Студенттердин бири айтат: "Устаттардын бири (Алла ырайым кылсын) телефондон ким бирөө менен сүйлөшүп жатты. Тиги тараптагы адам шайыкка кандайдыр бир ылайыксыз сөз айтып, беймаза кылганы жүзүнөн билинип турду. Шайык сүйлөшүүсүн аяктап, телефондун туткасын илгенден кийин, бизге Ал-Мунтаби аттуу адамдын эки сабын айтып берди:
"Адам иши бузулса, жүрөктөн шек сызылат,
Ой-пикири өзгөрүп, тетир жакка бурулат".
Менимче, шайык тиги адамдын күмөн саноосун жана адепсиздигин байкаган окшойт.
Чындыгында, бул эки сап ыр даанышмандык менен айтылган. Эгер адамдын иш-аракети бузулса, анын башкаларга болгон ой-пикири да бузулат. Түз жолдогу адам башкаларды да өзүндөй ойлойт. Жакшы иштерди жасаган башкаларга да жакшылык каалайт.
Жакшы адамдардан шек санаба. Иш-амалың жакшырса, ниетиң жакшырат; адамдарга болгон ой-пикириң да өзгөрөт. Жакшы адамдар башкалар тууралуу дайыма жакшы ойдо болот. Мындай адамдар көбүнчө ката-кемчиликтерди көңүл сыртынан кетирет. Ал эми арам ойлуулар кечиримди билишпейт; бирөөнүн катасына көз жумуп койбойт.
Пейилиңди кеңейт - абалың жеңилдейт. Элдин баары сени карап турат деп ойлобо. Алардын экөөбүздөн башка да алагды болчу иши толтура. Эгер алардын курсагы ачса, экөөбүздүн өлүмүбүз да ордунан козгой албайт.
Аллага тобокел кыл, иштин акыбетин Аллага тапшыр, андан-мындан шек санай бербе. Бирөөнүн жакшы жагын көргөндү үйрөн. Жаман жагын, ката-кемчилигин көңүл сыртынан кетир. Абу Тамамдын: "Аңкоо элдин мырзасы болбойт, бирок, элде аңкоо чалыш адам болуусу мүмкүн" - деген сөзүн эстей жүр.
*Бакыттын сырын ачтым китебинен*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1