Көзүн ачкан Мирена жанында жагылган оттун жалынын телмире тиктеп, ойлуу отурган Кара Көлөкөгө көзү түштү.
Өмүрү мындай суукка жүрбөгөн жаны башы зыңгырап ооруп турду. Көзүн жумуп, саамга болуп өткөн окуяларды эстей, ич -ичинен Кара Көлөкөгө ыраазы боло түштү. Кайра ойлоно, өзүнүн айткан катуу сөздөрүн эстей алып уялып кетти.
Ордунан тура калп эле тамагын жасай жөтөлүп алды. Бирок Кара Көлөкө карап да койгон жок! Тек гана ойлуу отурган калыбынан жазбады.
Кыз ордунан туруп барып, жагылган оттун, тагыраагы Кара Көлөкөнүн жанына отура кетти. Ортодогу үнсүздүк бир саамга уланды да, андан соң оттон көзүн албай Кара Көлөкө үн катты.
— Ал кездерде мен жаш жигит болчумун. Бизде бөрүлөр менен келишилген келишим бар ортодо. Биз аларга кол салбайбыз, алар бизге. Ошондой убактын биринде токой аралап бара жатып, бир сулуу кызды бизден башка, бирок бизге окшош адамдар айлана тегеректеп, каалагандай ойноп, коркутуп жатканын көрүп, оюмда эч нерсе жок, биринчи кетип калууну көздөдүм тынч эле. Бирок андай кылууга бутум тартпай, мен алардан кызды арачалап алып кеттим. Бизде бири -бирибизге да тийүү, кол салуу жок эле. Бул чыккынчылык.
Жаш селки экөөбүздүн маегибиз уланып, сөзүбүз бирге чыгып, бат эле тил табышып кеттик. Өздөрүнүн чек арасына чейин жеткире мен коштошуп калып кеттим. Ал болсо мага кол булгалай, үйүнө көздөй бет алды.
Биздин биринчи жолугуубуз ошондой болгон. Андан соң экөөбүз көпкө сүйлөшүп жүрдүк. Жүрөккө буйрук бере албайсын да, тандабайт дагы, мен көрсө өзүм араң жүрүп, эң күчтүү, эң кыйын, бөрүлөрдүн башчысынын кызын сүйүпмүн. Менин ашыгым жөнөкөй эмес экен. Бул мени алгач билген кезимде катуу чоочулатты. Биз эки жактын тең келишимин бузуп жатканыбызды жакшы билип турганбыз. Ажырап, белгисиз болуп кетүүнү да ойлодум, бирок кандайдыр улуу күч мени ага тарта берчүү болду. Өмүрүмдү тобокелге салып, эгер алардын чек арасына жакын барганымды бөрүлөр билип калса, тытып өлтүрүп койууларын билсем да, өмүрүмдү ажал чеңгелине таштап берип, ашыгымды көрүү үчүн барат элем. Дал ошондой ыссык сезимде менин да назик сулуу сүйгөнүм алоолонуп, мени көрүүгө эки көзү төрт эле.
Ушул сөздөрдү айта көз алдына ошо күндөрү тасма сымал элестей кетти. Экөө куушуп ойноп, тээ узак жактарга кетип калууну самаган күндөрү Кара көлөкөнүн дале жадында.
— Кийинчи?...
Мирена акырын, отко жылына отура үн катты.
— Жаратуучунун бизге берген эң оор сынагы ушул болду. Биз күрөшө алган жокпуз. Тагыраагы мен. Мен тууралуу баарын билип калышты. Алгач агасы, биз ага да караган жокпуз. Андан соң эли, андан соң атасы. Биз качып кетүүнү туура көрдүк, бирок болгон жок. Сенин атаң менен, тагыраагы багып алган атаң менен журт башчысынын уулу, ажырагыс достор эле. Ошол күнү сенин атаң биздин максатыбыз тууралуу баарын билип калып, биз жолукчуу жерге тузак уюштурушуптур. Мен жете келгенимде мени туш тараптан курчашып, сүйгөнүмдү бир тараптан курчаган бөрүлөр бизди эки бөлөк ажыратты да койду. Агасы өз намысы үчүн, журт намысы деп өз карындашынын жанын сууруп алды.
