Караңгы токой арасында, тээ жалгыз үйдүн жарыгынан түшүп турган үй ээсинин караанын Кара көлөкө алыстан байкап турду. Тынчы кетип, кызды ойлой, же артка кете албай, же барып көрүнө албай кыжалат болду.
Миренанын агасы карындашын колуна так көтөрө, үйдүн ичине кирип кетти.
— Карындашым, карындашым. Мирена. Чын эле бул сенсинби, сенби???
Көзүнөн жашы салаалай жылуу жуурканга жаткырып, жанына бүк түшө тизелей, карындашынын муздап калган колдорун бекем кармап, үйлөп алды.
Шаша -буша курбу кызга коңгуроо чалып үйгө чакырып, себебин келгенде айтаарын айтты. Бул кезде таң атып калган болчу.
Үйгө жете келген курбу кыз Миренаны көрө, жүрөгү кабынан суурулуп кетүүчүдөй кубанып, ал тургай ыйлап да жатты.
Ананчы, канча убакыт өттү. Жакын курбусунун ошончо убактан кийин эч нерсе болбой, аман -эсен табылуусу бакыт эмей эмне?...
— Азыр абалы начар бирок, мен дарыгер чакыра албайм. Акыркы окуяларды көрдүң го эмне болгонун, ошого дарыгер чакыра албайм.
Агасы кайта келүүчү коркунучтан коркуп турган. Ошол себептен да, өзү дарылап, өзү кароону чечти.
— Эч ким бул тууралу билбесин. Айрыкча Айдын дагы. Биздин жашообузга эч кимдин кереги жок.
Агасы курбу кызды карай кесе айтты.
Макул дей башын ийкеген кыз башка үн каткан жок. Экөө Миренаны дарылап, көзүн ачуусун күтүп, кечке жанында отурушту.
*******
— Дагы эмнелерди эстеп жатасын ал кызга байланычтуу?
Жанантан ойлуу бараткан жигитти ойдон алыстатайын дедиби, айтор Сирена Айдынга суроо берип, сөзгө тартты.
— Мен... Көп нерсе эсимде жок.
Айдын башын кашылай өзүнө өзү түшүнбөй ушундай деп алды.
— Мына бул жерлерде эл чогулуп, биз бул жерде жүрдүк, тагыраагы мен. Сени мен кийин ушул жерден таптым. Алың жок, жарадар, ак бөрү эле...
Сирена көз алдына ошол күнкү окуяларды эстей кетти.
Ойлуу Айдын айлананын баарын тегерете карап, кайра ары жактагы орундукка отура кетти.
— Эмнеге? Кантип?... Эмнеге эч нерсе эсинде жок? Мирена кайда, арадан ушунча убакыт өттү тирүү калышына ишеним, үмүт аз.
Ичинен ушуларды ойлой кетти Айдын. Маанайы суз отурган жигиттин жанына Сирена да отура кетти.
— Кайгырба, баары жакшы болот. Убакыт өтүшү менен баары акырындап өз ордуна түшөт.
Экөө үнсүз отурушту. Ортону саамга жым жырттык каптай түштү.
— Мына... Мына таптым... Канча издедим?...
Айдындын кулагына кадимкидей ушул үндөр жаңыра түштү. Бул үн өз башында болуп жатканын, же сырттан угулганы белгисиз.
Эркек адамдын үнү. Көзү тунара түшүп, кандайдыр оор күч ичинен өзүн кысып жатканын сезди.Чала була көз алдына тырмактары узун ошол кара шляпачан Жарганаттын элеси тартыла түштү. Өзүн-өзү түшүнбөй эмне болуп жатканын билбей турду.
— Ээй. Эй сага эмне болуп жатат?
Далысынан кармай жулкулдаткан кыздын үнүнөн улам өзүнө келе түштү.
— Ме бул сууну ичип ал. Эмне эстедиңби?
