Кандайдыр бир күчтөр кызды акырын колдон жетелей, көктү көздөй каалгып учуп баратты. Буту жерге тийбей, уламдан -улам бийиктеп, заматта асманга көтөрүлө ак көйнөгү желбирей түшүп, коюуу түндүн арасында жалгыз өзү периште сымал каалгый учат. Акырын белинен аяр кармаган белгисиз колдор кимге таандык экенин билбесе да, өзүн таштап жибербестигине ишенип, ошол белгисиз жанга өзүн тапшырып салган сыяктуу, ичинде кандайдыр бир күчтүү сезим, көкүрөктү жарып чыга албай көөдөндү тепкилейт.
Сулуу көздөр, жүзү купкуу болуп, жанагы кан толгон көздөрү жок, алдында кооз кийинген сырдуу жигит, булуттарды калкый учура кудум эле вальс бийин бийлегендей сезим калтырып жатты. Кыз өңү, же түшү экени билинбейт. Болгону ушундай тынчтыктан, кооздуктан асман толо жылдыздардын арасынан кеткиси келбегендей жигитке үңүлөт
— Сырдуу жигит ким? Ким? Ким?
Жүзүнөн чачтарын узун тырмактуу колдору менен ары алып, сылап алган жигит телмире тиктейт. Экөө үнсүз жүрөк менен сүйлөдүп жаткандай.
— Ойгон Мирена.
Ушул белгисиз аялдын үнү баарын бузуп жиберген сыяктуу чочуп ойгонгон Мирена көздөрүн ача маңдайында жүзүнө үңүлө өзүн талбай карап турган Кара Көлөкөнү көрдү.
Өзү да алдастай түшкөн Кара көлөкө ылдамдыкта ары көздөй чыгып кетти.
Кыз унчуккан жок. Ойлуу отура кетти.
Сыртка чыккан Кара көлөкө өзүн күнөөлүүдөй сезип, уялып да алды.
— Эмне кылып жатам, эмне?
Бийик чокуну көздөй шамалдай ылдамдыкта баратты. Кыз уктап жатканда барып өзүнүн сыйкырдуу күчү менен кыздын түшүнө аралашып, өзү да бактылуу болуп, кыздын көздөрүн ошол убакта саамга тиктеп алганына кудуңдай ичинен кубанып алды.
*********
Айдын белгисиз жоголгон Миренаны далай издели бирок тапкан жок. Жерге сууга сиңип кеткендей жок болду. Жарганаттын да элеси эсте жок. Өз үйүрүнө кошулуп издөөнү улантты бирок табылбайт.
Демек жок! Мирена бул ааламда жок деген ойго токтолду. Миренанын агасынан кечирим сурады да кетүүнү чечти.
— Жөн гана ушундай кыйындыкта таштап кете саласынбы деп чыркыраган курбу кызга да караган жок. Миренаны унутуу үчүн.
Кетүүнү туура көрдү.
— Койо сал! Аны тынч кой.
Курбу кызды тыйган ага башка үн каткан жок. Тек гана башка биздин да тынчыбыз алба деген сөздү айтып, каалганы жаба салды.
Ичинен сыздай Айдын өзү менен өзү жашоого токой арасына сүңгүп кетти.
Алыстан караган, бала кезинен өзүн сүйгөн кыз ар дайым алыстан күзөтө, жанына бара албай, же кан ичкич вампирлерге кошула албай, же өз үйүрүнө бара албай тек гана Айдынды алыстан күзөтө карап алып жүрө берчү болду.
**********
Саналган убакыттар закымдап Жамалдын өз тирлиги өзүндө. Мелис каза тапкандан бери 3 ган ай өттү.
Ай күнү жакындап, отурган турганы оорлошуп баштады. Ар кыл дары чөптөрдү сатып күн көрүп жүрдү. Айыл эли эми ушул жалгыз калганда кантмек элек деп, бирин-экин саткан дарыларын алышып жардам көрсөтүшөт.