Мен үчүн жанын берип, асманга учуп кете берди периштем.
Кара көлөкөнүн жүүндөрү бошой түшүп, үнү каргылданып чыкты. Көздөрү жаш ордуна канга толуп турду.
Жигитти аяай караган Мирена эмне дешин да билбей турду. Бир гана нерсе азыр жигиттин ичи алай-дүлөй болуп кыйналып турганын сезип турду. Өзүнүн ата -энеси тууралуу кызыгып сурайын деди бирок жүрөгү даай алган жок.
Ортону жымыраган үнсүздүк кайра каптап, тек гана чытырап күйгөн оттун үнү кана анда -санда тынчтыкты бузуп турду.
— Мен бир аз сыртта болом.
Кара көлөкө башка эч нерсе айтпай, көңүлү суз ордунан туруп, сыртка чыгып кетти. Кыз көөпкө ойлуу отурду да кайра, ордунан тура жигиттин артынан чыкты.
Ары жакта отурган Кара Көлөкөнүн көзүнөн жаш ордуна кан сызылып, купкуу жүзүнөн ылдый агып жатты. Сыягы ыйлаганын кызга көрсөтпөйүн дегени болсо керек. Бир аз тынчтыкта отурса өзүнө келээр деген ой менен кайра үңкүр ичине кирип кетти.
Кара көлөкөнүн көңүлү жазылбай көпкө жүрдү. Ойлуу жаткан Мирена эмнегедир Айдынды эсине түшүрдү.
— Ал дагы мени сагынган чыгаар бекен? Мен сыяктуу ойлоп жатты бекен, мени жоготуп далай азап чегип жаткандыр, эртең менин тирүү экенимди билсе кандай абалда болоор экен байкушум?
Тек мени унутпасаң экен.
А агамчы? агам кандай абалда болду экен? мен мынтип алынбаган кектин айынан, ата -энелерибиз кетирген каталыктын айынан, кур намыстын айынан, баласы антип жалгыз, кызы мынтип үңкүрдүн ичинде отурганын кайдан билишмек?... Тиги ким эле, анын эмнеси,кандай аласасы бар эле менде?
Көз алдына ошол түндү эстеп алды. Көз алдына Жарганат элестей коррконунан көздөрүн чылк жума койду.
Үйүмө кетким келди. Агамды сагындым, курбумду, Айдынды өзгөчө сагындым. Ал мени ойлоду болду бекен, унутпа Айдын мен, мен сага албетте барам. Жүрөгүм алып учуп, сени дегенде кандай бактылуу экенимди билсең гана эле.
Ушул ойлордун баарын ары жакта жаткан кыз ойлоп жатса ичинен, Кара Көлөкө бери жагында, баарын угуп турду. Ойлорун окуй алчуу өзгөчө сапат буларда кездешет эмеспи.
Ичинен жүрөгү эзиле түштү.
— Бул сулуунун бактысын тосуп жатканым жок бекен? Эмнеге өзүм билдим жасап жатасын, эмне айла тапкың бар, балким Жарганат кеткендир алыска?
Ушундай ойлорго саамга термеле, кайра коркуп кетет. Өмүрү өзүнүн сүйгөнүнө кылган мамилени башка эч кимге кылбаган жаны, бул кызга эмне мынчалык мээримдүүлүк көрсөтүүдө?
Башында чаташкан ойлор көп. Кыз аркы бетинде, жигит берки бетинде ойлуу отурушту. Балким кызга көңүл бурбай койсо, өзүнөн алыстатат, өзүндөгү ички сезимди жаап салат.