Кыз шашкалактап кызыга суроо берип алды.
— Бир эркек адамдын элесин көрдүм. Тааныбайм, мурда көрбөгөм. Балким Миренаны алып кеткен ошол чыгаар???
Жигит ойлуу бир жерди тиктей отура калды.
— Балким! Бирок бизге кол салгандар ушундай жаман эле, түшкө кирчүүдөй нерселер болду. Ошончо убактан бери жок кыз. Мен ойлойм... Ары эмне дешин айткысы келбей туруп калды.
— Жүрү дагы бир аз басабыз.
— Ушундай менен кийин биз сени алып кеттик үйгө. Сен жалгыз жаткан элең. Жаныңда кыз жок эле. Ээхх сага сабыр тилейм.
Кыз оор үшкүрүнүп алды да, Айдынды бир карай алды көздөй басып кетти.
**********
Экөөнү узата караган аял Сиренаны башкача, мээримдүү көздөрү менен узакка тигилип карап турду да, башына артында жамынчуу желбегейинин жамына, башына баш кийимин баса кийип эл аралай кирип кетти.
Ич -ичинен эзилип, Сиренаны көргөнүнө кубанып алды. Мойнундагы кыздын таккан жалгыз тумарын көрө тээ өткөн ошондогу окуяны кайра эстеди.
Жалт эте көзүн ачкан Жамал өзүнө эмне болуп жатканын түшүнбөй турган. Айыл ичи көк түтүн басып, түн ортосунда бир улуган ит калбай, элдин көбү кырылып, жансыз дене жерде жайнап турду.
Чачтары сапсайып, мойну башы, этек -жеңи баары кан болгон Жамал эч нерсени түшүнбөй, айыл ичине эмне болгонун билбей, жанагы ооруган жаны да жок. Баары тып-тынч. Бир билгени ушунчалык эңсегени кан болуп турду. Колдору эркинен тыш, өэүнөн өэү кубарып, жүзү бетинин баары купкуу боло каны жоктой.
Селейе бир ордунда каткан Жамалдан башка тирүү жан көрүнбөйт.
Ичиндеги кызыган канга болгон калоо күчөп, өлгөн адамдардын тамган кан көзүнө таттудай көрүнүп, чыдай албай бирөөсүнүн мойнуна жармаша, андан аккан канды кулкулдата жутуп жатты.
Качан гана моокуму канганда, узун тырмактары менен жансыз денени бошото жерге сулк эте таштап жиберди да, ачуулуу айкырык салып жиберди. Ылдымдыгы, күчтүүлүгү ушунчалык тездик менен бир канча чакырым жерден чыккан шыбырт үндөрдү, ал тургай адамдын оюн окуучу касиетке ээ болду.
Жаман үйүнө кирип, жана гана төрөп алган наристелерин эстеди. Кантсе да эне да. Жүрөгү негедир жумшай түштү. Ээк, жүзүнүн баарын кызыл жаян канга боёлгон өэүн күэгүдөн карап алды. Башка жакка кетүүнү көздөп турду. Оюнда Жарганаттын өлгөнү да тирүүсү да билинбейт. Бирок бул азырча гана. Эртең чыкса дале ошол. Эми эки кызы үчүн өмүр сүрүшү керек. Кайда алып кетишти? Кантип чоңойот. Бирок ага дейре өзүн -өэү иреетке келтирүүсү зарыл.
Өэүн канча тыйган менен, анда -санда бир-эки жолу адам баласына тап берип, бирок өлүмгө жеткирбей өзүн тыйып жатты. Ансыз да бөрүлөр бул убакта баарынан үстөмдүк кылып жаткан. Ошон үчүн да кетүүсү, анан да,өзүн кандайдыр башка жолдор менен канга болгон кумарын азайтуусу керектигин ойлоп турду.