Анда-санда алысыраак коңшу айылда жашаган курбу кызы келет. Жалгыз ошол курбусу кол кабыш кылып, жолдошунан жооп сурап келип көрүп кетет. Азыр ушул убакта да, курбусун күтүп отурду. Анын да жолдошу мергенчи, бир баласынан кийин боюнан түшүп калып, кайра көз жарууга мүмкүн эместигин айтышкан. Анан жалгыз курбусун кантип таштап коймок эле. Күйөөдөн суранып отуруп жолго чыкканы ошол. Белектин Жамалды сүйгөнү ошончолук... Өзү мындай турсун, курбусуна да эч кимге зыян тийгиздирбей коруйт. Бир гана жолу Жамалды өзүмдүк кылыш ушул жол деп ойлойт. Өзүндөй жанга айлантуу. Мелис каза болгон соң айыл ичи бир аз тынчый, каза тапкандар да аздан азайып баштады. Анда-санда болуусу мүмкүн, бирок мурункудай эмес. Белектин көзү Жамалдан үзүлбөйт. Түндүн койнунда келип терезеден уктап жатканын карап отура берет. Өзүн көрсөтүүдөн коркот.
Көптөн күткөн курбу да келди. Жамал экөө кучакташа сүйлөшүп, бирде сырдашып, Мелисти эстеп ыйлап да алды Жамал.
— Айла жок курбужан. Чыдаштан башка айла жок.
Курбусу көзүнүн жашын көл кылган курбусун сооротумуш болот. Бирок өзү да коркот. Атасы менен калган баласынан коркот күйөөсүнөн коркот. Ал дагы кудум эле Мелис сымал өз элинин коргоочусу.
Экөө көпкө отурушту. Канчадан бери көрүшпөй, ичтери толуп калышкан экен.
Түн :
Оор онтогон үн курбуну уйкудан ойготту. Ага удаа эле айылдын ызы чуусү түшүп, кандайдыр атчан, курал жарактанган адамдар, арасында узун тиштүү жырткыч вампирлер, бөрүлөр, кимдер менен кимдер согушуп жатканы белгисиз. Айылдын ичи жарк дей заматта от койула будуң-чаң боло түштү. Дал ушул маалда Жамалдын толгоосу күчөдү.
— Жамал эмне болду?
— Башталды! Башталды... Күтүүсүз келген толгоо Жамалды алдан тайдырып, кыйнап жатты.
— Азыр - азыр.
Шашкалактаган курбу кыз алдына таза шейшепти жая салды.
— Кел Жамал мында кел. Кана муну карма мен айткан убакта ыйын.
Курбусу ары жүгүрүп, берип жүгүрүп эмне Жамалды төрөтүүгө аракет кылып жатты.
— Келип калды Жамал дагы -дагы бир аз ыйын.
Эшик катуу кагыла кимдир бирөө келип жаткандай Жамалдын оюн жамандык ээлеп турду.
— Эшикти ач Жамал.
Кайдандыр күтүүсүз күйөөсүнүн үнүн уккан курбу кыз эшикти ачып жиберди. Ары жакта толгон ызы чуу. Шашыла кирген эркек, жубайына карай сүйлөдү.
— Бул жерден кетүүбүз керек! Кетүүбүз керек. Эки душмандын ортосунда калдык алар аябайт.
Жамалдын ачуу үнү, андан ары удаа эле чыккан наристенин ыйлаган үнү жаңырды.
Шашкалактаган курбу кыз жетип бара, сстү башы кан боло, наристени кездемеге орой салды.
— Кантип?кантип кетебиз?Жамал азыр көз жарууда.
Күйөөсүнө бир сүйлөй кайра Жамалды төрөтүүгө аракеттенип жатты.
Ушул кезде тээ алыстан келе жаткан караандын элесин көрө койгон Жамал, саамга өзүн жогото түштү.
— Ооба ошол. Дал өзү.