Таң ата адатынча үн сөзсүз эч нерсе дебейт, көңүлү суз жүргөнү жүргөн. Кыз туш тараптан маанайын көтөрөйүн дейт болбойт.
Үчүнкү күн ушундай жүрүшү.
Таң эртелеп ойлуу таштын башында отурган жигиттин далысына тийген кар жигитти узак ойлордон алыстатты.
Бурулуп артын карай берген Кара Көлөкө артында Мирена турганын көрө койду.
Адатынча жылмайып карап алган кыз, жигиттин капалуу жүзүн ачууга бар аракетин жумшап,колунда тоголоктолгон аппак карды жигитке карай уруп алды.
Ыргытылган карды ыкчамдык менен тосуп кармай калган Кара көлөкө карды бир карай, кызды бир карай тиктеп тура берди.
— Дагы! Көңүлүңдү ачмай сайын ура берем.
Кыз адатынча каткырып күлүп алып, дагы бир жолу кар атты. Кыздын күлкүсү ээн тоолорду жаңыртып, укмуштуудай сонун элес калтырып, жигитти бар ойунан алаксытып жиберди. Айлана жандана түшкөндөй, ал тургай күн күлүп жиберген сыяктуу, ызгаар шамал эркелеп, койундан кытыгылайт.
Ары барып кайра кар тоголоктоп жүргөн кызды караган Кара көлөкө акырын колундагы карын кайра өзүнө ыргытты. Катуураак тийип албайын деп алдастап турду. Бирок кыз капа болгон жок. Кайра каткырып күлүп бир-бирине кар ыргытып, кайра качып, чуркап бат эле оюндун кызыгына кирип кетишти.
Аларды таң кала караган тээ тоо эчкилери элейишип, тоонун чокусуна конуп отуруп алган сыяктуу кооз көрүнгөн күндүн желеси, асманда каалгыган булуттар... Айлана тегерек таптаза, жанагы будуң -чаң кылып, сапырылып жаткан шаар жок! Баарын бузуп, жок кылуучу адам баласы жок! Тоонун башын ээлеп жаткан ак кар, андагы тээ ары жагында суукка тоңуп, таштан атырылып жарып чыккан шаркыратма муз болуп көзгө чагылып андан бетер дүйнөнүн, ааламдын, деги койчу жаратылыштын өзүнүн кандай керемет, сулуу экенин көрсөтүп турат.
Чуркап чарчаган Мирена баарын көз салып бийиктен карап отурду. Шаңшып учкан бүркүттү кантейин.
— Мынчалык кооздук өмүрүмдө көргөн эмес элем.
Мирена чыны менен суктанып, табияттын табышмагына бирде тамшанса, бирде таң калып отурду.
Кара Көлөкө үн каткан жок!
— Кандай керемет кооздук эле? Ушундай жерлерди үч уктасам түшкө кирчүү эмес, көрөм деген ой.
Миренанын көздөрү балбылдай, Кара Көлөкөнү жылмайып карап алды.
— Керемет. Мындан ары эмне болот экен ээ?
Азыр эле күлүп отурган кыз заматта терең ойго чөгүп күтүлбөгөн суроо узатты.
— Биз... Эмне болот экенбиз, менин тагдырым, тээ сиздики...
Тээ алыста агам күйүттө отурат сыздап, бир жагында ашыгым, курбуларым. Ал тургай менин өлүмүмдү күткөн ошол Жарганат деген дагы бар... Бул кандай жашоо... Тирүүмүн бирок элде эмесмин.
Кыздын сөзү жигитти да ойго батырды.
— Жүрү кирели эми муздап калдың. Мен от жагамын кирип.
Экөө кайра көпкө ойлоно отуруп бир аздан соң кайра үңкүрдүн ичине кирип кетишти.
Кайра от жагып, адатынча тоо эчкинин этин кызга отко кактап бышырып жатты.Мирена от жагып, ар нерсени сүйлөй отурушту.