Эч кимге көрүнбөй токой арасында тээ алыстарда жашады. Ал жактан адамдын эмес, жаныбардын канына өзүн көндүрдү. Адамдарга тап бербөөгө үйрөндү. Өзүн дал ушундай көрсө эки кызы эси ооп кулайт го... Жашоо ушулар үчүн. Экөөнү эки ааламга бөлүп кетишкен эмеспи. Биринчи курбусун иэдеп тапты. Бирок өзүн көрсөткөн жок. Тек гана тээ алыстан там -туң баскан Миренаны карай көп отурат да, кайра кетүүчү убак болгондо акырын оюнда кызы менен коштошо жөнөп кетет.
Бирок Сиренди табуу оңойго турган жок.
Сиренди далай издеди. Мергенчи жаш жигит кызды жашыруунун жолдорун билген экен, эч кимге көрсөткөн жок. Жан адамга билдирбей, чоңойтту.
Издебеген жери калбай, акыры кошуна айылдан издеп тапты. Жарганаттын тирүү экенин эбак эле билген эле. Эне жүрөгү баары бир сезип, алыстан узатып далай карап жүрдү Сиренаны. Жаш жигит менен кубана бийлей, оюн -зоокко аралашып жүргөн кызын көрүп ичинен далай ирет элжирей түшкөн.
— Бойго жетип, тентек, шок кыз болуптур деп ойлогон ичинен.
Ушундай сонун күндөрүн бузгусу келбей, тирүү, аман -соо экендерине кубана кайра жолун улоочу.
Өзү жасап көнгөн дарылары өзүн кандан тыйылуусуна кадимкидей жардам берет. Адам баласындай эле аларга аралашып жашай берүүсүнө да дал ошол дарылар себеп. Өзүнүн касиети аркылуу кыздарынын түшүнө кире алат, алардан узакта болсо да, үн чыгарып ойгото алат'же бир жамандыктан кабар бере алат.
Дал ошол Жарганат кол салаарда да, Сиренанын колдорун кармай, сактан деп айтып кеткен да, дал ушул Жамал болгон. Жалгыз токойго барып, Сирена ыйлап отурган кезде да алыстан тиктеп, жүрөгү тилинген. Миренаны Кара Көлөкө көз салып жүргөнүн да байкап билген. Бирок кызына коркунучу жок экенин, айрыкча ошол күнү алып кеткенин да билген.
Өзү тууралуу айтып, жашоолоруна кирип барууну деле каалабайт. Миренанын агасы бар, Сирендин болсо ата -энеси баары бар. Өзүнүн ашыкча экенин сезет. Жамал үчүн бир гана нерсе, ал кыздарынын аман болуусу үчүн баарын жасашы.
******
— Мирена... Көзүңдү ача гой! Сен күчтүүсүн, ордуңдан тур, өзүңө кел! Сен күчтүүсүн.
Алыстан угулган үн бир гана Миренага жаңыра, акырын соккон жел кыздын жүзүн сылай ойготту.
Көзүн ачкан Мирена өзүнө тааныш бөлмөдө жатканын көрө, таң калып, айлана тегеректи тиктеп алды.
— Ага...
Кыздын араңдан чыккан үнүнө селт эте түшкөн ага,жанатан үңкүйүп отурган абалынан,башын көтөрө койду.
— Ага... Суу...
— Мирена,жарыгым,алтын карындашым менин...
Калдастай түшкөн бир боору жүгүрүп суу алып келип, оозуна кашыктап ичирип жатты.
— Жакшысынбы, кай жериң ооруп жатат?
Агасы карындашын кучактай, эми чындап тирүүлүгүнө ишенгендей, кучактап, боздоп жаш баладай өксүп жатты.
— Сени жоготтум деп канча коркконумду билесинби?... Канча издегенимди... Кудай шүгүр тирүү экенсин. Рахмат сага Кудай.
Карындашын кучактай, чачынан жыттап ала, Кудайга ырахматын айтып сүйлөй да, ыйлай да берди.