Ички туюму эң корккон, эң жаман адамдын өзү карай келе жатканын көрө койду.
— Курбу кызынын колун кармай калган Жамал жалынып жиберди.
— Кет бул жерден кет суранам. Кызымды алыс алып кет. Ал бул жерде кызымды куткара көр. Мен сезип жатам.
Жамалдын көзүнөн жашы төгүлүп, үйүнүн ичи канга толо түштү.
Жай баракат -плащын желбирете өзү карай желе жаткан Белекти каптал жагынан чыккан көк жал баса калды.
Кармаш башталды: Көк жал да жөн эмес, бул жанагы Айдындын чоң атасы эле. Экөө көпкө кармашты. Арасында айыл ичиндеги адамдарды коргогон жаш жигит да бар эле.
Ушул таптан пайдалана түшкөн жамал менен курбу кыз наристени орой салып бир башыкка көтөрө күйөөсү экөө үйдөн чыгып жөнөдү. Байшка айла жок! Кош деген Жамалдын акыркы сөзү кызымды аман сактап кал.
Атына аялын өңөрүп, баштыкта кызды куткарууга аракет кылган ата токой аралап жөнөдү. Артынан кууй келе жаткан Асылдын кызы бар. Чоң жайытка жете келгенде экөөнө тап берген туш тараптан ээрчиген вампирлерден кутулчуудай эмес. Өзү аттан түшө, жалгыз алыша баштады. Экөөнү тооруган вампирлер туш тараптан кол салууга даяр.
Наристенин ыйлаган үнү баарына угула, Асылдын кызы тап берди. Дал ошол замат жулкуп тиштеп ыргыткан жалгыз көк жал бөрү пайда боло, баарын туш тарапка бутун-бут, колун-кол кылып бөлүп жок кылды.
Берки экөөнө тийген жок! Тек гана ары айылды көздөй жөнөп кетти.
Элге жардам берип, вампирлер менен алышкан жаш жигит, этек башы кан сыраган,Жамалдын эшиктин оозунда турганын көрө койду. Жамал нестейе катып, тил сөзгө келбей, алдында турган Белекти карап турган.
Вампирлердин укмуштуудай адаты бул, адамды арбап, өзүнө баш ийдирип ала -алат
Адатта дал ушул жол менен азыр Жамалдын үйүнө кире алган Белек акырын кыздан көзүн албай үн катты.
— Жамал!
— Белек сен?...
Эми гана өдүнө келгендей алдында турган Белекти көрө ал тургай толгоосун да унута түшкөндөй коркуп кетти.
Алсырай алдан тайып, суусап, өңүнөн кетип жыгылып баратты Жамал.
—Чущщ -чущщ Жамал. Алып кетем сени. Алып кетем. Ушунча кыйналып эмне азап?
Өзүн жоготуп чарчап бараткан Жамалдын чачынан сылай,акырын көтөрүп барып жайына жаткыза койду.
— Оорутпай калат азыр бир аз чыда оору жоголот!
Жамалдын акактай алкымын оозуна алып келе башын көтөрүп алып, азуулуу тиштерин матырып алды.
Ачуу чыккан Жамалдын айкырыгы жаш жигиттин кулагына чалдыга аттап-буттап үйгө жетип бара, эч нерсе менен иши жок кулкулдата оозунан ашыра аккан канды жутуп жаткан Белекти ууга чыланган кылычы менен сайып алды.
Кол алдында тыбыраган Жамал, же өлүп жатканын билбей, же тирүү экенин түшүнбөй, буту колу калтырай кудум эле токко тарткандай денеси титиреп жатты. Анын үстүнө келген толгоосу кыйнай түштү.
Далысына сайылган кылычтын уусунан улам үнү жер сууну жаңырта чыккан Белек кыйла алдастай түшкөн. Өзүн жоготуп оозун араандай ачып көздөрү капкара канга толуп, көктү карап бир бакыра тамдын үстүн буза бийик секирди да кою түнгө аралаш жок болду.
