап, түрлүү өнөрлөр менен машыктырып чоңойтту. Биринчи жолу көз алдымда атамдын жырткыч менен кармашканы эсимде. Ошондо оозум ачыла, ушундай да нерселер болот экен да деп көргөн көзүмө ишенбей, ал тургай ооруп да калганмын.
Түнү менен атам экөөбүз ар кабырды бир казып өлгөн, жансыз денени бир текшерип алаар элек.
Чын эле бул жансызбы, же жөн эле уктап жатабы????
— Кара, мындай эгер бул адамда жырткыч белгилер болсо деми кадимкидей жылуу болуп турат. Демек бул эми тиги, биз билген бакыт эмес!!!
Ушундай деп күбүрөнө, атам колундагы учтуу нерсени тиги кишинин так жүрөк тушуна малып калаар эле. Эч нерсе билбегендей уктаганы менен жүзү купкуу болуп, тирүү экени билинип турчуу. Так ошондон соң бүлк эте чачыраган ыссык кан, ошол денеге урулган учтуу куралга чыдабаган Бакыттын көздөрү жалт ачыла, тыбыраган бойдон оозу мурдунан кан кетип кийин, кудум эле куураган дарак сымал,тырышып катып, тынып калган.
— Өөх деп алган атам учтуу жыгач куралын албай ошол бойдон кайра топурак таштап көмүп койчуу.
Андан соң атам экөөбүз далай жолу аларга ууга чыктык. Атам каза болгон соң, атамдын ишин өзүм улантып баштадым.
Бир кездерде азгырган сулуу аялдар да болду. Биз менен бирге кет, баардык дүйнө сеники болот дешти. Алардын жүзү сулуу, кубулма болушат.
Башынан өткөнүн кудум эле жомок сымал айтып берип жатты.
*******
— Бул жигит ким болду экен, бою сымбаттуу өзү келишкен эр жигит экен. Кызык келинчеги болду бекен ээ, эгер болсо не деген бактылуу айым...
Ары жакта,ашкананын бир бурчунда чын эле өң десе, өң түсү, бой десе бойу, баары келишкен арык чырай сулууча келген жигит отурду. Кийингени артына артылган баштыгында кандайдыр башка нерселер толтура жаткан.
Шыңкылдаша күлүшкөн селкилер бойдок жигитке көз артыша карашат.
Чын эле бей тааныш жигит ким, айылдын обочороок жерине барып жайгашып, жалгыз жашоодо. Өзү келгенине эки кана күн болду. Түнү менен чыгып кетет. Кайра таң атканда эч кимге көрүнбөй келип жатып алат, же эч нерсе болбогондой сыртта тиргилик жасап жүрө берет. Андан арыраак жакта эле Жамал менен Мелистин жайы турат.
*******
Мен бүгүн эрте эле кетейин. Колдон келгенче издешим керек. Азыр алар жарыкта чыга албайт. Керек болсо ар- бир мүрзөнү аңтарып чыгам.
Тапмайынча калчуудай эмес. Жамал менен коштошкон Мелис үйүнөн чыгып кетти.
Эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, кетиргиси келбей коштошту Жамал.
Ананчы айла барбы, канча кал десе да өжөр күйөө көнө койчуудай эмес.
Жүрөгү түпөйүл болуп, бир жамандыкты сезгендей, аман барып кел деп тиленип жатты.
Канча убакыт өттү ким билет мүрзө ичине кирип баарын кылдаттык менен көздөн өткөрө карап жатты. Кайсыл топурак жаңы аңтарылып калган болсо, ошондо деп боолголойт. Бирок андай болуп чыкпайт. Тээ токойдун ичиндеги көрүстөндү анда санда бирөө өлгөндө эле барып карашпаса, эч ким даап басып бара албайт. Мынандай кырсыктар болуп жатканда мүрзөгө баруу мындай турсун, көчөгө чыгуу коркунучтуу болуп калган.
Күн түштөн ооп убакыт бат эле кетип, шам убагы жете келди. Иши оңунан чыкпай чарчап отурган Мелис эми шамдан өтүп калган соң чыгаарын ойлой, өзү күткөн душманды кайсыл мүрзөдөн тураарын көз албай карап отура берди.
Арты жактан жаңырган күлкү Мелисти чоочутту.
Ооба адатта бул кызды издеп жаткан, а бирок жок. Угулган күлкү жоон, эркек жигиттин, анан калса тааныш үн.
Артын дароо карап алды. Эч ким көрүнбөйт.
Кайра дагы чыккан күлкү, эми бул жак жанынан угулду.
Колуна кармаган куралын оңдой, жанында айланып жүргөн коркунучка даяр турду.
— Чык алдыма!
Ушул сөздү эле күтүп тургандай, Мелистин үнүн уккан жанагы үн жок болуп кетти.
Бир саамга тынчтык аралай, айлана караңгылыкка батып бараткан.
Шытыраган үндөр чыга, аркы караңгыдан чыккан кара караан пайда болду да, өзү көздөй басып келе берди.
Желбегей үстүндөгү жамынганы шамалга кошо алып-учуп ого бетер коркунучтуу көрүнө башына кийген шляпасы көзүн жаап турду.
— Сен?
Мелис жазбай тааныды.
— Мен! Ооба мен. Кубанганың жокпу мени көрүп?
Шляпасын өйдө көтөрө караган Белек ырсайган азуулуу тиштерин көрсөтө күлүп алды.