Агасына кошо боздоп алган кыз да канчалык сагынганын айтып жеткире албай, ушул күндөрүнө ичинен ыраазы болуп турду.
— Азыр оорубай калдыңбы? Жакшыбы, кай жериң ооруп жатат?
Бир боору чебелектей карындашын чачтарынан сылап ала, көздөрүнө тигилди.
— Жакшымын ага, сизди көрдүм кыйла жакшымын. Өзүңүзчү? Сиз жакшысызбы?
Экөө ушундай сүйлөшүп отуруп, агасы балдакты ыргытып басып жүргөнүн кубанып карап алды кыз. Ушул эле жетпей жаткан сыяктуу, дароо алаксып, баарын бир саамга ооруну унута койду.
— Эч кимге айта албадым, дарыгер чакыра албадык. Анткени...
Кыз себебинин баарын түшүнүп турду.
Курбусун, калгандарын, баарын сурап келе акяры кезек Айдынга келди.
— Айдынчы... Айдын жакшыбы? Ден соолугу кантти?
Көздөрү жайнай түшкөн кыз Айдын тууралуу сурап алып, кайра агасынан бир аз тартына түштү. Башын жерге салган агасы...
— Айдын кеткен! Бул жерлерден алыс кеткен. Ал сени издеди, көпк ө издеди, андан соң, өз үй бүлөсү менен бирге алыска көчүп кетишти.
Агасы араң отуруп, ушуларды сүйлөп алды.
Кыз үмүтү үзүлө шалдайып отура кетти. Кантип эле деген ой келди эсине. Кантип эле? Мени күткөн жокпу?
Ойлуу отуруп калган карындашын алаксытуу максатында, агасы ар кайсыл нерселерди сүйлөп берип отурду.
Кеч- кирип, агасы карындашына дары берип, бөлмөсүнө жаткыра өзү өз бөлмөсүнө чыгып кетти.
Уктай албай ары түйшөлүп, бери түйшөлүп, ойлуу жата берди кыз.
— Мени эстеп кыйналган чыгаар??? Деп ойлоп алды ичинен. Балким менин тирүү экенимен күмөн санап, көчүп кеткендир башка жактарга... Эгер менин тирүү экенимди билсе, кандай абалда болот?
Кара Көлөкө кайда калды экен?
Акыркы Кара көлөкө менен болуп өткөн кооз
окуяларды эсине түшүрө жылмайып алды.
Ошол замат ойлуу жаткан кыздын терезесине барып конгон кара карга карк эте үн чагырып алды.
Үндү уга дароо терезеге жете келди кыэ. Бул кимдин каргасы экенин жазбай билип турду.
Ары жактан өзүнөн көз албай тиктеп турган Кара Көлөкөнү көрө койду. Ал эч нерседен! Кам санаба, мен жаныңдамын деген сыяктуу жылуу карап турган кызды. Кыз дагы айнектин аркы бурчундагы карганы карай мээримдүү карап алды.
Уйкуса келбей таң атырды кыз. Терезенин жанында Кара Көлөкөнү тиктей көп нерселерди ойлонуп отура берди кыз.
Жерге таң супасы чачылып баштаган убакта Кара Көлөкө акырын ордунан жылып кайдадыр жоголду.
Эшикти ачып, таза аба жутуу максатында чыккан кыз эшик алдында отургучта жаткан кыпкызыл роза гүлүнүн бир сабы жатканын көрүп, жылмайуу менен колуна гүлдү алып жыттап алды да, таза абадан кере-кере дем алып үйүнө кирип кетти.
Арадан убакыттар өтө берди. Мирена кыйла өзүн жакшы сезип, кыйла абал жакшыланды. Кара Көлөкө болсо жанагы адатынча өз кегин унутуп кыздын үйүн күнэө кароо менен убакыт өткөзөт. Өзүнүн эски ураган чиркөөсүнүн ичинде мурункудай кол астындагыларга да айта, себепсиз адам баласына кол салбоого чакырып, эгер кимдир бирөө, адам баласына зыян жеткирсе аны жазалаарын айтып өттү. Жанагы өз алдынча адамдары эми чындап акылга келишип, башчысынын үнүн кыңк дебей угушту.