— Кызым! Кызымды куткарыңыз.
Жалдырай караган Жамалдын көздөрү жалооруй тиктей жигитти токтотту.
Таштап кете алган жок. Кыздын көйнөгүнүн этегин көтөрө, башы келип калган наристени көрө койду.
Акыркы бар күчү, дем күчү менен ыйынып алган Жамал кызынын үнү алыстан угула,жаш жигиттин колунда тыбырчылаган караанын жалдырай тиктеп, болду дегенсип, жаны жай ала таттуу уйкуга баратты.
— Оюнда бир гана нерсе! Мен өлбөшүм керек! Жок!
Колу калтырай тыбырчылап азыр гана төрөлүп ыйлап жаткан наристени саамга тиктеген жаш жигит акырын барып ороочуга ороп алды да баарын унутуп койо, тигилип карап алды. Бул жерде калуу мүмкүн эмес. Апасынан калган жалгыз эстелик деп, Жамалдын мойнундагы тумарды алыл, наристени ороп алып атына минип кайдадыр жөнөп баратты.
************
Ошондогу наристенин көздөрү кандай тиктесе азыр да дал ошондой өзүн тиктеп турган.
— Бул сенин апаңдан калган жалгыз эстелик.
Колдору калтырай Сиренага тумарды сунду.
Мууну бошой түшкөн Сирена жанатан бери апасы менен атасы эмнени айтканын түшүнбөй тургандай элейип, бирок көзүнөн жаш жүзү ылдый куюла берди.
— Эми билдим. Эми билдим сиздин мени эч кайда чыгарбай коргогонуңуз себебин. Бирок кантип, неге? Ушуга чейин жашырдыңыздар?
Өз апам ким экенин билбейм, мени деп жанын берген адам такыр башка?...
Сирена үнсүз эч нерсе дебей, сыртты көздөй чыгып кетти. Мууну бошоп ыйлап, жалгыз токой ичине кете берди.
—Түшүнөт! Албетте келет.
Артынан узата караган кишини көрүп, жубайы сооротуп алды.
— Атасынын айткандары көз алдына элес болуп тартылып, көзүнүн жашы жүзү ылдый агып, апасынын кантип өлгөнүнөн өйдө элестетип алда кайдадыр чуркап да, ичинен боздоп да баратты.
Качан гана жигиттин үнүн укканда селт этип алып, карады.
—Неге капалуусун?
Көңүлсүз Айдын өзүн карап турган.
Кыз эч нерсе деп үн каткан жок. Тек гана күйүтүнө шериктеш ушул адам сыңары, жөн гана барып, үнсүз жүгүрүп бара кучактап алды жигитти. Көзүнүн жашы салаалап эми үн чыгарып боздоп алды.
Айдын да каршы болгон жок. Миренасына куюп койгондой окшош жан. Аны көрсө Мирннаны көргөндөй сезилет. Ошол себептен да азыр эч каршылыксыз кучактаган кызды өзү да кучактай тура берди.
***********
Тээ тоонун боорундагы үңкүрдүн ичинде жүрөгү эмнедендир түпөйүл боло Мирена ары -бери басып, жаны тынч албайт.
—Мени качанга дейре мында сактайсыз? Суранам мен агама кетким келди.
Кара көлөкө кирээри менен кыз акырын, бирок тынчсыздануу менен сүйлөп алды.
—Азыр эмес!
Күңк эте бир сүйлөгөн Кара көлөкө башка жооп айткан жок! Өз ишин уланта берди.
—Эмне? Мен сизден сурабайм го, анда өзүм жөнөйм. Баары бир кетем. Тоонун башында үйүмдөн, агамдан алыс. Сизде үй бүлө жок болсо менде бар, сиздин сүйүктүүңүз жок болсо мени күтүүдө ашыгым.
Ачуусу келе Мирена бакырып алды.