— Өлбөгөн экенсин да ошондо?
Мелис эми чындап тааный куралын камдап алып, сүйлөп жатты.
— Сыягы Кудай мага өлүм жөнөтүүнү унутуп койгон окшойт. Ар бир өлүмдүн чеңгелинен тирүү чыгып жатканыма караганда.
Адатынча ырсайа какшыктап сүйлөгөн Белек Мелисти айлана басты.
— Демек сенин ишиң?
Аркы жактан ак көйнөгү тытылып чачтары сапсайып, кудум эле желмогуздай көрүнүп, оозундагы кызыл канды аарчый чыккан Асылдын кызын көрдү Мелис.
— Ооба! Ооба менин ишим. Байкуш кызды кыйнаганда эмне? Азап көрүп жашатып? Андан көрө ушундай ээн эркин жашоо жакшы эмеспи, каалагандай жашайт. Күч десе күчү, баары бар.
Кутурган иттей, эми кол салуучудай ырылдаган кызга Белек акырын колу менен токто дегендей ишара кылып койду. Кыз ошол замат дым боло түштү.
— Сен тууралуу да көп нерсе билдим. Душмандарың колуна түшсөң, эки колуңду', эки бутуңду бөлөк кылып ажыратканы даяр турушат. Эх Мелис кичине кезиңден баштап эле ушул иш менен алексин, мага айтчы биз азайып кеттикпи?
Өзүнө дагы бир ирет жакындаган тиги эми жанагы ырсайган жүзү жок кубула түштү.
— Жоок! Биз азыр кайра көбөйдүк. Айтайынбы азыр максатым эмне бул жерде туруудан?
Сен менден Жамалды тартып алдың! Турмуш курдуң. Азыр бактылуусун. Бирок саналуу мүнөттөн кийин гана сенин өлүгүңдү алып барышат. Жанагы Асылдын кызы күчтүү, жеңилбес Мелисти жок кылыптыр деген сөздөр болот. Айыл ичи уу -дуу. Байкуш Жамал ыйлайт, боздойт бир айдан соң унутат. Өз жашоо нугуна түшөт. Анан эмне, төрөйт! Дал ошол маалда, мен барып өз Жамалымды кайтарам. Дал ошол маалда менин бир эле канымдын тамчысы, тишимдин изи Жамалды өлтүрүп, кайра тирилтет. —Жоок -жок адаштым төрөгөн соң. Өзүм төрөтөм. Өз колдорум менен наристелериңди колдорума алам да андан соң күтөм.
Бир аз гана мүнөттөр. Бир саамдан кийин Жамал дал мен сыяктуу өзгөрөт. Дал өзүмдөй. Андан соң ички организм эмне каалайт? Ооба туура таптың кан! Кан каалайт. Жанында эки наристе. Жамал эмне кылып жатканын өзү да билбейт ал убакта. Жан наристенин каны Жамалды кадимкидей жашартып күчкө толтурат. Биз, биз экөөбүз эки наристеңдин канына тойобуз. Мына ошондо жаным тынчыйт. Эски жашоосу унутулат, эч нерсе жоктой, эми гана төрөлгөн сыяктуу сезилет. Сен да наристелериң да баары эсинен чыгат. —хи -хи -хи. Жакшы ойлопмунбу?
Жалгыз Мелисти тооруй баскан Белек менен Асылдын кызы экөө, Мелистен бир кыймыл болсо, чапчый түшкөнү шай турган.
— Менин баарым өчтү, кетти, бирок Жамалга сүйүүм өчкөн жок. Ал ушандай меники болот.
Хихи
Мелистин кыжыры кайнай чабуулга өттү. Канчалык күчтүү болсун алы келбей алсырап баратты.! Белектин шуулдаган шамдагай кыймылына жетише албай, Асылдын кызынын күчүнөн алсырай түштү.
Чап кенедей жармашкан кыз, дарак үстүнөн так секире, Мелистин далысына жармашты да кекиртегинин жарымын жулуп алып ыргытты.
Дал ошол жерден мүрт кеткен Мелисти караган Белек саамга тура акырын, кыңылдап ырдай кирип кетти.
Таң ата эшик алдына чыккан Жамал үйүнүн алдында жаткан Мелистин жансыз денесин көрө, жер сууну бакыра чаңырып алды. Бул үн жанагы бей тааныш жигитке да жеткен эле. Ызы чуудан ойгонгон элдин баары Жамалды көздөй жөнөштү. Өксүгөн аял ичинде жаткан балдарын да унутуп, жер сууну жаңырта өксүп отура берди. Кантип эле? Канти билип туруп жибергенине өзүн өзү кейип боздоп жатты.
Эл деген эл да, баары бир топтолуша аялдар Жамалды үйгө киргизип, калгандары эркектери кобурана кейинишип Мелисти жерге берүүгө камданып жатышты.
Ары жактан келген жаш жигит Мелистин жаракатын көрө дароо жөн жараат эмесин билип койгон. Мелистин ким экенин бул жакка келерден алдын эле билген эле. Эми мынтип бул да жок. Ичинен аялга боору ооруй кайра үйүнө көздөй бет алды.
Мелисти жерге беришкен соң, Жамал өзү менен өзү болуп, ичиндеги наристелер үчүн жашоого бел байлады. Акыры кандай өлүм күтөөрүн жолдошун белгилүү болчу, бирок Белектин тирүү экенин оюна да келтирбеген.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6