Жарганат кайдадыр жоголуп, айыл ичи тынчый эле түшкөн. Айдын өзү менен өзү барган сайын Сиренага жакын тартып, жүрөгүндөгү боштукту ушул кыз толтура алаардай болуп өткөн окуянын баарын унутуп, акырын Сирена тарапка жылуу мамиле, көз караш пайда боло баштады.
Сирена да дал ушундай экөө көпкө убакыт өткөзүшөт, экөө тамашалап, экөө ойноп, экөө бирге жүрүп, баары өз ордуна түшүп калгандай.
Айдын башка, алыс тараптарга кеттим дегени үчүн, курбу кыз да, Мирена да баары кеткен деген жалгыз ой калган эле.
Күндөр өтө берди шаар, ичи, айыл ичи кыйла тынчый, эми Мирена кеңири коркунуч жок сыртка чыга баштады.
Курбусу экөө шаарга түшүшкөн. Эл аралай баратып Мирена өзүнө тааныш караанды көрө койду.
Ордунда тык токтоп, чын элеби деген ойго жетелене түштү.
— Айдын го. Айдын.
Күн кечтеп калган. Айдын ооба Сирена тарапты көздөй, колуна белегин алып кубана, шашып бараткан. Курбу кыздын ушул жерден токтой тура -тур деген сөзү кулагынын сыртынан кетип, шашыла жигитке карай жөнөп кете берди. Ары жагында артын салып турган кызга көзү түшкөн жигит кубана барып, колунан жетелей ары кетти.
—Күтүп калдыңбы сулуум?
Кыз дагы жылмайа Айдынга жооп берди.
—Эч нерсе эмес.
Сиренаны колдон жетелей кетип бараткан Айдын азыр эле баарын Мирена көрүп турганын байкаган жок.
Экөө үй тарапты көздөй бараткан.
*******
Күүгүм : чачылган үй ичи. Бир убакта катуу тийген соккудан улам, күп этип ордунан бир кыйла алыс учуп барып кулаган ата. Оозу башы кан жайыла, үйдүн полу кызы канга боёло түшкөн. Акырын басып келген Жарганат.
— Ошол жигит! Убакыттын өткөнүн карасаңчы, кырчындай жаш убак өтүп, эми мынтип карыганда, кайра экөөбүздүн жолугуубуз.
Акырын басып келе араң жан жаткан кишини карап ала сүйлөй берди.
— Сирена азыр келсе, атасын көрсө, кай абалда калаар экен байууш кыз ээ? Кандай дейсин?
— Кыз меники. Сенин тийешең жок! Мени кааласаң өлтүр, бирок ага тийбе.
Үнү кырылдап, араң жан жаткан киши, ордунан турууга аракет кылып жатты.
— Чщщ... Мен үндү угуп жатам, алар өтө жакын. Өтө жакын калышты.
Акырын сөөмөйүн учун оозуна кезей жылмайып күлүп алды.
— Бүгүнкү күндөр үчүн сага рахмат. Аябай соонун күн болду.
Кыз үйүнө аз калган учурда Айдын менен берирээк жактан коштошуп, кирип кетеер эле.
— Сага жакса болду да. Сенин көңүлүң муңайбаш үчүн, баарын жасаймын.
Айдын Сиренанын чачтарын сылай, көзүнө тигиле карады.
— Эми үйгө кир. Мен сага коңгуроо кылам ээ анан???
Айдын бурула бергенде колунан кармай токтотуп, кыз акырын жигиттин оозунан өөп алды.
Айдын да кыздын оозунан өөп ала бергенде, артынан чыккан кыздын үнү экөөгү тең селт эте чоочутту.