Ушунча сөз айтылат деп күтпөгөн Кара көлөкөнүн өңү өзгөрө, ачуусу бетине чыга, көздөрү оттой жанып кетти. Өзүн кармана албай, колундагы турган кызга деп алып келген олжону былч эте ары жакта жаткан ташка уруп алды.
— Мени кара Мирена. Мен тууралуу ооз ача көрбө ашыгым тууралуу да. Сен эмне болгонун эч нерсе билбейсин, сенин атаңдын, анын досунун айынан менин сүйгөнүм каза болгон. Же билесинби а? Мен жөнүндө эмне билесин, кантип, качан мындай болгонумду а?
Унчукпа сен кыз! Басыл! Басыл!
Баарын булка жулка ыргытып алды да, сыртты көздөй чыгып кетти. Чын эле өзүн мээримдүү караган көздөр жок. Өзүнүн сүйүктүүсү жок экенин эсине түшүрө ачуусун баса албай, ары жакта жайылып оттоп жүргөн жандыкдардын баарын бирден тиштеп ыргыта берди.
Катуу тийип алганын сезген Мирена артынан сыртты көздөй артынан кадам таштады бирок тапкан жок.
Тоонун башынан кар кетпейт, ышкырган суук, муз, анын үстүнө кеч кирип калганда түбү муз болуп, үстү кардан көрүнбөй калган аска жаракалары көп эле. Бир эле бутуң батып же тайып кетсең болду. Түбү жок туңгуюкка түшүп, ошондон ары жок болооруң дайын.
Ичинен катуу айтканына өкүнүүп алды. Тоо эчкилеринин терисин үстүнө оронуп алып издеп жүрө берди.
— Кайда кеттиң? Кайдасын?
Кыйкырат жок! Ызгаар аралаш шамал бетиңден согуп тоңдурат. Күн болсо кечтеп баратат.
— Ээй?... Ээй... Ээээээй....
Тоонун башынан бир кыйкырган үнү ушундай жаңырат.
Бир убакта чалынып жыгылып бут алды жарака зоонун ортосуна кыпчылып калды. Же ары боло - албай, же бери боло- албай бир аз кыймылдаган сайын муздан ылдый карай сыйгаланат. Астын кароого мүмкүн эмес. Жалама аска, тоо, таштар. Бир эле жолу урунсаң аман калбайсын.
— Ээй жардамгаа....
Үн чыгарган сайын үнсүз тоолор кыймылдаган сыяктуу күңгүрөнөт. Муздан төмөн карай кулап барат. Кармаган жалгыз учтуу ташы да колу муздап тоңуп, кармоого алы келбей калды. Үстүнөн баскан тоо эчкилердин бутунан улам үстүдөгү кар сүрүлүп келип, эми эле үстү көздөй тырмышкан кыздын жүзүнө жабылып колу да бошой, зуулдаган ылдамдыкта аска жаракасынын арасында каалгый учуп баратты.
— Ачуу чыккан үн зоолорду жаңыртат.
Ичинен өлөт деген ушул экен да деп ойлоду. Эч нерсени билбей бетине жазылган узун чачынын муздагына чыдабай көзүнөн кылгырт жашы тама түшт. Заматта өзүн аяр кармаган колдор пайда боло, ачуулуу көздөрү менен Кара көлөкө өзүн так көтөрө, бийикти карай көтөлүп бараткан
Көздөрүн чылк жума, жигиттин көкүрөгүн башын каткан кыз үстүдөгү түшүп жаткан кар көчкүдөн улам жашынганы эле. Кара көлөкө да канчалык ызаланса да кыздын ысык деми жигитти өрттөй бүтүн дүйнөсүнө жылуулук берип тургандай, баардык мыйзамына, баардык кегинен баш тарттырып турчуу улуу күч, көкүрөгүн тепкилей башын бекитип бүжүрөйгөн назик сулууну калкалап, бекем кучактай, үстүдөн түшкөн бийик көчкүн жиреп баратты.
Кыз эч нерсе билбей сууктан улам өзүн жоготту.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14