Бир аздан соң жатып уйкуга кеткен Миренаны Кара Көлөкөнүн үнү ойготту.
— Мирена ордуңдан турсаң,жүрсөң
Кыз ойгонуп көзүн ушалай жигит үстүнө жапкан желбегейин жамына жигиттин артынан басты.
— Мынааа -сагаааа...
Азыр эле уйкусуроо көздөрү чайыттай ачыла жигиттин артында турган Мирена таң калганын жашыра алган жок.
Асман жылдыздарга толо жайнай, ортосунда аппак болуп ай толуп турган.
Кардын түстөрүнө, муздун жарыгына чагылган айдын жарыгы ааламды кудум эле боёп койгон сыяктуу керемет асмандан түшкөн узун сызык түстөр андан бетер көркүн ачып турду
— Укмуш, ушундай кооздукту чын эле көргөн дагы, көрбөгөн да арманда.
Тоонун чокусунда турган кыз колун сузса асманга жетүүчүдөй жайнаган жылдыздарга карап узака тигилип алды.
Жигит да кыздын жылмайуусунан өзүн бактылуу сезгендей акырын кызга колун сунду.
Кыз бир карап алып, бирок көпкө күттүргөн жок колун жигитке берип, Кара көлөкө кызды колдон ала жетелей ары басты.
Кыздын эки колунан кармай Кара Көлөкө көзүн жума саамга турду. Эмне кылып жатканын түшүнбөсө да кыз дагы бирге көзүн жумду.
Акырын шуулдаган куюн пайда боло, экөө жерден өйдө көтөрүлү, Буту жерден узактап кадимкидей каалгый бийик көтөрүлүп баратты.
Кара көлөкө кызды узакка тигиле карап алды. Үстүнө жапкан желбегейи абага каалгып, ак көйнөгү, өзүнө жарашкан узун чачтары, кызды айлуу түндүн асманында учуп жүргөн периштени элестетип турган.
— Эмне деген сулуулук? Мен акылдан азып баратамбы?
Ичинен ушуларды ойлой, жутуп жиберчүүдөй кыздын алдында андан көз албай, аз болсо да өзүн бактылуу сезип турду.
— Бул нерселер унутулгус, эстен кеткис! Кантип, кантип, мен жомокто жүрөмүнбү?
Кыз ичинен ушуларды ойлой колу көккө жетчүтдөй тептегерек толгон айдын жарыгында өзүнүн сүтттөй аппак жүзү менен көккө тигиле жылмайып карап алды.
Кара көлөкөнүн ичи табышмакка толтура экенине таң калып бүтө албай, кубанычтуу, көздөрү жигитке карай тигилип экөө тиктеше түштү.
Махабат ушул эмеспи. Канча жерден баатыр бол, күчтүү бол а түгүл укмуштуудай коркунучтуу болсоң да, сүйүү сени чөгөлөтүп тизеңди жерге тийгизет. Дал ошол сыяктуу далайдын жүрөгүн титиреткен Кара көлөкө да азыр татынакай, назик бир бийкечтин алдында баарын унутуп, бирде бактылуу болуп, бирде жан дүйнөсү жыргап эс ала түшөт.
Бир аздан кийин кайра экөө жерге түшө кыздын муздап калганы билинип, кайра акырын өз ордуларына жата кетишти.
— Кандай керемет жан. Эмнеге адамдар ушундай жакшынын тагдырын талкалашты экен? эмнеге сүйгөнүн зордук менен тартып алышты. Булар да жашоого акысы бар да. Мен бүгүн бул жигиттин кандай экенин, ички дүйнөсүн окуп билдим, жана мурунку оюмдан кайттым. Ичиндеги бир сезим бир көрө албаган сулуулукту, тазалыкты, аруулукту көрө алган үчүн өз дүйнөсүн мага көрсөтсө керек. Баары үчүн рахмат сизге.