— Айдын?...
Миренанын көздөрү жашка толо түшүп, азыр эле көргөн көзүнө ишенбей турган.
— Айдын.... Сен?....
Башка сөз оозуна келген жок, тили байланбай, тек гана көзүнүн жашы салаалай жүзү ылдый агып түшө берди.
Көргөн көзүнө ишенбей Айдын эч непсени түшүнбөй, ордунда катты.
— Кантип эле, жанындагы жетелеген сулуусу өзү менен эки тамчы суудай окшош кыз алдында турганы же түшү же өңү экенин биле албай алдастай түштү.
— Мм.. Ммирена?
Таң калган Айдын эки кыздын тиктешип турганын көрө, эч ким, эч нерсе түшүнбөй, ортону саамга жымжырттык ээлеп алган.
Дал ушул маалда үйдүн терезеси күбүлүп түшө ичинен атасы тээ алыска күп дей кулады.
— Атаке....
Сирена атасына жетип барып, башын жерлен көтөрө койду. Араң жан атасы оозун араң кыбыратты.
— Бул жерден кач! Кач бул жерден.
Ага койгон жок артынан эле бийиктен кадимки эле мышыктай секирип түшкөн Жарганат пайда боло'эки кызды эси оой тиктеп алды.
—Аааа... Демееек? Эгиз белеңер?...
Жарганаттын сөэү эч кимге түшүнүксүэ болуп, Мирена азыр Жарганаттан да эмес, Айдындан ушунчалык ачуулуу болуп турду.
— Эх Жамал-Жамал.
Ара карай бери карай басып ар нерсени сүйлөй берди Жарганат.
— Ата-атаке, ата өзүңүзгө келиң. Суранам. Айдын жардам бер.
Эмне кылаарын билбей чырылдаган кыз,Миренаны карап эмне кылаарын билбей турган Айдынга кайрылды. Айдын Сиренага жете келди.
Жалгыз калган Миренаны эч ким ойлоп койгон жок!
Ага карай жакындай келген Жарганат кыздын көэүнө тигилди.
— Мирена, Сирена.
Артты көздөй кетенчиктей берген кызды көрө койгон Айдын дароо жырткыч бөрүгө айлана, эми чындап, Жарганатка тап берүүчүдөй кыздын алдын тороду.
— Чщщ токто. Сен эмне болгонун билбейсин го, эсиңде жок баары. Мына эсте.
Жарганат жанында турган бөрүгө бир карай, сөөмөүнүн учун шилтеп койду. Ошол замат, башы каттуу ооруп чыккан Айдын оорусуна чыдабай, алы жок, ырылдап жерге сулай түштү да, адам кейпине келе, тек башын кучактай, болуп өткөн окуялардын баарын эсине түшүрүп жатты.
Ошондогу ооруган жаны'жаракаты кайрадан жаңылангандай ачуу оорутуп, кыздын кайда жоголгону, ашык болгон экөөнүн көздөрү, сөздөрү кулагына жаңыра берди. Баары тасма сымал көз алдына элестеп жатты.
Өзүн карай келе жаткан Жарганаттан көзүн албаган кыз артка карай кетенчиктей басты.
— Кимсин? Мен сени тааныбайм!
Корккон үнү дирилдей араң чыкты
— Кандай окшоштук, эмне деген окшоштук бул?
Жарганат өзү менен өзү сүйлөшө жыртайып күлүп, узун тырмактуу колдорун кыздын жүзүнө алып барып, акырын сылап алды.
— Издегенимди таптым. Не деген аруулук, тазалык?
Кызга дагы жакын келген Жарганат менен Миренанын ортосуна кара куюн пайда болуп, аны мене кошо Кара Көлөкө чыкты.
Кыз эми өчкөн үмүтү кайра жандана түшүп, дароо Кара көлөкөнүн артына бекинди.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12