Мирена ойлуу жатып ушуларды ойлой, жылмайуу менен көзүн жумуп, ичинен 'мен бул күндөрлү унутпайм деп алды.
Ары жакта бул ойлордун баарын окуп жаткан жигит да, сырдуу жылмайып алды.
********
Эрте менен эшик тыкылдагандан улам Сирена ача койду. Карап алып көргөн көзүнө ишене бербей туруп калды.
— Сен?
Алдында Айдын турган. Кечееки кылган жоругун эстей уялып кетти кыз.
— Ыйлап болдуңбу?
Андан бетер кызды чычалаткан жигит күлүп алды.
— Эмне мыскылдоо үчүн ошончо жер басып келдиңби? Атам көрсө урушат азыр экөөбүэдү тең.
Кыз уяла башын кашыды.
— Чоп -чоң эле кызсын го.
Бул сөздөр менен Айдын эмне айтууну ойлоду кыз түшүнбөдү. Кечее келип жаткан бойдон эрте менен баарын чечишип алып, атасына таарынычы жок экенин айткан кыз өз жер төлөсүндө адатынча машыгып жаткан.
— Сенден бир нерсе сурайын дегенмин.
Айдын ичкери көздөй кире сөз баштады.
— Эмне экен?
— Мени кантип, кайсыл жерден таап, анан бул жерге алып келдиңер эле.
Мен ошондон бери эч нерсе эсимде жок. Эстей албай жатам. Миренанын да, эмне болгонун, кайда жоголгонун билбейм. Мага эстешке жардам бере аласынбы? Мүмкүн болсо ошол жерге баралы, кырсык болгон жерге.
Айдын колунан келишинчн эстешке аракет кылып жатканын айтып кызга жардам берүүсүн өтүндү. Саамга ойлонгон кыз макулдугун берди.
Атасына болгон чындыгын айтып, курал жарагын жарактанып алды кыз. Муну көргөн Айдын күлүп жиберди.
— Эмне күлөсүн? Мунун эмнеси күлкү?
Кыз таң кала, ары жини менен суроо берип алды.
— Жөн гана. Койдум, койдум койдум.
Айдын кайра ошентип алып, кайра бырс эте күлүп жиберди
— Кызык жигит экенсин бир караганда.
Сирена Айдынды башынан, бутуна дейре сыдырып тиктеп алды да, өзүнчө күбүрөнүп койду.
— Негизи мага да кызык. Мирена -Мирена ушул атты жүз жолуп жөөлүп чыктың, анан кайра дагы мени көрүп жыгылдың. Кийин мени Мирена дедиң, окшош дедиңби ээ.... Кыскасы толтура сөз. Билгим келет барганым жакшы болот сени мн.
Кийинип жатып ушуларды сүйлөп жиберди.
— Ал сага менимче сүйгөн кызың болгон ээ?
Тынчыбаган Сирена адатынча дагы суроо берди.
Айдын дагы эми ойлуу боло түштү.
— Ооба жакшы көргөн кыэым болчу. Бирок мен эч нерсе эстей албай жатам. Экөөбүз бирге окууга барчуубуз, агасына оорукана, ушулар сыяктуу эле нерселер эсимде, калган эч нерсе эстей албайм. Бирок сен ага эки тамчы суудай окшошсун. Бирок сен башка-ал такыр башка жан. Түшүнбөй турганым ошол, кыз изсиз жоголду, сени мн жүргөн кечеде дешти. Бирок мен эсимде жок. Бир, эки жолу бардым бирок пайда чыкпаган соң келдим.
Сирена Айдынды таң калып тиктеп алды да кайра алдыга көздөй кеттик деди.
— Атам менин тагдырым тууралуу айтып берди кечее, мен такыр башка аялдын кызы экенимди. Дагы көп сөздөр, мен билбеген окуялар жашоомдо кыжы-кыйма экен. Кечееги абалым да ошондон ачыгы. Сенин бөрү экениңди да биринчи жолу көрдүм. Жаракат алып жатканыңда атам келип калды. Мен сага барып жардам көрсөтүүгө аракет кылдым. Андан соң сени үйгө алып кеттик.
Кечееги атамдын сөзү жашоомо чооң бурулуш жасады. Өзүмдүн ким экенимди билдим. Ошого да кечее маанайым суз эле.
Ойлуу сүйлөп бараткан кызды Айдын колдон тартты.
— Эгер дагы маанайың бузулса, дагы деле келе бер.
Айдынды караган кыз бир саамга тиктей, жылмайып алды да, алды көздөй басып кетти. Айдын да жылмайып алды.
*************
Көз алдына Жарганаттын элеси тартыла, артынан сая кууган жырткыч Миренаны тынч койбой жатты. Үнү араң чыга ордунан жыла албай, кандайдыр бир нерсени күбүрөп сүйлөй берди. Уйку суроонун арасында.
Акырын басып келген Кара Көлөкө кыздын денеси от болуп жатканын колун кармаганда эле сезе түштү. Ойготууга аракет кылып, ары жактагы кардын эриген суусунан кичинекей чөйчөк идишке куйуп келип кызды ойготту.
— Мирена бул сууну ичип алчы. Жаман түш көрдүң окшойт.
Бирок кыз ордунан тура албайт. Дене табы катуу көтөрүлүп, кыйналгандан кыйналып баратты. Эмне кылаар айласын билбеген жигит ар кандай жылуулап ороп', колунан келгенин кылып жатты бирок болбойт.
Эртеси күнү да ордунан тура алган жок кыз. Акырындан соолуп өзүн жоготуп баратты.
Эмне кылаар айласын билбеген Кара Көлөкө ары күйпөлөктөдү, бери күйпөлөктөдү болгон жок. Кызды колунан бекем кысып, ойлуу көпкө отурду. Мындай кетиште кыз өзүн билбей өлүп калуусу да турган кеп. Мирена күндөн күнгө соолуп баратты.
Айласы кеткенде бир чечим кабылдай ордунан шап турган Кара көлөкө кызды үйүнө алып барууну чечти. Адам баспас зоо таштын арасында турганын эч ким билбейт. Ким келип жардам көрсөтмөк эле.
— Башка аргам жок деди ичинен. Кымындай жамандык каалабайт кызга.
Кийимдерин араң кийгизип үстүнө желбегей жамынгычын жаап, дароо даяр болду да кызды так көтөрө тоонун башына чыкты.
Куулдаган шамал ышкырып, ага кошо келген,кардын ызгаары койун котугуңдун баарын ачып кытыгылайт.
Бир саамга төмөндү тиктеген Кара көлөкө чачтары жер чийилип жазылган кызды бир карай керилген чоң кара канаттарын бир жайып алды да, ошол канаттары менен кызды арачалай кучактаган тейде тээ төмөн карай учуп баратты.
Аргасыз Кара көлөкөнү карай, мойнунан бекем кучактаган кыз саамга өзүн жоготту.
Убакыт канча өттү ким билет, бул убакта таң атаарына аз калган. Түндүн кучагы жайылып тарап бараткан убакта, Миренанын үйүнүн эшиги тынымсыз катуу такылдады.
— Азыр баратам.
Агасынын буту басып, кыйла балдаксыз, таяксыз жүрүп калган. Ал тургай таң атпай туруп, өз көнүгүүлөрүн жасап жаткан.
Эшикти ача салган аганын жүрөгү оозуна кептелди.
Үстүндө жылуу тоо эчкинин кийимдери жамынган желбегейин үстүнө жабылган өзүн билбеген кыз эшик алдында эч нерседен бей капар жаткан.
Көргөн көзүнө ишенбеген ага эси оой тили сөзгө араң келди.
— МммМирена?!
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Ийгилик каалайм авторго жана админге